Мазмунга өтүү

Air Bishkek

Википедия — ачык энциклопедия
Air Bishkek
IATA
KR
ICAO
EAA[1]
Чакыруу белгиси
EASTOK[1]
Негизделген жылы2004 (Kyrgyz Airways аталышы менен)
2006 (Eastok Avia-га аталышын өзгөрткөн)
2011 (Air Bishkek-ке аталышын өзгөрткөн)
Операциялык базаларыМанас эл аралык аба майданы
Флот өлчөмү2
Учуу багыттары10
Башкы кеңсесиКыргызстан Бишкек, Кыргызстан
ЖетекчиликВера Перелыгина - Башкы Мүдүр
Сайтыairbishkek.kg

«Эйр Бишкек» авиакомпаниясы[2] (англ. Air Bishkek, орус. Авиакомпания «Эйр Бишкек») — Кыргызстандын авиакомпаниясы, штаб-батири Бишкекте жайгашкан. Авиакомпания Евробиримдиктин өлкөлөрүнө учууга тыюу салынган авиакомпаниялардын «кара тизмесине» кирет.

«Air Bishkek» — Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) мүчөсү.

Airbus A320-200

Компаниянын тарыхы 7-февраль 2007-жылдан башталат. Авиакомпания ишмердүүлүгүнүн биринчи жылдарында, өз учактарын жергиликтүү авиакомпанияларга лизингге берип турган. 14-сентябрь 2009-жылы Бишкек — Ош — Бишкек каттамы ачылган.

Авиакомпаниянын каттамдары жана ташуулары күн санап өсүүдө.

Мурда авиакомпания «Kyrgyz Airways» деп аталчу, бирок 2011-жылы өз аталышын өзгөртүүгө аргасыз болгон, анткени Кыргызстанда кирил жазмасында «Кыргыз Эйрвэйс» аттуу окшош аталыштагы компания болгон[3].

Ишмердүүлүгү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бонустук программасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүргүнчүлөр рейстерде учуп упай топтоп, кийин аны авиакомпаниянын кызматтарына алмаштыра ала турган, авиакомпаниянын «Белек Бонус» программасы иштейт[4].

Борттук басмасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Толук түстүү «Sky Bishkek» журналы басылат.

Учуу багыттары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Авиакомпания Бишкек жана Оштон Москва, Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Стамбул, Санкт-Петербург, Үрүмчү, Сургут, Белгород, Екатеринбург шаарларына жүргүнчүлөрдү ташыйт.

УчакСаныОрун саныЭскертүүлөр
Airbus A3202168Эк; 168Эк
Боинг 737-3001148Эк