ЭлТР
ЭлТР
| |
| ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы | |
2024-жылы колдонуулучу логотип | |
| Жалпы маалымат | |
|---|---|
| Өлкө | |
| Берүү чөлкөмү | |
| Берүү убактысы |
07:00-01:00 |
| Берүү тилдери | |
| Борбордук башкаруу | |
| Сүрөттүн форматы |
4:3:SDTV 16:9:SDTV |
| Каналдын багыты |
Мамлекеттик |
| Алгачкы берүү күнү | |
| Жетекчиси | |
| Мурдагы аталыштары |
Ош (1970-1999) |
| Курамындагы каналдар | |
| Дареги |
|
| www.eltr.kg | |
| Онлайн | |
| Онлайн көрүү |
|
ЭлТР мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы (кыскача ЭлТР) — Кыргызстандын дээрлик жалпы аймагын өзүнүн телеберүүлөрү менен камсыз кылган мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы болуп санаталат.
ЭлТРдин курамында «Билим жана Илим» телеканалы жана «ЭлФМ» радиостанциясы иш алып барат.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1967-жылдын 15-сентябрында Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинин коллегиясынын чечими менен «Радиоуктуруунун Ош облустук башкы редакциясы» негизделген. Алгачкы уктуруу 1968-жылдын 20-январында кечки саат 20:00дө экинчи программа аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагынын калкына тартууланган[1].
1970-жылдын 9-сентябрында көгүлтүр экранда «Ош студиясы» алгачкы көрсөтүүсүн тартуулады. Кийинки жылдары бул каналдын макамы бир нече жолу өзгөрүп турган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Жарлыгы менен «Ош-3000» телерадиокомпаниясы «ЭлТР» коомдук телерадиоберүү компаниясы болуп өзгөртүлгөн[2].
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 16-мартында Токтому менен «ЭлТР» коомдук телерадиоберүү компаниясы «ЭлТР» мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы макамын алып, мамлекеттик телерадиокомпаниясы болуп калган[1] жана ошол убактан бери иштеп келет.
