Өпкө күпчөгү

Википедия дан

Өпкө күпчөгү — өпкө альвеоласы жана өпкөнүн аралык тканында суюктуктун толушу.

Себеби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөктүн сол жагынын жыйрылуусу начарлаганда кан айлануунун кичине тегерегинде кан токтоп калат. Өпкө капиллярларына кан ашыкча толгондуктан кан тамыр айланасына (альвеола, бронхторго) суюктук өтөт. Өпкө күпчөгү журөк кемтигинде, миокарддын инфарктында, жүрөктүн ишемия оорусунда, катуу кармаган миокардитте байкалат, ал эми жүрөк астмасы кабылдап кетсе өпкө күпчөгүнө алып келет. Оору күтүлбөгөн жерден башталып, дем кыстыгат, бара-бара муунат. Оорулуу чалкалап отурууга аргасыз болот, териси көгөрөт, моюн веналары көөп, деми кыстыгат, тез-тез дем алат, оозунан көбүктүү, кээде кызгылт какырык чыгат. Өпкөдөн кан агышы да мүмкүн. Акыл-эсин жоготпойт, өлүп кетемби деген коркунуч туулат.

Биринчи жардам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өпкө күпчөгү өтө коркунучтуу абал, ошондуктан тез медициналык жардам көрсөтүү зарыл. Биринчи белгиси байкалганда эле тез жардам чакыруу керек. Врач келгенче ыңгайлуу отургузуп, бөлмөгө таза аба киргизген оң.
Өпкө күпчөгүн врач өз убагында дарыласа жакшы натыйжа берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8