Өсүмдүктүн чыдамкайланышы

Википедия дан

Өсүмдүктүн чыдамкайланышы - өсүмдүктөрдүн ыңгайсыз шартка (суук, кургакчылык, шор ж. б.) туруштук берүү, чыдамдуу абалга өтүү касиети.

Ал зат алмашуунун өзгөрүшү менен шартталат. Чыдамкайлануу мезгилине өсүмдүктөр түрдүүчө өтүшөт. Мис., дарак менен бадалдар күзүндө күн кыскарганда өсүш токтолуп, кыш башталган учурда чыдамкайлана баштайт. Жыгач Өсүмдүктүн чыдамкайланышы эки фазада өтөт. Биринчи фаза 0°С чамасында дем алуу төмөндөп, углөводороддун жыйналуу мезгилиндө, жарык шартта жүрөт.

Экинчи фаза клеткадагы суу азайып, тоң мезгили башталган учурга туура ко­лет. Эгерде чыдамкайлануу процесси жакшы өткөн карагай же Кызыл карагай кышында — 60°Стө чейинки суукка чыдамдуу болсо, чыдамкайла­нуу жанып кеткен учурда, б. а. кеч жазда же жай айларында кокусунан —7, — 8°С суук болсо алар үшүйт.

Өсүмдүктөр кургакчылыкка, шорго карата да чыдамкайлануу каеиетине ээ. Чыдамкайлануу артыкча уруктарда жакшы байкалат. Эгердө дандын уруктарын кургатып же туздун эритмесине карман эксе, андан кур­гакчылыкка, шорго чыдамдуу өсүмдүктөр алынат. Бул кургак жанa шордуу жердеги эгиндердин түшүмүн көбөйтүүдө агротех. ыкма катары да колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.