Blizzard Entertainment

Википедия дан

Blizzard Entertainment, Inc.Калифорниянын Ирвайн жергесинде жайгашкан америкалык видео оюн иштеп чыгаруучу жана басмаканасы. Ал Америкадагы Activision Blizzard'дын туунду компаниясы болуп саналат. Компания Лос Анжелестеги Калифорния университетинин үч бүтүрүүчүсү, Майкл Морхайм, Фрэнк Пирс жана Аллен Адам тарабынан Silicon & Synapse деген ат менен 1991-жылы 8-март күнү түзүлгөн. Компания алгач негизинен башка студиялар үчүн оюн портторун чыгаруу менен алектенген. Андан кийин 1993-жылы Rock n' Roll Racing жана The Lost Vikings оюндары сыяктуу өз программасын иштеп чыгаруу менен алектене баштаган. 1994-жылы таратуучу Davidson & Associates тарабынан сатылып алынгандан кийин компания Chaos Studios, андан кийин Blizzard Entertainment, Inc. болуп өзгөргөн.

Көп өтпөй Blizzard Warcraft: Orcs & Humans аттуу оюнду жарыкка чыгарган. Blizzard андан ары Warcraft уландылары, Diablo цикли, StarCraft цикли жана 2004-жылдагы массалык көп оюнчуга негизделген онлайн рол аткаруучу World of Warcraft сыяктуу башка видео оюндарды жаратуунун үстүнөн иштөөнү уланткан. Алардын соңку долбоорлоруна Diablo IIIтүн биринчи кеңейтилиши, Reaper of Souls, онлайн карта чогултуу оюну Hearthstone, World of Warcraftтын алтынчы кеңейтилиши, Legion, көп оюнчуга негизделген онлайн согуш майданы Heroes of the Storm, үчүнчү жана акыркы жолку кеңейтилген StarCraft II: Wings of Liberty, Legacy of the Void жана көп оюнчуга негизделген биринчи жактан аткыч каарман Overwatch оюну кирет.

Blizzard Entertainment өз күйөрмандары менен жолугушуп, оюндарын жарнамалаш үчүн конференцияларды өткөрүп турат. Алар АКШнын Калифорниясындагы BlizzCon, Франция жана Түштүк Корея сыяктуу башка өлкөлөрдөгү Blizzard Worldwide Invitational иш-чаралары.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]