Grand Theft Auto V

Википедия дан

Grand Theft Auto V — Rockstar North тарабынан иштелип чыгып, Rockstar Games тарабынан жарыкка чыккан экшн укмуштуу окуя видео оюну. Ал 2013-жылдын 17-сентябрында PlayStation 3 жана Xbox 360 үчүн, 2014-жылдын 18-ноябрында Playstation 4 жана Xbox One, ошондой эле 2015-жылы 14-апрелинде Microsoft Windows үчүн чыгарылган. Бул Grand Theft Auto сериясынын 2008-жылдагы Grand Theft Auto IV'төн берки биринчи негизги чыгарылышы болуп саналат. Түштүк Калифорнияга негизделген Сан Андреас аттуу ойдон чыгарылган штатта орун алган, бир оюнчуга негизделген оюн үч кылмышкердин жана мамлекеттик бийликтин басымы астында уурулук кылууга аракет жасаган окуясына жетелейт. Ачык дүйнө дизайны оюнчуларга Сан Андреастын ачык айыл жеринде жана Лос Анжелеске негизделип жасалган ойдон чыгарылган Лос Сантосто саякаттоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Оюн үчүнчү кишинин же болбосо биринчи кишинин көз карашы менен ойнолот. Оюндагы дүйнөдө бут менен басып жүргөнгө болот, же унаа менен багытталат. Оюнчулар башкы үч каарманды акырына чейин бир оюнчу катары башкарышат жана бири-бири менен тапшырма учурунда же тапшырмадан тышкары которуштурганга болот. Окуя каракчылык окуяларынын айланасында өнүгүп, көптөгөн тапшырмалар атышуу жана машина айдоо тактикаларын камтыйт. Кылмыш жасаган оюнчулар үчүн күч органдарынын "изделүүдө" деген системасы бийлик жүргүзөт. Grand Theft Auto Online аттуу көп оюнчуга негизделген онлайн режими ачык дүйнөнү изилдөөдө жана кызматташуу же атаандашуу оюн таймаштарында 30 оюнчуга чейин катышууга мүмкүнчүлүк берет.

Кеңири жарнамаланган жана көптү күттүргөн оюн сатуу боюнча рекорддорду коюп, биринчи эле күнү 800 миллион АКШ долларын, ал эми алгачкы үч күндө эле 1 миллиард АКШ долларын топтоо менен тарыхтагы эң тез сатылган көңүл ачуучу продукция болуп калган. Ал кеңири катмардын оң сын-пикирине татып, көп башкы каарман дизайны, ачык дүйнөсү, сунуш кылынышы жана оюн тактикасы мактоого алынган. Бирок аялдарды сүрөттөөгө жана туткунду суракка алуу учурундагы зордук-зомбулук тапшырмаларына карата карама-каршы ой-пикирлерди пайда кылган. Консол оюндарынын жетинчи муунундагы эң көрүнүктүү оюн болуп эсептелген жана жалпы эле жасалган эң мыкты оюндардын катарынан орун алган Grand Theft Auto V жыл аягындагы сыйлыктарды утуп алган. Анын ичинде бир нече оюн басылмаларынын "Жыл оюну" наамдары да бар. Ал 80 миллиондон ашуун нускада сатылып, тарыхтагы бестселлер видео оюндардын бири болуп эсептелет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]