GPS-трекер

Википедия дан
GPS-трекердин иштөө схемасы

GPS-трекер – (Дагы бир аталышы GPS-көзөмөлдөгүч) Автоунаалардын кароолчусу, көзөмөл жүргүзүп туруучу аспап. Аны автоунаадан тышкары адамдарга же башка объектилерге да орнотууга болот. Объекттин так ордун аныктоо үчүн GPS (Global Positioning System – ээлеген ордун аныктоочу глобалдык система) колдонулат. Трекер спутник технологияларынын негизинде иштейт. Ал спутниктен берилген толкундарды кабыл алып, маалыматты GPRS түйүнү аркылуу серверге (башкы компьютер) жеткирет. Сервер адатта компанияга таандык болуп, маалыматтарды кардарлардын компьютерлерине жөнөтүп турат. Кардар компьютерден карта аркылуу объекттин ордун, кыймылын көрө алат.

Кандай пайдасы бар?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

GPS-трекер көбүнчө коммерциялык компанияларда транспортту максаттуу пайдалануу үчүн колдонулат. Анткени ал автоунаага толук көзөмөл жүргүзүүгө шарт түзөт. Муну менен айдоочулардын “солго” басуусунун алдын алып, май үнөмдөлөт. Бул аспаптын дагы бир үстөмдүгү – ал ишенимдүү кароолчу болуп берет, башкача айтканда, уурулардан сактайт. GPS-трекер орнотулган (адатта кайда орнотулгандыгы жашыруун сакталат) автоунааны уурдоодон пайда жок. Көп узатпай эле таап алышат. Ошондой эле GPS-трекердин жардамы менен автоунаа эле эмес, андагы баалуу жүктү же болбосо жакын адамдарды коргоого болот.

GPS-трекер башка буюмдарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдарга көзөмөл жүргүзүп туруучу, күнүмдүк турмушта колдонууда абдан ыңгайлуу болгон персоналдык аспаптар бар. Мисалы, кол саатка орнотулган GPS-трекерлер. Балдарга сатып берип, саат кылып тагып коёсуз да, сутка бою балаңыз кайда жүргөнү тууралуу биле аласыз. Персоналдык трекерлер адамдардан тышкары үй жаныбарларына да көзөмөл кылууга арналган. Ошондой эле кээ бир уюлдук телефондордо GPS-трекер бар.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]