Өткөргүч

Википедия дан

Өткөргүч — көп сандагы эркин кыймылдуу заряддалган бөлүкчөлөрү бар, электр тогун жакшы өткөрүүчү, башкача айтканда жогорку электр өткөрүмдүүлүккө ээ заттар.

Жакшы өткөргүчтөргө салыштырма каршылыгы ρ < 10-6–10-4 Ом⋅см болгон заттар кирет. Өткөргүчтөргө металлдар, электролиттер жана плазма кирет. Металлдарда электр зарядын алып жүрүүчүлөр эркин электрондор, электролитте оң жана терс иондор, плазмада эркин электрондор жана иондор эсептелет. Заттарды Ө-гө жана өткөрбөгүчтөргө бөлүү шарттуу, анткени өткөрүмдүүлүк түрдүү шарттарга, алардын ичинде температурага көзкаранды. Өтө төмөнкү температурада көп металлдар жана жарым өткөргүчтөр өткөрүмдүүлүккө ээ болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0