Өрүктү суусу

Википедия дан

Өрүктү суусуАла-Бука районундагы суу, Касан-Сайдын сол куймасы.
Узундугу 28 км, алабынын аянты 116 км².
Чаткал кырка тоосунун тизмегинин түштүк-чыгыш тармагы Кара-Кыр тоосунан (3929 м) башталып, кууш колот аркылуу агат да, Ала-Бука өрөөнүнө чыгат.
Жылдык орточо чыгымы 0,41 км³/сек. Эң көбү апрель — майда, эң азы февралда байкалат. Негизинен кар, жаан-чачын жана булак сууларынан куралат.
Боюнан Карагечет, Жойбелент кыштактары орун алган.
Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз жергеси. Энциклопедия. Кыргыз ССР Илимдер Академиясы. Башкы редактору М.Борбугулов. Фрунзе-1990ж.