Өтө өткөргүчтөр

Википедия дан

Өтө өткөргүчтөр - кризис температурадан Тк төмөн муздаганда электр каршылыгы нөлгө чейин азаюучу заттар.

  • Дээрлик бардык Өтө өткөргүчтөрдүн Тк-сы суюк суутек менен суюк гелий температуралар диапазонунда жатат.
  • Өтө өткөргүчтөрдүн касиетин мүнөздөөчү экинчи негизги параметр — алардын кризис магнит талаасынын Нк чоңдугу. Температурасы Тк затка чыңалышы болгон сырткы магнит талаасы менен таасир этип, аны өтө өткөргүч абалдан нормалдуу абалга өткөрүүгө болот.
  • Азыркы кездеги түпгунүк боюнча Өтө өткөргүчтөр электрондор өткөрүмдүүлүктун өтө агуучулугу менен шартталган деп эсептелет.
  • Электрондордун өтө агуучулу­гу төмөнкү температурада спиндери өз ара карама-каршы багытталган жана байланышкан кош электрондордун болушунан пайда болот.
  • Өтө өткөргүчтөр эсептөө техникада, өтө өткөргүч электр-магнит ж. б. түзүлуштөрдө колдонулат.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.