Өмүр (тасма 2022)

Википедия дан
Өмүр
орус. Жизнь
англ. Life
Жанры

Драма

Режиссёру

Эмир Байгазин

Продюсери

Эмир Байгазин

Сценарийдин
автору

Эмир Байгазин
Дамир Танатов

Башкы ролдордо

Эркебулан Тасынов
Карина Хурамшина
Эржан Бүркүтбаев

Оператору

Эмир Байгазин

Композитору

Ашат Манабай

Кинокомпания

Kazakh cinema
E pro

Узактыгы

175 мүнөт

Өлкө

 Казакстан

Тили

Орусча

Жылы

2022

IMDb

ID 17505240

Өмүр (орус. Жизнь, англ. Life, каз. Өмір) — Режиссёр Эмир Байгазиндин драма жанрындагы көркөм тасмасы. Тасма 2022-жылы «Оскар» киносыйлыгынын «Чет элдик тилдеги мыкты тасма» наамына Казакстандын атынан көрсөтүлгөн[1].

Тасма Казакстандын Маданият жана спорт министрлигинин буйругу менен Улуттук кинематографияны колдоо мамлекеттик борборунун көмөгү менен тартылган[2].

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы каарман олуттуу каржылык кыйынчылыктарга дуушар болуп, жигердүү жумуш издеп, кош бойлуу сүйлөшкөн кызына кам көрүүгө аракет кылат. Жубайлардын мамилеси бир топко солгундап, алардын келечекте бирге болуусунан күмөн жаралат. Башкы каармандын сүйлөшкөн кызы боюндагы балага жана Арман менен болгон мамилесине карата өзүнүн, чечимине өкүнө баштайт, ошондой эле Арман алкоголдук ичимдиктерден баш тарта албайт. Бирок Арман аны ар дайым баары жакшы болот деп ынандырат, ал өзгөргөнүн, эми алардын жашоосу жакында жакшы жакка өзгөрөөрүн айтат.

Ошентип Арман майрамдык иш-чараларды тасмага тартып, монтаждоочу компанияга жумушка орношот. Көп өтпөй ал компаниядагы иштеп жаткан бардык материалдар жоголуп кеткенине күнөөлүү болуп калат. Ага бардык материалдарды калыбына келтирүүгө же жоготуулардын ордун толтуруу үчүн акча табууга бир нече күн берилет[3].

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Эркебулан Тасынов Арман ID ишкер Арман
Карина Хурамшина Армандын сүйгөн кызы

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Kazakhstan Submits Toronto Newcomer 'Life' for Oscars 2023. Qazaqstan Monitor (15-сентябрь, 2022).
  2. Казахстанский фильм «Жизнь» выдвинут на премию «Оскар». Эл орда. Текшерилген күнү 6 -март (жалган куран) 2024.(жеткиликсиз шилтеме)
  3. Казахстанский фильм "Жизнь" выдвинули на премию "Оскар". Спутник. Текшерилген күнү 6 -март (жалган куран) 2024.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]