Мазмунга өтүү

Candy Crush Saga

Википедия дан
Candy Crush Saga
Иштеп чыгуучу King
Басып чыгаруучу King
Платформалар App Store, Google Play, Windows Phone Store, Amazon Appstore, Microsoft Windows, Linux
Чыгарылган күнү Браузер:
12-апрель 2012
iOS:
14-ноябрь 2012
Android:
14-декабрь 2012
Fire OS:
11-декабрь 2014
Windows Phone:
6-сентябрь 2012
Microsoft Windows:
29-июль 2015
Жанрлары баш катырма

Candy Crush Saga — Мобилдик оюндарды түзгөн «King» студиясынын эӊ көп көчүрүлгөн оюну – «Candy Crush Saga». Студиянын тапкан кирешесинин 78 пайызын дал ушул оюн алып келет. Күйөрмандары тарабынан секундасына 10 миӊ жолу ачылган «Candy Crush Saga`нын» негизги аудиториясын 25-50 жаштагы айымдар түзөт. 2013-жылы аталган оюн Фейсбуктагы эӊ популярдуу оюн, «Аррlе» компаниясынын рейтингинде «2013-жылдын мыктысы» аталган. Saga сөзү студиянын бардык оюндарынын аталышында колдонулуп келет. Ал гана эмес бул сөз үчүн башка оюн студиясы менен соттошуп кеткен. 2014-жылы соода маркасы катары бул сөздү каттатышкан. «King» студиясынын негиздөөчүсү – италиялык Рикардо Закони. Студия 2003-жылы негизделген.

Сырткы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]