Heineken Music Hall

Heineken Music Hall

Жайгашкан жери Нидерланддар, Амстердам, АренА Бульвар, 590
Түптөлүшү 2001
Сайты http://www.heineken-music-hall.nl/
Heineken Music Hall Викиказынада
Heineken Music Hallдун Амстердам Аренасынын жанындагы жайгашуусу

Мюзик-холл «Хейнекен» (англ. Heineken Music Hall) — Амстердамдагы (Нидерланддар) концерттик зал, Амстердам АренА стадионунан жакын арада жайгашкан. Концерттерди өткөрүүдө колдонулуучу 3000 м² аянты менен Чоң залы бар («Кара коробка» деп дагы айтылат), батырымдуулугу 5500 адамга чейин. Андан сырткары 700 адамды батырган кичи залы да бар[1].

Мюзик-холл атайы поп-концерттер үчүн долбоорлонуп курулган. Бул жерде Бейонсе, Radiohead, Keane жана Pink[2] сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар өзүлөрүнүн концерттерин коюшкан. Бир нече рок-топтор дагы залды колдонуп келишет. Алардын ичинде ушул жерден Live from Amsterdam деген DVD концертин жаздырган Alter Bridge хард-рок-тобу да болгон. Мындан сырткары зал голландиялык Q-Dance компаниясы тарабынан өзүнүн, бир жылы бир жолу өтүүчү, X-Qlusive сериясындагы саамалыктарын өткөрүүдө колдонуп келишет. Комплекстин архитектору — Фриц ван Донген[3].

2012-жылы 27-февралда зал Еврокөрүнүү 2012 балдар ыр сынагын өткөрүлүүчү жайы катары жарыяланган[4].

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]