Өсүмдүктү чыйралтуу

Википедия дан

Өсүмдүктү чыйралтууөсүмдүктүн суукка, кургакчылыкка жана башка ыңгайсыз шарттарга чыдамдуулугун арттыруу. Ө. ч-да физиологиялык жана биохимиялык өзгөрүүлөр жүрүп, өсүмдүк клеткасы үшүк алуудан, чөйрөнүн ыңгайсыз таасиринен корголот. Өсүмдүктө зат алмашуу өзгөрүп, жаңы касиеттер пайда болот. Мисалы, өсүмдүктүн суукка чыдамдуулугу күзүндө гана арта баштайт. Мында кыска күн таасиринен өсүмдүк өсүшүн токтотуп, тыным мезгилине өтөт. Кургак чөйрөдө өсүмдүктү аз убакыт солутуп, кайра калыбына келтирүү, үрөндүк материалды нымдап кайра кургатуу жолу менен да өсүмдүктү кургакчылыка чыдамдуулугун арттырууга болот. Бул учурда морфол. өзгөрүүлөр жүрөт: өсүмдүктүн жалбырагы майда, үтү кичине, кутикуласы өтө тыгыз болот, протоплазма нымды көбүрөөк сактайт, осмос басымы жогорулайт, натыйжада өсүмдүк кургакчылыка чыдамкайланат. Чыдамкайлануу мезгили өсүмдүктө түрдүүчө өтөт. Мисалы, дарак жана бадалдар күзүндө өсүшү токтолуп, кыш башталганда чыдамкайлана баштайт. Чыдамкайлануу жакшы өткөн карагай кышында –60о С чейинки суукка чыдамдуу болсо, чыдамкайлануу жанып кеткен учурда, башкача атйканда же май айларында кокусунан 7-8° С суук болсо алар үшүйт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]