Өлүк узатуунун зыйнаты

Википедия дан

Өлүк узатуунун зыйнаты – бул жалган дүйнө менен кош айтышып каза тапкан адамды кастарлап узатуу, тирүүлөрдүн вазийпасы. Адам каза болгондо, жай жерине жылаңачтап коюу. “Майрам сууга” алуу.Боз үй тигүү. Адам жан берген күнү “конокторго” кой союу. Ал ошол биринчи күнү келгендерге жана кызмат кылгандарга тартылат. Өлүктүу коюу расимине даярдыктар көрүү.Анын “кара ашы” делип, жылкы, бодо союлган. Жыртыш айрылып таратылат, аны алгандар маркумга Куран атап окуп, керегине пайдаланышат. Маркумду жууп – тароо, кепиндөө, жайга берүү, жай казуу ж.б. салт – санаалар кыргыздарда толугу менен ислам дининин эрежелеринин негизинде жасалат. Андан кийин маркумдун аласа – бересеси жана кандай киши экендиги тууралуу жакындары жаназа окуур алдында элден сурашат. Кыргыздын салты боюнча өлгөн адамды жамандабайт. Маркум көмүлүп бүтөт. Кырк кадамдан кийин кайрылып Куран окулат.
Кара ашы тартылып, кайра куран окулгандан кийин өлүк кармагандарга ылайыгына жараша маркумдун кийим – кечектери таратылат. Кырк күндөн кийин кыркы, жыл айлангандан кийин ашы берилет.
Маалымат булагы:Шоокум журналы.№8.(37) август,2009-жыл.