Өнөр жай уулары

Википедия дан
Баш сөөк жана сөөктөр - уу заттардын белгиси

Өнөр жай уулары (кесиптик же өндүрүштүк) — коопсуздук техникасын жана эмгек гигиенасынын эрежелерин сактабоонун натыйжасында адам организмине зыян келтирген өнөр жайда колдонулуучу химиялык заттар.

Ууландыруу убакыты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алар ошол замат же акырындык менен ууландырышы мүмкүн. Коргошун, сымап, ароматтык бирикмелер, нитрожана аминобирикмелер, фосфор органикалык заттар организмге, түйүлдүккө таасирин тийгизип, зыян келтириши мүмкүн. Организмди уулануудан алдын алуу үчүн өндүрүш технологиясында уу заттарды аз колдонуу зарыл, ал анча уусуз заттар менен алмаштырылат. Уу заттар менен иштеген адамдарга жумуш күнү кыскартылып, отпуск мөөнөтү узартылып, имаратты желдетип, коргоочу кийим (Жеке сактануу каражаттары), противогаз, респиратор колдонуп, ич кийимдерин күнүгө которуу керек; жумушчулар мезгили менен медициналык кароодон өткөрүлөт (Медициналык кароо), дарылоо, алдын алуучу чаралар жана тамактануу жана башкалар белгиленет. Айлана-чөйрөнүн гигиеналык нормалары, жумуш зонасындагы абада зыяндуу заттардын уруксат берилген концентрациясы белгиленет, башкача айтканда иштегендер иш процессинде ооруга чалдыкпай, ден соолугуна зыян келтирбеши зарыл. Өнөр жай ишканаларын долбоорлоочу уюмдар иш зонасындагы абада зыяндуу заттардын эң аз концентрациясы болушуна жетишүүлөрү керек (Кесип оорулары, Кесип зыяндуулугу).

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8