Топографиялык карталар

Википедия дан
Топографиялык карта.

Топографиялык карталар - жер бетинин айрым бөлүгүнүн өтө мүнөздүү элементтери түшүрүлгөн жалпы географиялык карта.

Бул элементтерге гидрография, рельеф, өсүмдүктөр, элдүү пункттар, геодезиялык белгилер, темир жолдор, саясий-админ. чек аралар, айыл чарбага жарактуу жерлер, имараттар, өзүнчө курулуштар ж. б. маанилүү айрым объектилер кирет.

Объектилер съёмка учурунда өлчөнүп, топографиялык шарттуу белгилер аркылуу картага түшүрүлөт. Ошондуктан Топографиялык карталарда жер бетинин өлчөөгө жана чиймеге түшүрүүгө мүмкүн болгон гана элементтери көрсөтүлөт. Ал көп барактуу болуп түзүлүп, өтө чоң аймакты кучагына камтыйт. Ошондуктан аларды белгилүү тартип боюнча пайдалануу үчүн атайын номенклатура бекитилет. Ал эл аралык 1:1000 000 масштабдагы картанын негизинде түзүлгөн. Анын уз. 6°, кеңдиги 4°. Жер бетин меридиандар колоннага, параллелдер катарга бөлөт. Колонналар катар номер менен, катарлар экватордон түндүккө жана түштүккө карай латын алфавити менен берилет.

Топографиялык карталар математикалык, физикалык - географиялык жана социалдыкэкон. элементтерден турат. Матем. элементтерге карта түзүлгөн проекция масштаб, координаталары, рамкалары, номенклатурасы кирет. Физикалык -географиялык элементтерге рельеф ж. б. физикалык-географиялык сүрөттөөлөр кирет. Рельеф негизпнен бийиктик горизонталы, айрым сан мааниси аркылуу берилген чекиттер жана бийиктигин ар түрдүү түс менен боёо аркылуу чагылдырылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.