Касан-сай

Википедия дан
Касан-сай.

Касан-сайЧаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш капталынан башталган суу. Ала-бука районун аймагында. Узундугу 75 км, алабынын аянты 17 80 км2.

Жогорку агымында Чаткалды сай аталып, өрөөнү кууш. Касан-сай(жеткиликсиз шилтеме) кыштагынын четинде түштүктү карай агып, Нарын дариясына жетпей сугатка бөлүнүп кетет. Өрөөнүндө Ортотокой суусу курулган (1947). Ортоңку жана төмөнкү агымы адырлуу ойдуң менен агып, Төрөкоргон кыштагынан арысалааларга жана каналдарга бөлүнөт.

Ири куймалары: Терек, Өрүктү жана Ала-Бука. Төмөнкү агымында Кукумбай, Чуст, Ак-сай ж.б. каналдар курулган.
Жылдык ортчо чыгымы 11,7 м3/сек, эң көбү июнда(53,1 м3/сек), эң азы мартта (2,16 м3/сек) байкалат.
Апрелде кирип, октябрда тартылат. Жээгинде Касан-сай, Төрөкоргон, Каттаган, Кукумбай кыштагы жайгашкан.