Өндүрүш Эстетикасы

Википедия дан

Өндүрүш Эстетикасы — тех. эстетиканын өнөр жайда эмгекти бардык жактан ыңгайлуу уюштуруунун за­кон ченемдерин талдап изилдеген тармагы.

Өндүрүш Эстетикасынын изилдөөлөрүндө архитекртуранын, психофизиологиянын, түс таануунун, жарык техникасынын, акустиканын, эргономиканын, эмгек жөнүндөгү илимдердин комплексинин маалыматгары пайдаланылып, өндүрүштүн технол. талаптары эске алынат. Өндүрүштү эстетикалык жактан уюштуруу боюнча практикалык чараларга интерьерди архитектуралык көркөм жасалгалоо, ыңгайлуу жарык түсүн табуу, микроклиматты жакшыртуу, өнөр жай жабдууларын көркөмдөп түзүү, жумуш ордун жакшылап уюштуруу, ошондой эле аймакты көркүнө келтирүү жана жашылдандыруу иштери кирет.

Өндүрүш Эстетикасы эмгек өндүрүмдүүлүгүнө жанa чыгарылып жаткан продукциянын сапатына оң таасир этет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.