iPhone 12

Википедия дан

iPhone 12

'
Бренд

Apple

Өндүрүүчү

Apple

Сериясы

iPhone

Чыгарылган датасы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Баасы

USD 1000 $
RUR 79 990
KGS 70000 с

Сатыкка чыгышы

13-октябрь 2020

Түрү

смартфон

Форм-фактору

Моноблок

Көлөмү

iPhone 12: 146,7 × 71,5 × 7,4 мм
iPhone 12 mini: 131,5, × 64,2, × 7,4 мм

Салмагы

iPhone 12: 162—164 г
iPhone 12 mini: 133—135 г[1]

Оперативдик системи

iOS 14

Процессору

Apple A14 Bionic

Графикасы

6 ядорлуу

Флеш-эс тутуму

64, 128, 256 ГБ

Эс тутум картасы

кыстырылбаган

Аккумулятору

iPhone 12: 2815 мАч[2]
iPhone 12 mini: 2227 мАч[3]

Ввод

сенсордуу экран

Экраны

6,1

Мурдагысы

iPhone 11

Кийинкиси

iPhone 13

Шилтемеси

12/

iPhone 12 жана iPhone 12 mini — Apple корпорациясы тарабынан чыгарылган смартфондор.

iPhone 12 смарфону 14-чү муундун[4], базалык модели болуп эсептелет[5] , ошондой эле iPhone 11 смартфонунун кийинки мууну[6].

13-октябрда "Apple" компаниясы жаңы смартфондордун бет ачарын өткөргөн. АКШда өткөн презентацияда "Apple" iPhone смартфонунун жаңы моделдерин сунуштаган. Алардын катарына iPhone 12, iPhone 12 mini, iPhone 12 Pro жана iPhone 12 Pro Max бар[7][8][5].

Жаңы смартфондордун негизги өзгөчөлүгү - 5G технологиясын колдоосу. 5G смартфондогу интернет байланышын түзгөн технологиянын бешинчи мууну болуп саналат[6][8][9][10].

Гаджет OLED дисплейи менен жабдылган жана анын айнеги жаңы бышык Ceramic Shield [5] технологиясы менен корголгон. Смартфон мурункусуна салыштырмалуу 11 пайызга ичкерип, 15 пайызга жеңилдеген[1]. Тегерек кырлары дизайнынын айырмалоочу өзгөчөлүгүнө айланып, гаджеттер iPhone 4 жана iPhone 5 телефондорун эске салат. Дисплейдин диагоналдары iPhone 12 mini үчүн 5,4 дюйм, 12 жана 12 Pro үчүн 6,1 дюйм, ал эми Pro Max үчүн 6,7 дюйм.

IPhone 12 мурунку үлгүдөгү кош камераны алган. Ал эми iPhone 12 Pro Max телефону үчүнчү камерага ээ. Ошондой эле, камерада жаңы Smart HDR 3 функциясы бар. Ал ар түрдүү жарыкка каршы сүрөткө тарта алат. Мындан сырткары iPhone түнкүсүн сүрөткө тартуу мүмкүнчүлүктөрүн да жакшырткан. Адистер кесипкөй сүрөттөдү редакциялоо үчүн, "Apple" ProRAW жаңы режимин түзүп чыгышты. Бул сүрөттөрдү түзөтүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Жаңы iPhone 12 жана iPhone 12 mini моделдери беш түстө чыгары белгилүү болду. Алар кара, ак, кызыл, жашыл жана көк, IPhone 12 Pro Max та болсо, күмүш, кара, алтын жана көк түстөрдө сатыкка коюлат. Бул жолу, iPhone дун сатууну ишке киргизүү боюнча схемасы кыйла татаалыраак көрүнөт. Анткени iPhone 12 жана iPhone 12 Pro 23-октябрда сатыкка чыгат, ал эми алдын ала буюртма 21-октябрда башталат. iPhone 12 mini жана iPhone 12 Pro Max бир айдан кийин чыгат, алдын ала буюртма 6-ноябрда башталат. Ал эми сатуу 13-ноябрда башталары айтылган.

IPhone 12 Pro'нун базалык версиясы 1000 долларга, Pro Max 1100 долларга бааланып, ал эми сомго болжол менен 110 миңден башталат.

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 iPhone 12 и iPhone 12 mini — Спецификации — Apple (RU) (орус.). Apple. Текшерилген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
    iPhone 12 and iPhone 12 mini - Technical Specifications - Apple. Apple. Текшерилген күнү 28 -октябрь (тогуздун айы) 2020.
  2. Teardown Video Confirms iPhone 12 and iPhone 12 Pro Use Same 2,815mAh Battery
  3. iFixit tears down the iPhone 12 mini, shows how Apple crammed it all in
  4. Apple вступает в эру 5G с новым iPhone (7 -октябрь (тогуздун айы) 2020). Текшерилген күнү 18 -январь (үчтүн айы) 2021. Түп булактан архивделген күнү 28 Апрель 2022.
  5. 5.0 5.1 5.2 Apple представила iPhone 12 (13 -октябрь (тогуздун айы) 2020).
  6. 6.0 6.1 Представлены iPhone 12 и iPhone 12 mini — первые смартфоны Apple с поддержкой 5G (12 -октябрь (тогуздун айы) 2020).
  7. Apple представила четыре смартфона нового поколения iPhone 12 (13 -октябрь (тогуздун айы) 2020).
  8. 8.0 8.1 Apple представила новый iPhone 12 с поддержкой 5G (13 -октябрь (тогуздун айы) 2020).
  9. Apple представила новые iPhone 12 с поддержкой 5G. РБК (13 -октябрь (тогуздун айы) 2020).
  10. Раскрыта «начинка» экранного выреза Apple iPhone 12 Pro (20 Апрель 2020).

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]