Уюлдук телефон

Википедия дан
Мобилдик телефондордун алгачкы смартфонго айлануусу

Уюлдук телефон (англ. cell phone) — БЛЭКПИИИНККК ЛЛАЛИСААА МАНОООБАННН КИИИМ ДЖИИИСУУУ ПАККК РООЗЕЕЕ КИММ ДЖЕЕЕННИИ УРАААА БЛЭКПИИИНННКК уюлдук байланыш кызматы бар жерде радио жыштык аркылуу телефон чалган жана чалууларды кабыл алган алып жүрмө телефон.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уюлдук телефондун жаралышы 1973-жылга таандык. Ошондо америкалык “Motorola” компаниясы азыркы уюлдук телефондордун түпкү атасы болгон Motorola Dyna TAC телефонун иштеп чыгарган. Ал эми Кыргызстанда уюлдук телефон 1994-жылы 12-июлда биринчи жолу шыңгыраган. Ошол күндөн тарта республикабызда уюлдук байланыштын доору башталган. Өлкөбүздө уюлдук байланыштын алгачкы оператору КАТЕЛ (Кыргыз–Америка телефону) болгон.

Алгачкы телефон[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Motorola DynaTAC — биринчи мобилдик телефон

"Motorola" компаниясы 1983-жылы DynaTAC8000X үлгүсүндөгү биринчи уюлдук телефонун чыгарат. Бул телефон 15 жыл дегенде иштелип чыгып, 100 миллион АКШ доллары сарпталган. Салмагы 794 граммды түзүп, заряды 8 саатка жеткен. Баасы 3 миң 995 АКШ долларын чапчыган.

Уюлдук телефон жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уюлдук телефон башында байланыш үчүн гана колдонулса, кийинчерээк анын жазуу китепчеси, сааты жана ойготуучу коңгуроосу пайда болду. Алардын артынан радио, фотоаппарат , интернет жана электрондук поч­та кошулду. Аны менен катар уюлдук телефондун жардамы менен көңүл ачууга, жакындарды куттуктоого, маалымат алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Капчыгы калыңдар үчүн

Учурда “люкс” классындагы телефондорду чыгаруучу "Nokia" компаниясынын бир бутагы болгон “Верту” компаниясы бар. Верту телефондорунун корпусу алтын, ак алтын, титан, болот жана башка баалуу, жогорку сапаттагы металлдардан жасалып, кымбат баадагылар болуп саналат. Бул телефондор чыгарыла баштаган 10 жыл ичинде бардарлыктын символу болуп, байлыкты даңазалоочу буюмга айланган. Анын эң атактуу түрү болуп Boucheron Cobra (Боушерон Кобра)саналат. Баасы 320 миң евро. Ал эми Signature (Сигнатур) жана Ascent (Аскент) үлгүлөрүн даярдоого 940 түрдүү бөлүкчөлөр колдонулат. Верту телефондорунун башка телефондордон дагы бир өзгөчөлүгү бар. Ал – бир гана Англия өлкөсүндө жасалгандыгы.

Дагы эмнеге жөндөмдүү болот?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уюлдук байланыш бара-бара­ өнүгүп отуруп, адамдарга ыңгайлуулуктарды алып келүүчү дагы бир канча кызматтары пайда болмокчу. Учурда дүйнөлүк операторлор алардын үстүндө иштешүүдө.

Коргоочулук

Телефон кожоюнун капысынан кол салган тоноочудан бир нече жол менен сактап кала алат. Биринчиден, ток менен. Бул үчүн телефондо электрошокер болуп, ал тоноочудан ток менен сактай алат. Же болбосо телефонго көрүүнү начарлатуучу күчтүү нур орнотулуп, ал да кол салуулардан сактайт.

Дарыгерлик

Телефон адамдын үнү, кан басымы жана денесинин температурасын көзөмөлдөп турат. Керектүү учурда автоматтык түрдө “Тез жардам” чакыра алат.

Майыптар үчүн

Көрүүсү начарларга радио толкундардын жардамы менен алдында эмне тургандыгынан кабар бере алат. Ал эми сүйлөй албагандар үчүн атайын режимде маек уюштуруп бере алат.

Уюлдук телефон дүйнөлүк базарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оруну Чыгаруучу Өлкө Белгиленген бирдиги
2011
Базардагы үлүшү
2011
Белгиленген бирдиги
2010
Базардагы үлүшү
2010
Белгиленген бирдиги
2009
Базардагы үлүшү
2009
1. Nokia  Финляндия 422.478.300 23,8 % 461.318.200 28,9 % 440.881.600 36,4 %
2. Samsung Корея 313.904.200 17,7 % 281.065.800 17,6 % 235.772.000 19,5 %
3. Apple  АКШ 89.263.200 5,0 % 46.598.300 2,9 % 24.889.700 2,1 %
3. LG Electronics Корея 86.370.900 4,9 % 114.154.600 7,1 % 121.972.100 10,1 %
4. ZTE  Кытай 56.881.800 3,2 % 28.768.700 1,8 % 16.026.100 1,3 %
5. Research In Motion  Канада 51.541.900 2,9 % 47.451.600 3,0 % 34.346.600 2,8 %
6. HTC Corporation Тайвань 43.266.900 2,4 % 24.688.400 1,5 % 10.811.900 0,9 %
7. Huawei  Кытай 40.663.400 2,3 % 23.814.700 1,5 % 13.490.600 1,1 %
8. Motorola  АКШ 40.269.000 2,3 % 38.553.700 2,4 % 58.475.200 4,8 %
9. Sony Mobile Communications Жапония Жапония
 Улуу Британия
32.597.500 1,8 % 41.819.200 2,6 % 54.956.600 4,5 %
Башка чыгаруучулар 597.326.900 33,7 % 488.569.300 30,6 % 199,617.200 16,5 %
жыйынтыгы 1.774.564.100 100 % 1.596.802.400 100 % 1.211.239.600 100 %
Оруну Чыгаруучу Өлкө Белгиленген бирдиги
2012
Базардагы үлүшү
2012
1. Samsung Корея 384.631.200 22,0 %
2. Nokia  Финляндия 333.938.000 19,1 %
3. Apple  АКШ 130.133.200 7,5 %
4. ZTE  Кытай 67.344.400 3,9 %
5. LG Electronics Корея 58.015.900 3,3 %
6. Huawei Technologies  Кытай 47.288.300 2,7 %
7. TCL Communication (Alcatel)  Кытай 37.175.600 2,1 %
8. Research In Motion (BlackBerry)  Канада 34.210.300 2,0 %
9. Motorola  АКШ 33.916.300 1,9 %
10. HTC Corporation Тайвань 32.121.800 1,8 %
Башка чыгаруучулар 587.399.600 33,6 %
жыйынтык 1.746.175.600 100 %

[1]

Чыгаруучулардын базардагы үлүшү процент менен Сатылган аппараттар
Жылдык квартал Nokia Samsung LG Apple RIM Sony Mobile Communications Башка
2011 жыл
II квартал[2] 24,2 19,2 6,8 5,6 Башканы караңыз Башканы караңыз 39,7 365,4 миллион
2010 жыл
2010 жыл 28,9 17,6 7,1 2,9 3,0 2,6 30,6 1,596 миллион
IV квартал[2] 30,8 20,1 7,6 4,0 2,9 2,5 33,2 401,4 миллион
III квартал 28,2 17,2 6,6 3,2 2,9 2,5 39,1 417,1 миллион
II квартал 34,2 20,1 9,0 2,7 3,4 3,4 27,2 325,6 миллион
I квартал 35,0 20,6 8,6 2,7 3,4 3,1 26,6 314,6 миллион
2009 жыл Жылдык жыйнтык 1,21 млрд.
IV квартал 36,4 19,5 10,1 Башканы караңыз Башканы караңыз 4,5 29,5 345,9 миллион
III квартал 36,7 19,6 10,3 2,3 2,8 4,3 24,0 308,9 миллион
II квартал 36,8 19,3 10,7 1,9 2,7 4,7 23,9 286,1 миллион
I квартал 36,2 19,1 9,9 1,5 2,7 5,4 25,2 269,1 миллион
2008 жыл Жылдык жыйынтык: 1,22 млрд.
IV квартал 37,7 18,3 8,9 1,5 Башканы караңыз 7,5 26,1 314,7 миллион
III квартал 38,2 17,1 7,8 Башканы караңыз Башканы караңыз 8,1 28,8 308,5 миллион
II квартал 39,5 15,2 8,8 0,3 Башканы караңыз 7,5 28,7 304,7 миллион
I квартал 39,1 14,4 8,0 0,6 Башканы караңыз 7,5 30,4 294,2 миллион
2007 жыл Жылдык жыйынтык 1,15 млрд.
IV квартал 40,4 13,4 7,1 Башканы караңыз Башканы караңыз 9,0 30,1 330,0 миллион
III квартал 38,1 14,5 7,1 Башканы караңыз Башканы караңыз 8,8 31,5 288,9 миллион
II квартал 36,9 13,4 6,8 Башканы караңыз Башканы караңыз 8,8 34,1 270,8 миллион
I квартал 35,7 12,5 6,2 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 8,4 37,2 257,3 миллионов
2006 жыл Жылдык жыйынтык 0,99 млрд.
IV квартал 36,2 11,3 6,3 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 9,0 37,2 284,2 миллион
III квартал 35,1 12,2 6,0 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 7,7 39,0 251,2 миллион
II квартал 33,6 11,1 6,3 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 6,7 42,3 229,1 миллион
I кварта 34,0 12,5 6,5 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 6,1 40,9 224,0 миллион
2005 жыл Жылдык жыйынтык 0,81 млрд.
IV квартал 35,0 12,1 7,2 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 6,9 38,8 235,1 миллион
III квартал 32,5 12,5 5,5 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 6,7 42,8 206,7 миллион
II квартал 31,6 12,9 6,7 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 6,1 42,7 193,6 миллион
I квартал 30,4 13,5 6,3 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 5,5 44,3 180,9 миллион
2004 жыл Жылдык жыйынтык 0,67 млрд.
IV квартал 33,0 12,2 6,8 Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 6,3 41,7 195,3 миллион
III квартал 30,2 13,4 Башканы караңыз Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 6,3 50,1 170 миллион
I квартал 28,9 12,5 Башканы караңыз Чыгарууну токтоткон Башканы караңыз 5,6 53,0
Жылдык Квартал Nokia Samsung LG Apple RIM Sony Ericsson Башка Сатылган аппараттар
Таякчада турган Башка кийинки компаниялар бул жакта:
Acer Inc., Alcatel, Anycool, Asus, Audiowox, Benefon, BenQ, Bosch (90-чу акырында жабылган), CECT, Gigabyte, Gresso, HTC, Huawei, Fly, Fujitsu, Kyocera, Mitsubishi Electric, Motorola, NEC, Neonode, Panasonic, Palm, Matsushita, Pantech Curitel, Philips, Qualcomm, Sagem, Sanyo, Sharp, Siemens ( III кварталында жабык 2005), Sendo, Sierra Wireless, SK Teletech, Toshiba, ZTE.

Nokia[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы кезде уюлдук байланыш дегенде эле көпчүлүк Нокиа аталышындагы телефондорду элестетишсе керек. А бирок Нокианын тарыхы тээ тереңде жатканын баары биле бербеши анык. 1865-жылы финляндиялык тоо инженери Фредрик Идестам Нокия дарыясынын жээгиндеги токойдон жыгач иштетүүчү фабрика куруу үчүн уруксат алат. Фабрика кийин чоң комбинатка айланат. Жумушчулардын көп келген агымынан улам Нокиа шаары пайда болот. “Nokia” деген сөз фин тилинен которгондо “карагай суусары” деген маанини билдирет. 1871-жылы "Нокиа корпорэйшн" ("Nokia Corporation") ишканасы болуп түзүлөт. Бара-бара өз кучагына башка тармактарды кошуп, кагаз, жыгач, резина өндүрүп, резина өтүктөрдү, көлөчтөрдү жана электр жабдыктарын чыгара баштайт. Өзүнүн өндүргөн товарлары менен Европа жана Америка өлкөлөрүн багындырууга жетишет. Ар тармакта алдыга жылып отуруп, 1960-жылы "Нокиада" электрондук бөлүм түзүлөт. Андан көп өтпөй эле, тактап айтканда, 1963-жылы биринчи радиотелефонду иштеп чыгышат. Мындай ар тармактуулук “Баарын жасаса болот жана баарын жасап көрүш керек” деген ураандын негизинде жаралат. 80-жылдардагы уюлдук байланыштын өнүгө башташы менен “Нокиа” фирмасы да башкаларга салыштырмалуу толук кандуу, ыңгайлуу уюлдук телефон иштеп чыгат. Ошентип, 1991-жылы азыр биз колдонуп жаткан GSM стандартындагы уюлдук байланышы Финляндияда ачылат. Биринчи болуп Нокиа телефонунан өлкөнүн премьер-министри Ахо Эско Тапани коңгуроо кылган. Ошол мезгилден тарта Нокианы телекоммуникация тармагында токтотуу мүмкүн болбой келет.

Оллиланын доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-жылы “Нокианын” уюлдук телефондор бөлүмүнүн жетекчилигине Йорма Оллила келет. Өзүнүн көрөгөчтүгү менен келечек уюлдук байланыштын заманы экенин түшүнүп, каражаттын баарын ушул тармакка сарптайт. Ийгиликтер жарала баштагандан тарта, башкача айтканда, 1992-жылы Оллила “Нокианын” башчысы болуп шайланат. Ал тез арада ишкананын башка тармактарын кыскартып, негизги басымды уюлдук телефондорго коёт. 5 жылдын ичинде “Нокиа” 31 өлкөгө GSM стандартындагы уюлдук байланышынын лицензиясын сатып, 59 уюлдук оператор элге кызмат көрсөтө баштайт. Аны менен бирге эле Нокиа телефондору Азия менен Европада кеңири таралат. Негизги атаандаштар болгон "Ericsson" менен "Motorola" компаниялары артта калат. Акырындап отуруп, “Нокиа” дүйнөлүк брендге айлана баштайт. Ал гана эмес, америкалыктар уюлдук байланыш үчүн дүйнө жүзү Европа менен кошо “Нокиага” милдеттүү деп моюнга алат. Айтмакчы, Йорма Оллила бүгүнкү күндө да “Нокианы” жетектеп келет.

Samsung кореянын 3 жылдызы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айтылуу “Samsung” компаниясы 1938-жылы азык-түлүк тармагындагы ишкана болуп түзүлөт. Негиздөөчүсү – Ли Бьонг Чхуль. Ал кезде Корея Японияга колония болуп турганына карабастан, ал өз алдынча иш баштоону чечет. “Самсунг” деген сөз "үч жылдыз" деген маанини билдирет. Чхуль "Үч жылдыз" деп үч эркек уулунун урматына атап койгон. Экинчи Дүйнөлүк согуштун кыйынчылыктарына карабастан, Чхуль акырындан алдыга жылып отурат. Иштин көзүн билип калган Ли 1969-жылы япондор менен бирдикте "Самсунг Электроникс" ишканасын негиздеп, сыналгыларды чыгара баштайт. Убакыттын өтүшү менен жаңы түптөлгөн компания электрондук, тиричилик буюмдарын чыгарып, Кореяда гана эмес, эл аралык аренада да өз ордун ээлей баштайт. Компаниянын уюлдук телефондору тууралуу айтсак, 2 сим-карталуу телефонду дал ушул компания чыгарган. Биринчи болуп күндүн энергиясы менен иштей турган телефонду да иштеп чыккан. Учурда Самсунг уюлдук телефондору өтүмдүүлүгү жагынан дүйнөдө 2-орунду эч кимге бербей келет.

Чыгыш менен батышты бириктирген Sony Ericsson[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Уюлдук телефондордун эң жашы, сырткы келбети жагынан эң келишимдүүсү деп Сони Эриксонду айтса болот. Анткени компаниянын түзүлгөнүнө 14 гана жыл болгонуна карабастан, миллиондордун жүрөктөрүнөн орун таба алды. Тарыхына кайрыла кетсек, компания 2001-жылы швециялык "Эриксон" жана жапониялык "Сони" ишканаларынын биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн. Башкача айтканда, Сони Эриксон телефондорун чыгыш менен батыштын маданиятынан келип чыккан шедевр десек болот. Компания чыгарган тун аппарат болуп Т68i үлгүсү эсептелет. Бул алгачкы телефон түстүү экраны менен айырмаланган. Ушул эле үлгүдө уюлдук телефондордо биринчи жолу фотоаппарат орнотулганын айта кетүү абзел. Ишкана аз убакыт ичинде телекоммуникация тармагында чоң ийгиликтерге жетише алган. 2008-жылдан бери компания дүйнөнүн телефон сатуу базарында 5-орунда бекем орун алып келет.

Кызыктуу фактылар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Дүйнө жүзү боюнча 3 миллиард 300 миллиондон ашуун уюлдук телефон бар. Демек, Жер планетасынын калкынын жарымы уюлдук телефонду колдонот.
  • Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 125 миллиондон ашуун телефон керектен чыгып, ыргытылат. Ал эми уюлдук телефонун эң тез алмаштырган улут болуп корейлер саналат.
  • Статистикага кайрылсак, 2009-жылдын 6 айында дүйнөдө 555 миллион телефон сатылган. Бул көрсөткүч 2009 жылдын май айынв салыштырмалуу 44 миллионго аз. Баарынан эң көп “Нокиа” компаниясынын аппараттары сатылган. Кийинки орундарда “Самсунг” жана “LG” компаниясынын продукциялары турат.

Кыскача маалыматтар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1984-жылы Жер жүзүндө уюлдук байланыштын 300 миңдей абоненти болсо, 2003-жылга 1,2 миллиард адамга өскөн. 2010 жылы 5 миллиард адамга жеткен.
  • 2009 жылдын биринчи жарымында “Nokia” компаниясы 107,8 миллион даана; "Samsung" – 64,3 миллион; "LG" ("ЛЖ") –

27,1 миллион; "Motorola" – 10,6 миллион жана "Sony Ericsson" 10,5 миллион телефон сатышкан.

  • Жыл сайын 125 миллион уюлдук телефон таштандыга ыргытылат. Алар бузулганы үчүн эмес, кожоюндары тажаганы үчүн. Мисалы, корейлер ар 11 ай сайын телефонун алмаштырып турушат.
  • Эстониялыктар шайлоого барып отурбай эле, телефон аркылуу добуш берүү системасын ишке ашыруу менен алек. Сыягы, бюллетендерди үнөмдөөнү чечишкен го.
  • "Nokia" компаниясы Нокиа 3410 үлгүсүндөгү телефонун Азия чөлкөмүнө 148 даана гана сата алган. Ал эми ушул эле үлгү батышта чоң суроо-талапка ээ болгон. "Мунун сыры – азиаттар “4” санын кооптуу, бактысыз деп эсептегенинде" деген маалыматтар бар.
  • Уюлдук байланыш дүйнөдө бир гана Тувин аралында (өлкөсүндө) жок.
  • Суук мезгилде телефонду денеге жакын алып жүрүү керек.
  • Муздак телефонду заряддоого болбойт.
  • Англия менен Германияда поезддин жүргүнчүлөрү жол акысын телефондун жардамы менен эле төлөп коё алышат. Билет акысын төлөнгөндүгүн тастыктаган телефондогу билдирүүнү кондукторго көрсөтүп түшүп кете алышат.
  • Түштүк Кореялык SK Telecom уюлдук оператору чиркейден тажаган абоненттер үчүн өзгөчө кызмат ойлоп тапкан. Тактап айтканда, телефонго кошумча функция кошулуп, өзгөчө үн чыгаруу жолу менен адамга чиркейди жолотпойт. Мындай кошумча кызматтына кошулуу акысы 2,5 доллар.
  • Америкалык Cricket (Крикет) уюлдук оператору “Гиннес” рекорддор китебинин рекордун жаңыламакчы. Тактап айтканда, алар дүйнөдөгү эң чоң уюлдук телефонду чыгаруунун үстүндө иштеп жатышат.
  • Изилдөөлөр боюнча уюлдук телефонду колдонуучу эгер телефонун унутуп койсо, болжол менен ар бир 18 мүнөт сайын аны эстейт. Ал эми кредиттик картасын же айдоочулук күбөлүгүн унутуп койсо, бир күн бою эстебей жүрө алат.

Дагы караңгыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Мобилдик телефондордун дүйнөлүк базардагы сатылуу анализи 2012
  2. 2.0 2.1 International Data Corporation