Өркөчтүү кит
Көрүнүш
(«Өркөчтүү киттер» барагынан багытталды)
Өркөчтүү кит | |
Кишиге салыштырмалуу орточо көлөмү | |
Коргоо абалы | |
---|---|
Илимий классификация | |
дүйнөсү: | Жаныбарлар |
тиби: | Хордалуулар |
классы: | Сүт эмүүчүлөр |
Subclass: | урук чачуучулар |
түркүмү: | Cetartiodactyla |
Suborder: | Cetacea |
Superfamily: | Муруттуу киттер |
тукуму: | Balaenopteridae |
уруусу: | Megaptera Жон Эдуард Грей, 1846 |
түрү: | M. novaeangliae |
Биноминалдык аталышы | |
Megaptera novaeangliae Georg Heinrich Borowski, 1781 | |
Өркөчтүү киттин мейкиндиги | |
Синонимдери | |
|
Өркөчтүү киттер (лат. Megaptera novaeangliae) — Кит сымалдардын ичинен өркөчтүү жана тиши жок түрү болгон чоң киттер. Мындай киттер ар жылы Австралиянын чыгыш жана батыш жээктерине жакын көчүп сүзүшөт. Алар жайкысын Антарктиканын жанында жүрүшөт. Тукумдоо маалында түндүгүрөөк жакка сүзүп келишет.
Мүнөздөмөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Өркөчтүү кит болжол менен 45-50 жыл өмүр сүрөт.
- Алардын жетилгендеринин узундугу 12-15 метрдей, салмагы - 48 тоннага чукулдап барат.
- Жаңы туулган кит баласы 4-5 метр узундукта болот.
- Өркөчтүү кит саатына 14,5 чакырым аралыкты сүзүп өтөт. Кооптуулукту сезген учурда алар саатына 26 чакырымдай тез сүзө алышат.
- Өркөчтүү кит ачык мухитте суу бетине жакын жана жээкке чукул, тайызыраак жайларды мекендейт. [1]
Өркөчтүү киттин сүзүүчү канаты денесинин төрттөн бирине барабар болгондой чоң келет.
Денесинин узундугу 5 метрден жогоу узарып кете берет.
Алар деңиздин катуу толкунунда кыйналбай сүзүп, тереңге оңой сүңгүйт.
Өркөчтүү киттин 400гө жакын мурутчасы бар.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз улуттук энциклопедиясы.
- Акулалар, Дельфиндер және киттер. - Алматы: "Аруна" баспасы. - Сер: "1100 қызықты деректер" ISBN 978-9965-26-553-2.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- https://en.wikipedia.org/wiki/Humpback_whale
- https://www.nationalgeographic.com/animals/mammals/h/humpback-whale/