Nokia

Википедия дан
Nokia
Түрү

Коомдук компания

Листинг биржада

HEX: NOK

Негизделген жылы

12 май 1865

Жайгашкан жери

 Финляндия: Эспоо

Маанилүү фигуралар

Йорма Оллила (директорлор кеңешинин төрагаcs;)
Стивен Элоп (президент жана генералдык директор)

Өндүрүшү

телекоммуникациялык жабдууларды өндүрүү , IT-индустрия

Продуктулары

Уюлдук телефондор, смартфондор, тармактарга жабдуулар GSM, зымсыз байланыш системалары, GPS-навигаторлор, интернет-планшеттер, нетбук ж.б.

Киреше айлануусу

$38,659  млрд (2011 жыл)[1]

Операциондук киреше

€1,2 млрд (2009 жыл)

Таза киреше

€891 млн (2009 год)

Жумушчуларынын саны

113 562 адам (2012 жыл)

Урааны

Connecting people

Сайт

www.nokia.ru

Nokia-lumia-920-black-front.
Nokia корпорациясынын , Windows Phone 8 базасындагы жаны смартфон.

Nokia Corporation (окулат Но́киа) — Уюлдук, фиксирленген, кеңиритилкелик, жана IP-тармактарга жабдуулар менен камсыз кылуучу. финдик трансулуттук компания. Азыркы убакта дүйнөдөгү уюлдук телефондорду чыгаруучу эң ири компания болуп эсептелинет.

Компаниянын штаб-квартирасы Хельсинкинин шаар-спутниги, Эспоодо жайгашкан.

Аталыштын пайда болуу тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компания өзүнүнү аталышын (Nokianvirta) даярыясынын атынан алган, качан Фредрик Идестам 1868 жылы өзүнүн экинчи кыгаз фабрикасын курганда. Компанияга Nokia Ab аталышы 1871 жылы берилген[2].

Башка иш, дарянын өзүнүн аталыш тарыхы, илгерки nois (көп. nokia) фин сөзүнөн чыккан деп эсептелинет, түшүндүрмөсү болуп кара киш эсептелинет, качандыр бир убакта ал жерде жүргөн экен. Качан киш жоголгондо, бул сөз баардык кара аңтериси бар жырткычтар атала баштаган, мисалга, суусар же норканы.== Аталыштын пайда болуу тарыхы == Компания өзүнүнү аталышын (Nokianvirta) даярыясынын атынан алган, качан Фредрик Идестам 1868 жылы өзүнүн экинчи кыгаз фабрикасын курганда. Компанияга Nokia Ab аталышы 1871 жылы берилген[2].

Башка иш, дарянын өзүнүн аталыш тарыхы, илгерки nois (көп. nokia) фин сөзүнөн чыккан деп эсептелинет, түшүндүрмөсү болуп кара киш эсептелинет, качандыр бир убакта ал жерде жүргөн экен. Качан киш жоголгондо, бул сөз баардык кара аңтериси бар жырткычтар атала баштаган, мисалга, суусар же норканы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компаниянын штаб-квартирасы
Фредерик Идестам, Нокианын негиздөөчүсү
Леопольд Мехелин, кошо негиздегене[3]

Компаниянын тарыхынын башталышы болуп 1865-жыл эсептелинет, качан тоо инженери Фредерик Идестам (фин. Knut Fredrik Idestam)Финляндиянын түштүк-батышындагы Тампереде чоң эмес кагаз фабрикасын курганда башталат. Ага тиешелүү компания 1871 жылы Nokia Ab болуп аты алмашылган.

1898-жылы негизделген желим буюмдарды чыгаруучу Finnish Rubber Works компаниясы, 1922-жылы Nokia Ab жана 1912-жылы негизделген Finnish Cable Works кабель чыгаруучу компанияларына контроль алат, а 1967-жылы бул үч компаниянын расмий биригүүсү болот[4]. Бул опреация ошондогу фин мыйзамына ылайык болуш үчүн, формалдуу түрдө Finnish Rubber Works жана Finnish Cable Works Nokia Abка, алардын эң кичинекейине биригишет.

Бириккен компаниянын беш негизги ишмердүүлүгү болгон: желим буюмдарды өндүрүү, кабелдер ана электроникалар, жыгачты кайра иштетүү жана электроэнергия өндүрүү. Жылдар менен аларга, экинчи даражадагы, мисалга, аңчылык курал, пластикалар жана химиялык материалдар кошула баштаган.


1980 -жылдын башынан баштап Nokia электроника өндүрүшүн активдүү өнүктүрө баштайт, ага бир катар электрондук компанияларды сатып алуулар да себеп болгон. 1987 жылы компаиянын негизги бизнеси болуп тиричилик электроника болуп калат, ошону менен катар Nokia, Европада сыналгы чыгаруучу эң ири үчүнчү компания болуп калат.

1980 жылы Nokia кризистик учурга дуушар болот, ага себеп болуп дүйнөлүк экномиканын төмөндөшү эле. Кризис бизнестин реструктуризациясы менен жеңилет, негизгилер болуп көбүнчө ишмердүүлүктөн баш тартып, телекоммуникациялык бөлүмдүн өнүгүшү менен - жаңы технологияларга гана көңүл буруу да эле.

Өзүнчө компания болуп Nokia-дан 1988-жылы Nokian Renkaat бөлүнөт, ал 1967-жылдан бери Nokia-нын «желим» бөлүмү эле. Азыр болсо Nokian Renkaat-тын, Nokia-га эч кандай тиешеси жок.

1989- жылы компания, Radiolinja фин операторуна GSM тармагына жабдуу сатат, а 1992 -жылы өзүнүн биринчи колдук Nokia 1011 GSM-телефонун чыгарат.

1992-жылы компаниянын жарнамалык урааны болуп «Адамдарды байланыштыруу» (англ. Connecting people) сөзү болуп калат.

1994- жылы Nokia президенти Йорма Оллила компанияны акыркы страгеясын чечет: эски бизнестен баш тартып, телекоммуникациялык технологияларга көңүл буруу. Бул стратегия дүйнө боюнча телефон чыгаруучу эң ири компанияга айланат: 2009 жылы Nokia-нын базардагы үлүшү 39% бааланган.[5].

Nokia 1208 уюлдук телефону

2006-жылдын июнунда Nokia жана Siemens өзүлөрүнүн телекоммуникациялык жубдууларды чыгаруучу бөлүмдөрүн Nokia Siemens Networks болуп аталган жаңы компания кылып бириктиришет.

Салодогу (Финляндии) Nokia заводу 2012- жылдын күзүндө толук жабылат. Персоналды кыскартуу сүйлөшүүлөр ишкананын 780 кызматкерине тийет[6]. Ушинтип компаниянын уюлдук секторунун өндүрүү күчүн, 2012-жылдан баштап Азия өлкөлүнө гана бет алдырат.

2012-жылдын декабрында Nokia жетекчилиги өзүнүн Exilion Capital штаб квартирасын €170 млн сатып жана аны кайра арендага алышып, жогорку жетекчиликтин саясий рамкасында профилсиз активдерден кутулууга[7].

Платформаны алмаштыруу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылдын 12- августунда Nokia жана Microsoft өнөктөштүк боюнча келишим түзүшөт. Келишимдин негизинде Nokia жана Microsoft-тун түзүүчүлөрү Microsoft Office Mobile түзүүгө киришишет жана Nokia смартфондоруна байланыш корпоративдик аспаптарын, Symbian иштетүү системинин башкаруусунда иштегендерди жасай башташат. Бул чечимдер кеңири айлампадагы түзмөктөргө мүмкүнчүлүктүү болушат, Е сериясындагы бизнес смартфондоруна кошо. Келечекте жаңы биргелешкен продуктуларды өндүрүүгө пладап атышат[8].

2011-жылдан 11-февралында Nokia, Microsoft менен толук кызматташып атканын жарыялайт, өзүлөрүнүн уюлдук түзмөктөрүнө Windows Phone иштетүү системин колдонууга чечишип[9][10]. Бул платформа Nokia смартфондорунун страгеясиянын негизги бирикмеси болушу керек. Ушу менен катар бейрасмий маалыматтарында Microsoft компаниясы Windows Phone-го өткөнү үчүн, Nokia-га $1 млрд төлөп бериши керек[11]. Жана дагы жарыялангандай, Nokia колдонулуп келе жаткан Symbian иштетүү системинен баш тартпайт жана бул система өзүнүн кээ бир смартфондор моделинде колдонулат. MeeGo иштетүү системи да платформанын open-source катары колдонулат жана анын негизинде да чыгаруу пландалып жатат. Bing Nokia-нын кызматтарында жана гаджеттеринде негизги издөөчү болуп калат.

Nokia-нын өзүнүн уюлдук түзмөктөрүн Windows Phone ИС өтүүсү компанияын өнөктөштөрүнүн жана финдик телефон гигантынын кызматкерлери арасында бир жагдайлуу эмес реакцаларын чакыртты[12]. Альянс жөнүндө жарыялагандан кийин Nokia-нын акция баалары 14% төмөндөдү, бул 2009 жылдын июнунан бери эң чоң төмөндөө эле[13].

2011- жылы 16-майда Nokia өзүнүн блогунда, Ovi брендинен баштартуу ниетин айтты, музыкалды кызматтар, приложениялар дүкөнү жана башка фин компаниясынын кызматтарын бириктирген Nokia Services пайдасына. Команиянын сөзүнө караганда Ovi-ден баш тарткандан кийин, Nokia өзүнүн жеке брендин күчтөөгө таянууда[14][14].

Nokia сервистеринин ребрендинги бара бара болот. Ал 2011- жылдын июль айында башталып 2012 жылдын аягына чейин бүтөт[14].

2012 жылдын 26 октябрында Nokia Windows Phone 7 иштетүү системинин базасындагы Nokia Lumia 800 жана 710 смартофндорунун көргөзмөсү болду[15], а позднее, в начале 2012 года, — ещё два смартфона из этой серии, Nokia Lumia 900 и 610[16].

2012- жылдын 5-сентябрында Nokia World 2012- көргөзмөсүндө Windows Phone 8 базасындагы жаңы түзмөктөр тартууланган - Nokia Lumia 920 жана 820 смартфондору.

Кошулуу жана кошуп алуулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007 -жылдын октябрында Nokia, Navteq компаниясын сатып алуусун жарыялады (ар бир акцияны $78 акчалай). Компания санариптүү топографиялык карталарга адистештирилген жана автомобильдик навигациялык системдерин, уюлдук телефондорго, атайынкы интернет-сервистерге, малекеттик жана жеке уюмдарга керектүү маалыматтар менен камсыз кылуучу.

2008-жылы Nokia, Trolltech (Qt китепканасынын түзүүчүсү) жана Symbian Ltd. (кийинчерээк ал Symbian Foundation болуп алмашылган) компаниясын сатып алды[17].

Кожоюндары жана жетекчилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компаниянын директорлор кеңешинин - Йорма Оллила. Nokia (FWB: NOA3, HEX: NOK1V, NYSE: NOK) - базар капитализациясынын эң ири финдик компания. Анын капитализациясы ($19,02 млрд 2012 жылдын январь айына карата[18]) баардык фин компаниясынын базардагы капитализациясынын олуттуу үлүшүн (2007 жылы үчкө чейин) түзөт, Хельсинки фондалык биржасына котировкаланган - өнүккөн өндүрүштүк өлкө үчүн сейрек кырдаал[19].

Президент — Стивен Элоп, Олли-Пекку Калласвуо 2010 жылдын 21 сентябрында алмаштырган[20].

Дагы караңыздар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Nokia терпит колоссальные убытки на растущем рынке телефонов
  2. 2.0 2.1 Nokia — The birth of Nokia Archived 2009-02-17 at the Wayback Machine // nokia.com  (Текшерилди 17 -март (жалган куран) 2011) Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "birth" defined multiple times with different content
  3. Helen, Tapio Idestam, Fredrik (1838–1916). Biographical Centre of the Finnish Literature Society. Текшерилген күнү 22 -март (жалган куран) 2009. Түп булактан архивделген күнү 24 -август (баш оона) 2011.
  4. The merger — Nokia’s first century Archived 2009-02-23 at the Wayback Machine // nokia.com  (англ.) (Текшерилди 1 -июль (теке) 2009)
  5. Nokia Annual Results 2009 Archived 2012-10-11 at the Wayback Machine // nokia.com  (англ.) (Текшерилди 23 -март (жалган куран) 2010)
  6. Закрывается завод в Сало
  7. Божинов, Анжел Nokia завершает сделку по продаже своей штаб-квартиры (орус.). OSZone (4 -декабрь (бештин айы) 2012). Текшерилген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 4 -декабрь (бештин айы) 2012.
  8. В смартфоны Nokia приходят Microsoft Word, Excel, PowerPoint и корпоративные средства связи, cnews.ru. Архивировано из первоисточника 11 -ноябрь (жетинин айы) 2010. Текшерилген күнү 8 -июнь (кулжа) 2010.
  9. Nokia и Microsoft официально объявили о партнерстве
  10. Nokia и Microsoft договорились о Windows Phone смартфонах
  11. Dina Bass. Microsoft Is Said to Pay Nokia More Than $1 Billion in Deal (англ.). Bloomberg Business Week (7 марта 2011). Текшерилген күнү 7 -март (жалган куран) 2011. Түп булактан архивделген күнү 24 -август (баш оона) 2011.
  12. Работники Nokia оплакивают смерть Symbian
  13. Nokia. Текшерилген күнү 22 -январь (үчтүн айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 1 Апрель 2011.
  14. 14.0 14.1 14.2 откажется от бренда Ovi(жеткиликсиз шилтеме), Lenta.ru. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; name "test" defined multiple times with different content
  15. Калып:YLE-N
  16. Марина Эфендиева. MWC-2012: Nokia постаралась угодить всем. // bfm.ru. Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2012. Түп булактан архивделген күнү 30 -май (бугу) 2012.
  17. «Nokia все-таки купила Symbian» Archived 2014-07-17 at the Wayback Machine, 3dnews.ru  (Текшерилди 6 Апрель 2009)
  18. Nokia Corporation (ADR): NYSE:NOK quotes & news — Google Finance
  19. Kapanen, Ari. Ulkomaalaiset valtaavat pörssiyhtiöitä (Finnish), Taloussanomat (24 -июль (теке) 2007). Текшерилген күнү 14 -май (бугу) 2008.
  20. Игорь Цуканов. «Мы покажем нечто особенное», — Стивен Элоп, генеральный директор и президент Nokia Corporation // Ведомости, 17.03.2011, № 46 (2812)  (Текшерилди 17 -март (жалган куран) 2011)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Tech-stubКалып:Company-stub