Өркөчтүү кит

Википедия дан
Өркөчтүү кит
Кишиге салыштырмалуу орточо көлөмү
Коргоо абалы
Илимий классификация
дүйнөсү: Жаныбарлар
тиби: Хордалуулар
классы: Сүт эмүүчүлөр
Subclass: урук чачуучулар
түркүмү: Cetartiodactyla
Suborder: Cetacea
Superfamily: Муруттуу киттер
тукуму: Balaenopteridae
уруусу: Megaptera
Жон Эдуард Грей, 1846
түрү: M. novaeangliae
Биноминалдык аталышы
Megaptera novaeangliae
Georg Heinrich Borowski, 1781
Өркөчтүү киттин мейкиндиги
Синонимдери
  • Balaena gibbosa Erxleben, 1777
  • B. boops Fabricius, 1780
  • B. nodosa Bonnaterre, 1789
  • B. longimana Rudolphi, 1832
  • Megaptera longimana Gray, 1846
  • Kyphobalaena longimana Van Beneden, 1861
  • Megaptera versabilis Cope, 1869

Өркөчтүү киттер (лат. Megaptera novaeangliae)  — Кит сымалдардын ичинен өркөчтүү жана тиши жок түрү болгон чоң киттер. Мындай киттер ар жылы Австралиянын чыгыш жана батыш жээктерине жакын көчүп сүзүшөт. Алар жайкысын Антарктиканын жанында жүрүшөт. Тукумдоо маалында түндүгүрөөк жакка сүзүп келишет.

Мүнөздөмөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өркөчтүү кит болжол менен 45-50 жыл өмүр сүрөт.
  • Алардын жетилгендеринин узундугу 12-15 метрдей, салмагы - 48 тоннага чукулдап барат.
  • Жаңы туулган кит баласы 4-5 метр узундукта болот.
  • Өркөчтүү кит саатына 14,5 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Кооптуулукту сезген учурда алар саатына 26 чакырымдай тез сүзө алышат.
  • Өркөчтүү кит ачык мухитте суу бетине жакын жана жээкке чукул, тайызыраак жайларды мекендейт. [1]

Өркөчтүү киттин сүзүүчү канаты денесинин төрттөн бирине барабар болгондой чоң келет.

Денесинин узундугу 5 метрден жогоу узарып кете берет.

Алар деңиздин катуу толкунунда кыйналбай сүзүп, тереңге оңой сүңгүйт.

Өркөчтүү киттин 400гө жакын мурутчасы бар.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз улуттук энциклопедиясы.
  • Акулалар, Дельфиндер және киттер. - Алматы: "Аруна" баспасы. - Сер: "1100 қызықты деректер" ISBN 978-9965-26-553-2.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ички шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. https://www.nationalgeographic.com/animals/mammals/h/humpback-whale/#/humpback-whale.jpg