Өмүрбаева Нуриза

Википедия дан
Өмүрбаева Нуриза Батырбековна
Туулган датасы:

19 -сентябрь 1985(1985-09-19) (38 жаш)

Туулган жери:

Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Кызыл-Туу айылы

Жарандыгы:

 Кыргызстан

Ишмердүүлүгү:

Акын, жазуучу

Чыгармачылык жылдары:

2003-жылдардан

Жанр:

Поэзия, проза

Сыйлыктары:

Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты

Өмүрбаева Нуриза – акын, жазуучу. Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты. Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нуриза Өмүрбаева - Токтогул районунун, Кызыл-Туу айылында, 1985-жылдын 19-сентябрында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын улуусу.

2003-жылы Мүлкүбат атындагы орто мектебин, 2008-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Кыргыз филология факультетин, 2017-жылы Москвадагы Максим Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылы «Айыл ажары» гезитинде кабарчы;

2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттик архив агенттигинин жетектөөчү адиси;

2010-2014-жылдары ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында кабарчы ;

Чыгармачылыгы                                                                              [түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын бир катар чыгармалары мезгилдүү басма сөз беттеринде, айрымдары "Саамалык", "Алманын мөмөлөрү", "Много языков один мир", “Жаштар поэзиясынын антологиясы”, Түрк тилинде “Кыргыз поэзия антологиясы”, Азербайжан тилинде “Кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы”, Орто Азия акындарынын Немец тилинде "Зымырык " (SIMURGH) жыйнактарында жарыяланып келет. 2008-жылы Ч.Айтматов атындагы эл аралык фонду тарабынан уюштурулган «Дебют – 2008» жайкы мектебинин проза жанрынын жеңүүчүсү.

2009-жылы «Много языков один мир» конкурсунан поэзия жанры боюнча 3-орунду алган.

2010-жылдан Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

2023-жылы Чыныбай Турсунбеков атындагы адабий сыйлыктын лауреаты.


Ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир тоголок кар

Кайтар кезде, сабак бүтүп мектептен,

карды кармап турар элең камынып.

Өтөр элем, мен жаныңдан шашыла,

жука жааган жаңы карга чалынып.


Кирер маалда, коргонумдун ичине,

уруп ийсең бир тоголок кар менен.

Оттон кошуп тоголоктоп койгондой,

оорубастан ысый түшчү бар денем.


Эстебейсиӊ азыр мени сагынып,

ээрип кеткен карга окшотуп унуттуң.

Бир тоголок кар деп жүрсөм жаңылып,

бир тоголок сүйүү менен урупсуң.

"Ай менен сырдашуу" китебинен.


Түнкү жаз

Жаратчудай бир шедевр бул түндө,

жалгыз адам мен бул үйдө жата элек.

Сирень ачкан терезенин түбүндө,

сиңдим уктайт сүйүү даамын тата элек.


Кечегиден неге бүгүн күлкүм аз?

керек беле ыйлап сыздап айтышым.

Сирень, сиңдим, мемиреген түнкү жаз,

силер туйбас жүрөгүмдүн кайгысын.


Бул ырыма уккулуктуу сөз таппай,

бузгансыймын түнкү жаздын уйкусун.

Ыр жазылбай калган актай баракка,

тартып койдум бир жигиттин тулкусун.


Сирень ачкан терезенин түбүндө

синдим уктайт сүйүү даамын тата элек.

"Ай менен сырдашуу" китебинен.


***

Сен, досум, абалымды сурабагын,

кайгымды көтөрө албай урап турам.

Бүтүндөй жалган окшойт бул ааламың,

бүдөмүк үмүттөрдү кураттырган.


Турмуштун тар жолунда тая көрбө,

сенин да болжоп чыккан жолуң узун.

Үнүң да мукам эле, андан көрө,

ырдачы коштоосунда комузуңдун .


Жомоктой сезим мени сындап өттү,

жол менен тагдырыма чийилбеген.

Күү чыгат жүрөгүмдөн, тыңдап көрчү,

комуздун кылдарындай дирилдеген.


Жүгүнбөс кекчил эле, жанганыбы?

Жүрөгү анын дагы сыздап кетти.

Сурабай ойлуу тартып калганымды,

суранам, сүйүү ырын ырдап берчи.


Сен менин жаратыма даба болоор,

сезимди, махабатты ырдап берчи.

"Ай менен сырдашуу" китебинен.

Мекенге

Журт кыйырын коргой албас коркоктор,

калкына хан, элге эге болушту.

Апа аскан казан кулап очоктон,

Ата журтум, асманыңда ок учту.


Сени тынбай мээнет чалып, ой чалып,

Койнуң кооптуу, өңүң жүдөө, комсоорок...

...Жылда жылан жылып келип, кол салып,

кушсуз, кутсуз, уяларың томсорот.


Бейпилдигиң, бейпил күнүң, бүлүнүп...

Өрүкзарым өрткө, күлгө айландың.

Өмүр чиркин күлгүнүндө күбүлүп,

ок мээленген бута болду кайран күн.


Эр жигиттер өлүм сүрүн билбеген,

коргоп турду наристенин куурчагын.

...Сөзү бөлөк, иши бөлөк бий-бектер,

Сөздө гана Эр Манастын урпагы!


Өздөн чыккан душман болду хандарың,

өрт ичинен нан издеткен калкына.

Өмүр өңүн тааный элек балдардын,

көзүн көрөм Мекенинен жалкыган.


...Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң,

кайран элим канат, калкан күтө элек.

Жарып өткөн жүрөгүңдүн толтосун,

жаратың көп... Кайсыл бири бүтөлөт?.


Мекен ыйы ай ааламда үңүлдөп,

Кулагына жетпей койду Теңирдин.

Адам уулу Мекенинин кулу - дейт.

А биз сени кулга айланттык кечиргин!


Ай көрүнбөй, асманыңда ый түнөп,

арман ырын ырдап турдук эчен күн.

Арсыз, арзан, жарыктары үлбүрөйт,

жылдыздары кайда кетти Мекендин?


...Ата журтум, өмүрүмдүн соңунда,

сага барып бүтөт бардык жолдорум.

Кечир мени, багыты жок жолуңда

жарык дагы, жылдыз дагы болбодум.


Кечир бизди, багыты жок жолуңа

жарык дагы, жылдыз дагы болбодук.

"Бейтааныш бекет" китебинен


***

Жай узады. Шамал уруп, жаан тийип,

жалбырагын төгүп бүттү дарактар.

Чоочун мага өз өмүрүм баш ийип,

Чоочун жолдун жетегинде бараткан.


Күз да келди. Күүгүм термеп жаш Айды.

Да бир жылдын учун кармап турамын.

Учпай калган жүрөк узак жашайбы?..

Кайкып учкан канаттуудан сурадым.


Куштар мага жооп узатып ыраактан,

өз тилинде үн салгандай болушту.

Куштун тилин, куштун жолун бирок да,

жылдар мага унуткарып коюшту.


Кээде гана буюктурат бир санаа,

ушул аалам жаралгансып кусадан.

Канаттуулар жер которуп учсаңар,

коштоп учпай улутунуп узатам.


Күндү беттеп, күздү таштап бараарың,

жаздыр жашыл жака-бели кештелүү.

Мекен кылган бир сүйүүнүн караанын,

менин эрким, мейкиндигим чектелүү.


Жетээр жерге жетип эсен. Күн кармап,

кайтсаң экен адаштырбай ай-жылды.

Мен да алысты көксөп учуп ызгаарда,

узак жолдо канаттарым кайрылды.


Узадыңар көккө сиңип күүгүмдөп.

Бир күүгүмдө мен да алыска кетти элем.

Кайра кайтып келээриңди ким билет?..

Канаттуунун Мекени жок дешти эле.


Кайра кайтып келээриңди ким билет?..

Канаттуунун Мекени жок дешчү эле.

"Бейтааныш бекет" китебинен


Кетердеги ыр

Калаа калат, топурагы  жат мага,

ушул  жаттык көңүлүмдү карытты.

Кемелери каяккадыр  каттаган,

деңиз калат, калат сепил байыркы.


Көчөлөрү деңиз  жээктеп башталып,

кар көрбөгөн тоого барып токтогон.

Эски калаа, экөөбүз тең чарчадык,

жылуусу жок  жылтылдаган оттордон.


Буулугат кеч, булут кечкен жол күтөт...

Жолдун учу жокту издеткен санаабы?

...Шагын ийип, мөмөлөрү мөлтүрөп,

бакчалары калат ушул калаанын.


Бир бакчада мен өстүргөн гүл калат,

кичинекей бейит башын көркөмдөп.

Көз мончоктой көзүн эстейм... Эстелбей,

көңүлүмдө, жүрөгүмдө өлгөн көп.


Кошкун эми,  (конушумдай)  бөтөн жер,

ырыңды ырдап, муңуң бирге муңдадым...

Кетпе дешет деңиз, толкун,  көчөлөр,

кежирленет кетип көнгөн бул  башым!

2024-жыл.


Нуриза Пайзидиновага

Жазмаанайым, жаркылдаган жакшы кыз,

сени көрүп жаштыгымды эстедим.

Ысымыбыз окшош экен, бактыбыз

окшобосун! Мен бар-жоктон четтемин. 


Жүрөгүңдүн жүзүн ачпай баарына,

адамдарды азыр таанып үйрөнгүн.

Жарык издеп, жанашкандар жаныңа,

караңгыга сүйрөйт кайра дүйнөңдү.


Караңгынын капшабында  жанчылып,

жашап жүрөм, көздөн далдаа жан сактап.

Сен от көрсөң, жарыгына талпынып,

мен от көрсөм, качып турам жалтактап.


Качып жүрүп, жүрөгүмдү мокоттум,

кыйын экен коркоктордун жеңмеги.

Күн желелүү, кыял-наздуу, жомоктуу,

мокобосун бала жүрөк сендеги.


Сүйүнчүңдү, кайгыңды да коругун,

болбойт өмүр дайым тегиз, бир кылка.

Ойно, чурка, шамал жолун тооругун,

бирок ага кыялыңды жулдурба.


Мен айтпайын кыялдарды кыйраган...

Не жашасам, өз ичимде жашадым.

Дүйнө мерез, гүлдү айланып ырдаган,

көпөлөктүн жулуп ойнойт канатын.


Дүйнө мерез, сен дүйнөгө ишенбе,

көпөлөктүн жулуп ойнойт канатын.

2024-жыл


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде

Ай менен сырдашуу. – Б. Турар. 2013.

Кат турмуш. – Б. Улуу Тоолор. 2022

Бейтаныш бекет. – Б. Улуу Тоолор. 2023

Анын чыгармачылыгы тууралуу жазылган макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://adabiyat.kg/rizvan-ismailova-bejtaanysh-beketten-bejtaanyshtar-zholugushat/?_utl_t=wh - Ризван Исмаилова: “Бейтааныш бекеттен” бейтааныштар жолугушат

https://ruhesh.kg/ky/category/show/news/3331/sultan-raev-beytaanish-beket-sapar-kayakka - Султан Раев: “Бейтааныш бекет”: Сапар каякка?..

https://kmborboru.su/2022/04/11/kat-turmushtagy-otmo-katar-realduuluk/ - «Кат турмуштагы» өтмө катар реалдуулук

https://alakan.biz/2023/05/20/m-rbek-tillebaev-sagyn-ezhenin-yrlaryna-okshop-nurizanyn-yrlary-da-30-zhyl-zhashar/ - Өмүрбек Тиллебаев: “Сагын эженин ырларына окшоп Нуризанын ырлары да 30 жыл жашар...”

https://adabiyat.kg/m-t-kultaeva-zh-r-k-menen-syrdashuu/ - Үмүт Култаева: Жүрөк менен сырдашуу…

https://www.azattyk.org/a/yrga-aylangan-ymanday-syr-/32490342.html - Ырга айланган ыймандай сырлар

https://www.azattyk.org/a/bir-birikseng-ming-chachylgan-zholdosung-nurizanyn-yrlaryndagy-meken-yyy/32429098.html - "Бир бириксең, миң чачылган жолдосуң". Нуризанын ырларындагы Мекен ыйы

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://www.youtube.com/watch?v=19T7KhhTPPc&list=PLGvoqUbBQ5qsZtoR-GlKd7e5mDmL4rMu3&index=41

https://www.azattyk.org/a/nuriza-oemuerbaeva-migratsiya-yrlarymdy-da-kurchuttu/32418499.html - Деңиз жээгинде тоолорду сагынган Нуриза акын

https://erkin-too.kg/akyn-nuriza-%D3%A9m%D2%AFrbaevaaruu-uluu-s%D2%AFj%D2%AF%D2%AF-ajtmatov-menen-b%D2%AFb%D2%AFsaradan-kijin-toktojt-okshojt/ - Акын Нуриза Өмүрбаева: “Аруу, улуу сүйүү Айтматов менен Бүбүсарадан кийин токтойт”

https://www.azattyk.org/a/25190807.html - Атымды алып жүрөт азыр наристең...

https://kmborboru.su/2015/02/20/nuriza-m-rbaevanyn-zha-y-yrlarynan/

https://kmborboru.su/2014/08/13/nuriza-m-rbaeva/

https://www.facebook.com/watch/?mibextid=qi2Omg&v=619773666929833&rdid=z6JOt0BRKXk0ZBaO - Нуриза Өмүрбаева "Мекенсиз куштар": "Учпай калган жүрөк узак жашайбы? - Кайкып учкан канаттуудан сурадым"

https://www.facebook.com/story.php?story_fbid=9355979584472327&id=100001811366508&mibextid=qi2Omg&rdid=Bw8UWskgnUq6o9m1 - "Бейтаныш бекет" китеби | Түз эфир

https://www.youtube.com/watch?si=nRZ5K5nIegctOkgM&v=Bxw-KeauVww&feature=youtu.be - Нуриза Өмүрбаева. Поэзия кечеси Ысык-Көл

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]