Өндүрүш санитариясы

Википедия дан

Өндүрүш санитариясыгигиенанын өнөр жайда иштегендердин ден соолугун сактоого багытталган тармагы.

Ал өнөр жай мекемелеринин санитариялык абалын текшерип, өндүрүш чөйрөсүндө ызычуу, дирилдөө, иондошуу, электромагнит талаасынын таасири жана алар кесип ооруларынын, травматизмдин пайда болушуна кандай себеп болорун изилдейт.

Ошондой эле технол. процесстерге, эмгектенүү шарттарына санитариялык-гигиеналык баа берип, аларга карата санитариялык эреже жана гигиена нормаларын закондуу түрдө түзөт. Өндүрүш сарпынын функциясын санитариялык мамл. ин­спекция, санитариялык-эпидемиологиялык станциялар, ири өнөр жай ишканаларында мед.-санитариялык бөлүмдөр аткарат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.