Өмүркулов Мухтарбек

Википедия дан

Өмүркулов Мухтарбек (1933-ж. т., Акчий-Карасуу кыштагы) - айыл чарба өндүрүшүнүн ишмери.

  • 1956-жылы К. И. Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономия факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун “ Кетментөбө” МТСинде агроном болуп иштөөдөн баштаган.
  • 1957-жылдан комсомолдун Токтогул райондук комитетинин биринчи секретары,
  • 1959-60-ж. райондук Кеңештин аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба инспекциясынын башчысы,
  • 1960-64-ж “Үчтерек” совхозунун директору,
  • 1964-91-ж. Алабука районундагы “Бирлик” тамекичилик совхозунун директору, Ош обкомунда инструктор, облустук айыл чарба башкармалыгынын төрагасынын орун басары, Куйбышев атындагы колхоздун башкармалыгынын төрагасы, райондук токой чарбасынын директору,
  • 1991-жылдан “Айыл-чарба химия бирикмеси” акционердик коомунун төрагасы болуп иштеп келген. Ош облустук Советинин бир нече жолку депутаты. Эмгек Кызыл Туу (1975), “Ардак белгиси” (1966) ордендери, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак Грамотасы менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5