Angry Birds

Википедия дан


Angry Birds
Иштеп чыгарган Rovio Mobile
Мекени  Финляндия
Чыккан жылы 11 декабрь 2009
Нускасы 6.0.1 (iOS)

5.0.0 (Windows phone)
6.0.1 (Android)
4.0.0 (Microsoft Windows)
4.0.0 (OS X)
2.0.2 (Symbian)
1.6.4 (MeeGo 1.2 Harmattan)
1.7.4 (Bada)
1.6.4 (HP WebOS)
1.4.2 (Maemo)
1.0.3 (WebGL)
1.2.4 (Java; Сенсор)

Жанр Баш катырма
Оюундун режими Бир колдонуучу
Сайты angrybirds.com

«Angry birds» (кырг. Каардуу канаттуулар)  — «Rovio» компаниясы чыгарган оюндар сериясы. Бул оюндун максаты аталган каардуу куштарды рогатканын жардамы менен ар кандай аралыкта жана бийиктикте орун алган жашыл чочколорду (куштардын душмандары) атып, жок кылышы керек. Анын түзүүчүсү  — «Rovio Mobile» студиясынын маркетинг боюнча директору Питер Вестербака. Бул оюн жарыкка чыгары менен 2 миллион адамдын телефонунан орун алган.

Жаралышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаралыш тарыхына токтолсок, студент достор «Nokia» компаниясынын мобилдик тиркемелер боюнча өткөргөн сынагында жеӊишке жетишип, 2005-жылы «Rovio Mobile» студиясын түзүшкөн. «Angry birds» алар түзгөн 52-оюн. Достор канаттуулар жөнүндө кызыктуу оюн ойлоп чыгууну көздөшөт. Эмнеге канаттуулар? Анткени командада канаттууларды жакшы тарткан жигит болгон. Ойлонуп канаттуулардын каршысына чочкону коюшат. Муну алар «канаттууну баары жакшы көрүшөт, чочкону болсо көп жактырышпайт» деп түшүндүрүшкөн.

Оюндун алгачкы версиясы жаралган соӊ Питер апасына ойноп көрүүнү сунуштап, өзү жумуштары менен бир жакка чыгып кетет. Бир сааттан кийин келсе 1-2 мүнөт ойноп тажаса керек деген апасы дагы деле ойноп отурган болот. Мындан улам кары-жашка бирдей жага турган оюн болоруна көзү жетет. Оюнду жүктөөнүн баасы 0,99 доллар болгон.

Бул чымчыктардын негизинде «20th Century Fox» компаниясы тарабынан «Рио» мультфильми тартылып, мындан сырткары жумшак оюнчуктар, сувенирлер жасалган. 2012-жылы хоккей боюнча өткөн Дүйнөлүк чемпиондуктун расмий тумары катары таанылган.

Аталган оюн 2015-жылы 3 миллиард жолу көчүрүлгөн.

Angry Birds оюндар сериясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы кезде төмөнкүдөй оюндар чыккан:

Angry Birds[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Seasons[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Rio[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Space[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Bad Piggies[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Star Wars[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Star Wars II[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Go![түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Epic[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Stella[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Transformers[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Pop![түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Fight![түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds 2[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Trilogy[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Magic[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Angry Birds Friends[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюндун атактуулугу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2011-жылдын март айында Rovio студиясы Angry Birds продуктуларынан 56 миллион евро өлчөмүндөгү акча каражаты түшкөнүн жарыялаган. Бул долбоорду баштаардагы салынган акча болгону 100 миң евро болгон. Ошол кезде Angry Birds уюлдук платформалардагы оюндардын тарыхында эң атактуу жана көп каражат түшкөн оюн болуп калган[1].

Ал эми ошол эле жылдын 3-ноябрь күнү оюндун 500 миллион жолу көчүргөн саны катталган, жана оюнга тиешелүү сувенирдик буюмдардын 3 миллиондон ашык саны да сатылган. Оюндун бардык оюнчулары биригип 266 миллард оюн деңгээлдерин өтүшкөн, 400 миллиард чымчык атылган жана 44 миллиард жылдызчалар чогулган. Оюнчулардын бул оюнга короткон убакытын эсептегенде, 300 миллион күнгө туура келген.

2012-жылы оюнду миллиарддан ашык жолу көчүрүп алышкан жана ал оюндун куштары ошол жылы өткөн топтуу хоккей боюнча өткөрүлгөн дүйнө биринчилигинин талисманы болуп калган.

2012-жылы Финляндияда Angry Birds Land аталышындагы оюн-зоок борбору ачылган.

  1. http://lenta.ru/news/2011/05/19/angrybirds/