Өңү өчкөн рудалар

Википедия дан

Өңү өчкөн рудалар - теннантит — тетраэдриттин изоморф катарын түзүүчү татаал сульфиддүү жез минералдарынын тобу.

Өңү өчкөн рудалар составына жараша аргентотеннантит жанa фрейбергит (составында күмүш кездешүүчү), зандбергерит жана биннит (цинк менен күмүшү бар), ферротеннантит жанa ферротетраэдрпт (темирлүү), шватцит (сымап кездешүүчү), анвивит (висмуттуу) жана башкага бөлүнөт.

Куб системасында кристаллданат. Өңү ачык күрөңдөн кара күрөңгө чейин. Жаңы сындырып Кара­ганда металл сымал жылтырак, абада бат өңү өчүп (аты ушундан), күңүрт тартат. Өңү өчкөн рудалар гидротерм рудаларында пай­да болот. Жердин үстүңкү бетпнде бат үбөлөнүн, малахит, азурит, куп­рит жана башкага өтүп кетет. Өңү өчкөн рудалардын ири кендери СССРде (Уралда, Кавказда, Алтайда, Казакстанда), Венгрияда. АКШда, Улуу Британияда бар.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.