Apache HTTP Server

Википедия дан

Apache HTTP-сервер (айтылышы / ə.ˈpæ.ʧi/, түндүк америка индейлеринин бир уруусу болгон апачелердин атынан аталган; анан да, англ. a patchy server'дин кыскартылганы болуп саналат; орус колдонуучулары көбүнчө "апа́ч" деп айтышат) — эркин веб-сервер.

Apache кайчылаш-платформалык ПК болуп эсептелет, Linux, BSD, Mac OS, Microsoft Windows, Novell NetWare, BeOS операциондук системдерин колдойт.

Apache'нин ишенимдүү жана ийкемдүү конфигурациясын анын негизги артыкчылыгы деп эсептешет. Ал берилиш камсыз кылуу үчүн тышкы модулдарды кошууга, колдонуучуну тастыктоо үчүн БББСны колдонууга, ката жөнүндө билдирүүлөрдү өзгөртүүгө ж.б. жол берет. IPv6'ны колдойт.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Коопсуздук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Apache коопсуздук камсыз кылуучу жана берилиштерге жеткилик чектөөчү түрдүү механизмдерге ээ. Алардын негизгилери төмөнкүлөр:

  • Айрым маалымдамаларга же файлдарга жеткилик чектөө;
  • Маалымдамага жеткилик берүү үчүн колдонуучулардын авторлугун HTTP-тастыктоо (mod_auth_basic) жана digest-тастыктоонун (mod_auth_digest) негизинде аныктоо.
  • Айрым маалымдамаларга же бүтүндөй серверге колдонуучулардын IP-даректеринин негизинде жеткилик чектөө.
  • Айрым файл түрлөрүнө жетүүгө колдонуучулардын бардыгына же бир бөлүгүнө тыюу салуу.
  • Авторлук аныктоону БББС же РАМ аркылуу ишке ашырган модулдар бар.

Кээ бир MPM-модулдарда түрдүү uid жана gid'терге туура келген колдонуучулар жана топтор менен Apache'нин ар бир жараянын иштетүү мүмкүн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]