Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012

Википедия дан
Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012
Break The Ice! (Музду жар!)
Jesc2012logoshchb.png
Дата 1-декабрь 2012-жыл
Алып баруучулар Эвоут Генеманс
Ким Лиан Ван Дер Мей
Мүдүр Netherlandsch.png Ситце Баккер
Кожоюн телеканал Netherlandsch.png AVRO
Өткөрүлүүчү жай Netherlandsch.png Нидерланддар, Амстердам, Heineken Music Hall
Жеңүүчү ыр Ukrainech.png «Небо», (Украина)
Добуш берүү ыкмасы 50/50 - телекөрүүчүлөр/калыстар
Өлкөлөрдүн саны 12
Алгачкы катышуу Azerbaijan.png Азербайжан

Albaniach.png Албания
Israelch.png Израиль

Баш тартуу Bulgariach.png Болгария

Latviach.png Латвия
Lithuaniach.png Литва
Macedoniach.png Македония

Нөл упай болгон эмес
Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012
2011    Eurovision Heart (Infobox).svg.png    2013
     Катышуучу өлкөлөр      Катышуудан баш тарткан өлкөлөр
Амстердамдагы Heineken Music Hall
Алып баруучулар Эвоут Генеманс жана Ким Лиан Ван Дер Мей
Анастасия Петрик, сынактын жеңүүчүсү
2012-жылкы сынактын сахна жасалгалоосу

Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы 2012 — Нидерланддардын борбор калаасы Амстердамда 2012-жылдын 1-декабрында болуп өткөн онунчу, мааракелүү балдар ыр сынагы. Сынак Heineken Music Hall аренасында өткөрүлгөн[1]. Бул жылы Украиналык сынакчы, 10 жаштагы Анастасия Петрик "Небо" деген ыры менен 138 упай топтоп жеңүүчү аталды.

Уюштуруучуну тандоо жана өткөрүлүүчү жай[оңдоо | булагын оңдоо]

2011-жылдын 11-октябрында Ереванда өткөн делегациялардын башчыларынын жолугуусунда уюштуруучу-өлкө катары Нидерланддар жарыяланган.[2]

2012-жылы 27-февралда Европа телерадио бирикмеси жана уюштуруучу-телеканал AVRO, уюштуруучу топтун отурумунда, сынак 2012-жылдын 1-декабрында Нидерланддардын борбор шаары Амстердамдагы Heineken Music Hall аренасында өтө тургандыгын далилдешкен.[1]

Сынактын концепциясы, логотиби жана шөкөтү даяр экендиги Бакыдагы Еврожумалыкта жарыяланган[3].

Эрежелердеги өзгөрүүлөр[оңдоо | булагын оңдоо]

Мурда катышкан жаш аткаруучулардын кайрадан катышуусуна тыюу салган эреже жокко чыгарылды. Аны менен бирге эле добуш берүү системасына кесиптүү калыстар тобунан жана телекөрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнөн сырткары, ар бир өлкөдөн бир өкүлдөн турган, 10 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдардан түзүлгөн балдар калыстыгы да кошулган. Бул калыстар стандарттуу 1-12 упайларды ыйгарат[3].

Сынактын алып баруучулары[оңдоо | булагын оңдоо]

2012-жылы 27-февралда Европа телерадио бирикмеси жана уюштуруучу-телеканал AVRO, уюштуруучу топтун отурумунун убагында, 2012-жылкы сынактын алып баруучуларынын ысымдарын ырасмый түрдө аташкан, алып баруучулар болуп Эвоут Генеманс менен Ким-Лиан Ван Дер Мей дайындалышкан.[1]

Эвоут Генеманс Нидерланддардагы популярдуу ырчы, актер жана телепродюсер, ошондой эле 2011-жылкы Еврокөрүнүү балдар ыр сынагы үчүн улуттук тандоонун — «Junior Eurovisiesongfestival» финалынын алып баруучусу болгон.[4]

Ким-Лиан Ван Дер Мей Нидерланддардагы музыкалдуу актриса, 2007-жылы Сипке Ван Бусема менен биргеликте Роттердамда өткөн Еврокөрүнүү балдар ыр сынагынын алып баруучусу болгон.[5]

Улуттук тандоолор[оңдоо | булагын оңдоо]

Бардык катышуучу-өлкөлөрү ачык түрүндөгү улуттук тандоолорду (теледобушберүүнү колдонуу менен) өткөрүүсү зарыл, бирок бир нече өлкөлөргө ЕТРБ ички тандоо жүргүзүүсүнө уруксат берет, сынакка катышышы үчүн эле. Мисалы 2010-чу жана 2011-жылдары бөтөнчө Латвия үчүн кана уруксат берилген.

Сынакка катышуу үчүн табыштама берген өлкөлөр, октябрь айыында болп туруучу уюштуруучу топтун отурумуна чейин ачык же ички тандоолорду өткөрүүгө милдеттүү. Бул жылы ачык улуттук тандоолорду Орусия, Швеция, Украина, Беларусь, Армения, Албания, Молдова, Бельгия жана Нидерланддар өткөргөн.

Өлкө Дата Тандоо Телеберүү Маалымат
Russiach.png Орусия 3-июнь 2012 Улуттук Тур Russiach.png Россия-1/РТР-Планета Орус улуттук тандап алуу турунун финалы «Академиялык» концерт залында өтткөн. Жеңүүчү болуп «Сенсация» деген ыры менен Валерия Енгалычева[6] табылган.
Swedench.png Швеция 6-июнь 2012 Lilla Melodifestivalen 2012 Swedench.png SR/SVT Стокгольмдогу «Gröna Lund»дун башкы сахнасында болгон Lilla Melodifestivalen 2012, сынагынын жеңүүчүсү — Лова Сённербо, «Mit mod» деген ырды аткарган[7].
Ukrainech.png Украина 8-июль Дитяче Євробачення-2012 Ukrainech.png NTU Украин тандоосунун финалы Артекте өтткөн. Анастасии Петриктин аткаруусундагы «Nebo» ыры жеңген[8]
Israelch.png Израиль 10-октябрь Ички тандоо Israelch.png IBA Тандоо турунун жеңүүчүсү — Kids.il, «Let the music win»[9]
Belarusch.png Беларусь 28-сентябрь Еврокөрүнүү үчүн ыр-2012 Belarusch.png BRTC Тандоо турунун жеңүүчүсү болуп Егор Жешко табылган, «А море, море..» ыры менен[10][11]
Armeniach.png Армения 30-сентябрь Մանկական Եվրատեսիլ 2012 Armeniach.png ARMTV Тандоо турунун жеңүүчүсү — Compass band, «Sweetie baby»[12]
Albaniach.png Албания 4-октябрь Junior Fest Albania 2012 Albaniach.png RTSh Тандоо турунун жеңүүчүсү — Игзидора Гьета, «Kam një këngë vetëm për ju»[13] (англ.)[14]
Moldovach.png Молдова 5-октябрь Ички тандоо Moldovach.png ТРМ Молдованы сынакта «Toate vor fi» ыры менен Денис Мидонэ көрсөткөн[15]
Belgiumch.png Бельгия 6-октябрь Junior Eurosong 2012 Belgiumch.png VRT Бельгияны сынакта «Abracadabra» ыры менен Фабиан Фейартс көрсөткөн[16]
Netherlandsch.png Нидерланддар 6-октябрь Junior Eirosongfestivalen 2012 Netherlandsch.png AVRO Тандоо турдун финалы 6-октябрда болгон. 2 жарымфиналдардын жыйынтыгы боюнча финалга 4 катышуучу чыккан. «Tik Tak Tik» деген ыры менен Фемке жеңүүчү[17].
Azerbaijan.png Азербайжан 9-октябрь Улуттук тандоо туру Azerbaijan.png Ictimai TV Улуттук тандоонун жеңүүчүлөрү Омар Султанов жана Суада Алекперова[18]
Georgiach.png Грузия 10-октябрь Ички тандоо Georgiach.png GPB Тандоо турунун жеңүүчүсү — «Funky Lemonade» ырын аткарган «The Funkids» тобу[19]

Катышуучулар[оңдоо | булагын оңдоо]

Европа телерадиоберүү бирикмеси катышуу үчүн табыштамаларды кабыл алууну 2012-жылдын 2-июлунда ырасмый токтоткон, бирок катышуучу өлкөлөрдүн саны төмөн болгондуктан EBU табыштамаларды кабыл алуу мөөнөтүн октябрдын ортосуна чейин узарткан. 2011-жылы ЕТРБ жана ARMTV Балдар үчүн Еврокөрүнүү 2011 сынагына кошумча табыштамаларды кабыл алуусун чечишкен, бирок жыйынтыгында сынакка бир кана Болгария кошулган. 2012-жылы сынакка катышуу макулдугун 12 өлкө тактады.

Өлкө Тил Аткаруучу Ыр Котормо Орун Упай
1 Belarusch.png Беларусь Орусча, Италянча Егор Жешко «А море, море» 09 56
2 Swedench.png Швеция Шведче Лова Сөннербо «Mitt Mod» «Менин кайратым» 06 70
3 Azerbaijan.png Азербайжан Азербайжанча, Англисче Омар Султанов менен Суада Алекперова «Girls and Boys (Dünya Sənindir)» «Кыз балдар жана (Дүйнө сеники)» 11 49
4 Belgiumch.png Бельгия Голландча Фабиан Фейартс «Abracadabra» «Абракадабра» 05 72
5 Russiach.png Орусия Орусча, Англисче Валерия Енгалычева «Sensation» «Жаңырык» 04 88
6 Israelch.png Израиль[3] Англисче, Жөөөтчө, Орусча, Французча, Kids.il «Let the music win» «Музыка жеңсин» 08 68
7 Albaniach.png Албания Албанча Игзидора Гьета «Kam një këngë vetëm për ju» «Мен сен үчүн ыр жаздым» 12 35
8 Armeniach.png Армения Армянча, Англисче Compass band «Sweetie baby» «Таттуу балакай» 03 98
9 Ukrainech.png Украина Англисче, Украинче Анастасия Петрик «Nebo» «Асман» 1 138
10 Georgiach.png Грузия Англисче, Грузинче The Funkids «Funky Lemonade» «Шайыр Лимонад» 02 103
11 Moldovach.png Молдова Англисче, Молдованча Денис Мидонэ «Toate vor fi» «Бардыгы жакшы болот» 10 52
12 Netherlandsch.png Нидерланддар (уюштуруучу) Голландча Femke «Tik Tak Tik» «Тик Так Тик» 07 69

Добуш берүү жадыбалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Жыйынтыктарды жарыялоодон мурда ар бир катышуучу Европа телерадиоберүү бирикмесинен жана AVRO телеканалынан 12 упайдан алышкан.

Алган\берген өлкөлөр Europeanunionch.png БК Belarusch.png Swedench.png Azerbaijan.png Belgiumch.png Russiach.png Israelch.png Albaniach.png Armeniach.png Ukrainech.png Georgiach.png Moldovach.png Netherlandsch.png Баары
Belarusch.png Беларусь 12 1 - 1 7 2 4 1 2 7 10 7 2 - 56
Swedench.png Швеция 12 6 7 - 1 5 5 7 12 2 2 7 4 70
Azerbaijan.png Азербайжан 12 2 2 3 - 1 3 - 10 - 5 8 - 3 49
Belgiumch.png Бельгия 12 3 3 7 3 - 7 6 7 5 1 4 6 8 72
Russiach.png Орусия 12 8 10 8 2 8 - 4 - 8 6 6 10 6 88
Israelch.png Израиль 12 4 5 4 5 4 8 - 1 6 8 3 1 7 68
Albaniach.png Албания 12 - - - 12 - - 3 - 1 - 1 4 2 35
Armeniach.png Армения 12 5 8 6 - 7 10 10 3 - 12 12 3 10 98
Ukrainech.png Украина 12 10 12 12 4 12 12 12 6 12 - 10 12 12 138
Georgiach.png Грузия 12 12 6 10 8 6 6 8 5 10 7 - 8 5 103
Moldovach.png Молдова 12 - 4 2 10 3 2 5 4 3 4 2 - 1 52
Netherlandsch.png Нидерланддар 12 7 1 5 6 10 1 2 8 4 3 5 5 - 69

12 упай[оңдоо | булагын оңдоо]

Саны Алган өлкө Берген өлкө
8 Ukrainech.png Украина Belarusch.png Беларусь, Swedench.png Швеция, Belgiumch.png Бельгия, Russiach.png Орусия, Israelch.png Израиль, Armeniach.png Армения, Moldovach.png Молдова, Netherlandsch.png Нидерланддар
2 Armeniach.png Армения Ukrainech.png Украина, Georgiach.png Грузия
1 Albaniach.png Албания Azerbaijan.png Азербайжан
Georgiach.png Грузия БК (балдар калыстыгы)
1 Swedench.png Швеция Albaniach.png Албания

Кайтып келген аткаруучулар[оңдоо | булагын оңдоо]

Бул жылы бир кана төмөнкү аткаруучу кайтып келген. Эскерте кетсек, мурдагы жылдары сынакка бир жолу катышкан жаш ырчы кайра катыша алчы эмес, бул эрежени быйыл алып салышкан.

Өлкө Аткаруучу Жыл(дар) Мурдагы Орун
Moldovach.png Молдова Лерика 2011 (Moldovach.png Молдовадан) 6

Алгачкы катышуу[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Azerbaijan.png Азербайжан — «Азербайжан мурда эч качан Балдар Еврокөрүнүүсүнө катышкан эмес. Биз азырынча биринчи жолу 2012-жылкы сынакка кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн кана талкулоодобуз. Азыр бир нерсе деп айтууга эрте», Азербайжандын Ичтимаи телеканалынан жооп[3].
  • Albaniach.png Албания — Алгачкы катышуу 2005-жылы болуш керек болчу, бирок белгисиз себептерден улам Албания табыштама берген эмес. 25-июль күнү RTSh телеканалы 2012-жылы катышууга ырасмый табыштама берди.
  • Israelch.png Израиль — Алгачкы катышуу 2008-жылы болуш керек болчу, бирок каржы маселесинен улам табыштама алып салынган. 2012-жылы 10-июлда IBA телеканалы мамлекеттин сынакта катышуусу жөнүндө ырасмый жарыялады.

Баш тартуу[оңдоо | булагын оңдоо]

  • United Kingdomch.png Улуу Британия — каржы көйгөйлөрү BBC.
  • Denmarkch.png Дания — ДаниянынMelodi Grand Prix Junior 2012 тандоосу январь айында өтүп катышуучу тандалган эле, бирок эрежелер мындай эрте өткөрүүгө тыюу салат. DR бөтөнчөлүктү ЕРТБдан суранышкан, бирок бары бир катышууга уруксат бербей койгон.
  • Spainch.png Испания — Мурдагы жылы TVE кайтып келүү аракеттерин жасоодо болчу, бирок сүйлөшүү убактысынын тардыгы тоскоол болуп калган. 2012-жылы өлкө сынакка кайтып келген жок.
  • Cyprusch.png Кипр — CyBC Бакыдагы Еврожумалыкта каржы маселесинен улам быйыл сынакка катышыҲшпоосун билдиришкен.
  • Latviach.png Латвия — каржы көйгөйлөрү.
  • Lithuaniach.png Литва — каржы көйгөйлөрү.
  • Maltach.png Мальта — PBM жана TVM тандоо өткөрүү ашыкча сарптуу деп эсептешет, бул жылы катышуу укугу TVMге өткөн болчу.
  • Norwaych.png Норвегия — ички көйгөйлөр. NRK.
  • Portugalch.png Португалия — ЕТРБдан чакыруу алышкан, бирок өлкөдөгү каржы жаатындагы татаалдыктардан улам катышуудан баш тартышканын жарыялашкан.
  • Romaniach.png Румыния — каржы көйгөйлөрү.
  • Serbiach.png Сербия — январда РТС Сербияны сынакка кайтып келиши мүмкүн экендигин жарыялаган, бирок «Балдар үчүн Еврокөрүнүү — 2012» тизмесинде жок болуп чыкты.
  • Macedoniach.png Македония[3] — Сынак MKRTV телеканалынын каржы долбооруна кирбегендигин македон өкүлчүлүгү билдирди.

Галерея[оңдоо | булагын оңдоо]

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Эскертмелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. 1.0 1.1 1.2 Junior 2012 in Amsterdam on December 1. Junioreurovision.tv (27 -февраль (бирдин айы) 2012). Текшерилген күнү 27 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012. (англ.)
  2. Netherlands to host Junior 2012 (11 -октябрь (тогуздун айы) 2011). Текшерилген күнү 27 Апрель 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012. (англ.)
  3. 3.0 3.1 3.2 3.3 3.4 Детское Евровидение 2012 на EscKaz.com
  4. Junior Eurovision: Ewout Genemans to host 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012.
  5. Junior Eurovision: Kim-Lian van der Meij to host 2012. Escxtra.com (26.01.2012). Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012.
  6. Россия отправит на детское «Евровидение» москвичку Валерию Енгалычеву, РИА Новости (3 -июнь (кулжа) 2012). Проверено 8 -июнь (кулжа) 2012.
  7. Junior Eurovision: Lova Sönnerbo to represent Sweden!. Архивировано из первоисточника 16 -июнь (кулжа) 2012. Проверено 6 -июнь (кулжа) 2012. (англ.)
  8. Оксана Гончарук. Настя Петрик едет в Амстердам, Комсомольская правда (10 -июль (теке) 2012). Архивировано из первоисточника 5 -сентябрь (аяк оона) 2012. Проверено 10 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  9. Victor. Israel debuts in Junior Eurovision with Kids.il. EBU (13 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англ.)
  10. Татьяна Пастушенко. Егор Жешко с песней «А море-море…» выступит от Беларуси на детском «Евровидении-2012» (28 -сентябрь (аяк оона) 2012). Архивировано из первоисточника 1 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Проверено 10 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  11. Junior Eurovision: Belarus opens submissions for September national final!. ESCDaily.com. Текшерилген күнү 27 -июнь (кулжа) 2012. Түп булактан архивделген күнү 31 -июль (теке) 2012. (англ.)
  12. Armenia: Call For JESC 2012 Songs
  13. Jarmo. Igzadora Gjeta going for Albania. EBU (10 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  14. Игзидора Гьета (Igzidora Gjeta) будет представлять Албанию на ДПКЕ-2012, Перший Національний канал (8 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Архивировано из первоисточника 9 -ноябрь (жетинин айы) 2014. Проверено 11 -ноябрь (жетинин айы) 2012.
  15. Victor. The choice of Moldova is Denis!. EBU (9 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англ.)
  16. Jarmo. Fabian spells Belgium with Abracadabra. EBU (8 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англ.)
  17. Jarmo. Femke goes for The Netherlands. EBU (8 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  18. Названы имена азербайджанских участников «Детского Евровидения - 2012», 1news.az (10 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Проверено 10 -октябрь (тогуздун айы) 2012.
  19. Jarmo. FUNKIDS to take Funky Lemonade to Amsterdam. EBU (10 -октябрь (тогуздун айы) 2012). Текшерилген күнү 13 -октябрь (тогуздун айы) 2012. Түп булактан архивделген күнү 26 -октябрь (тогуздун айы) 2012. (англ.)