Мазмунга өтүү

Air Kyrgyzstan

Википедия — ачык энциклопедия
Air Kyrgyzstan
IATA
QH
ICAO
LYN
Чакыруу белгиси
ALTYNAVIA
Негизделген жылы2001[1]
Операциялык базаларыМанас эл аралык аба майданы
Экинчи хабдарОш
Багыт шаарларыДубай, Дели, Москва, Красноярск, Краснодар, Белгород, Новосибирск, Минеральные воды, Екатеринбург, Урумчи, Ташкент
Флот өлчөмү5
Учуу багыттары12
Башкы кеңсесиКыргызстан желеги Бишкек, Кыргызстан
Сайтыair.kg

Aır Kyrgyzstan (Эйр Кыргызстан, юридикалык аталышы ОАО "Эйр Кыргызстан") — Кыргыз Республикасынын улуттук авиакомпаниясы.

2005-жылы Президенттин указы жана 2006-жылы Өкмөттүн токтому менен түзүлгөн. 2005-жылы «Кыргызстан» авиакомпаниясы аба транспортунун эл аралык ассоциациясынын (IATA — International Air Transport Association) аккредитациясынан өткөн, ошондой эле клиринг транспорт палатасынын (Москва шаары) мүчөсү. «Кыргызстан» авиакомпаниясы — Кыргыз Республикасынын жүк жана жүргүнчү ташуучу расмий компаниясы. Анын самолёттору Кытай, Россия, Бириккен Араб Эмирликтери, Өзбекстан, Казакстан ж. б. өлкөлөргө учат. Эл аралык (Бишкек — Дубай — Бишкек; Бишкек — Москва — Бишкек ж. б.) жана өлкө ичиндеги (Бишкек — Баткен; Бишкек — Ош ж. б.) авиакаттамдары бар. Авиапаркында Ту-154, Ту-134, Ан-24 ж. б. самолёттор катталган. «Кыргызстан» авиакомпаниясы учуунун бардык коопсуздук талаптарын аткарган компания катары эсептелет. «Кыргызстан» авиакомпаниясы авиабилеттери 2007-жылдан интернет аркылуу, ошондой эле 2011-жылдан электрондук авиабилеттерди сатуу ишке ашырылууда.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Компания жөнүндө