Өндүрүмсүз чөйрө

Википедия дан

Өндүрүмсүз чөйрө - эл чарбасындагы кишилердин жана бүтүндөй коомдун материалдык байлык өндүрүүдөн тышкаркы муктаждыктарын канааттандыруучу тармактардын жыйындысы.

Бул муктаждыктар негизинен айырбаштоо (алмаштыруу) ишин уюштурууга жана ишке ашырууга, материалдык байлыктарды бөлүштүрүүгө жана керектөөгө, духов­ный байлыктарды өндүрүүгө, адамдын телегейи текши өсүшүн камсыз кылууга тиешелүү болот. Өндүрүмсүз чөйрөгө элдик турак жай жана үй-тиричилик жактан тейлөө, жүргүнчү транспор­ту, байланыш, саламаттык сактоо, физкультура жана социалдык камсыздоо, билим берүү, искусство, илим, башкаруу мекемелери, коомдук уюмдар ки­рет.

Өндүрүмсүз чөйрө материалдык продукт өндүрүүден социалдык маанпсп боюнча айырмаланат. Өндүрүмсүз чөйрөдө иштегендер коомдун материалдык негизин түзүүгө түздөн түз катышпайт, бирок алардын эмгеги тике же кыйыр түрдө өндүрүштө иштегендердпн эмгек өндүрүмдүүлүгүнө таасир тийгизет. Алсак, өнүккөн өлкөлөрдөгү Өндүрүмсүз чөйрөнүн деңгээли жанa өндүрүшкө таасири чабал маылекеттердикине Караганда кыйла жогору.

Өндүрүмсүз чөйрөнүн абалы жана масштабы үстөмдүк кылуучу өндүрүш мамилелери менен аныкталат. Соц. өлкөлөрдө Өндүрүмсүз чөйрө эмгекчилердин жыргалчылыгын жакшыртууга багытталат. Бурж. экон. илим Өндүрүмсүз чөйрөгө инфраструктураны да ыйгарат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.