Pitbull

Википедия дан
Армандо Кристиан Перес
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Armando Christian Pérez

Туулган датасы

15 -январь 1981(1981-01-15) (43 жаш)

Туулган жери

Майами, Флорида, АКШ

Өлкө

 АКШ

Кесиптери

рэпчи, музыкалык продюсер, актер

Жанрлары

хип-хаус, рэп, Кранк

Активдүү жылдары

1997 — жылдан бери

Кызматташтык

Lil Jon, Don Omar, Pharrell, Akon, Enrique Iglesias, Usher, T-Pain, Jennifer Lopez,Ne-Yo, Afrojack, Shakira, Chris Brown, Kelly Rowland, Marc Anthony, Ke$ha,Sean Paul, Nayer, RedFoo, Sensato, RedOne, David Guetta.

Лейблдар

RCA, Jive

Pitbull - Музыканын хип-хоп, рэп, реггетон, кранк, латын рэп жанрларында ырдап, Питбуль деген лакап ат менен белгилүү болгон Армандону ким билбейт?! Анын чын аты Армандо Кристиан Перес (Armando Christian Pérez) 1981-жылдын 15-январында Американын Флорида штатындагы Майами шаарында Кубадан келген иммигранттын үй-бүлөсүндө туулган.

Кичинесинде ата-энеси ажырашып кетип, Армандо апасы менен калган. Өспүрүм кезинде бейбаш балдардын катарын толуктап, апасын укпай, 16 жашынан эле баңгизатын сатып акча тапчу. Бир күнү апасы жини келип аны үйдөн кууп чыгат. Андан кийин Армандо бакма бала болуп Жоржия штатындагы Розуэлл шаарында жашап калат. 18ге чыкканда өз атасына жолугат. Ата-бала тил табышып, атасы каза болгонго чейин жакшы мамиледе болушат.

Армандонун теги кубалык болгондуктан, апасы Кубанын маданиятын унуттурбай, ошол маданият менен жашоого үйрөткөн. Кубалык жазуучу, акын Хосе Мартиндин чыгармачылыгын окуп-үйрөнүп, ошол жазуучунун таасири менен Питбуль кичинесинен эле сөздүн канчалык таасирдүү жана күчтүү экенин түшүнгөн.

"Питбуль-күчтүү жана чыдамдуу ит"[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепте окуган чакта эле Армандо рэпке кызыга баштайт. Өзү да жакшы рэп окуй алган. Ар кандай жерлерде ырдап жүргөнүн байкап калган музыкант Лютер Кэмпбелл аны “Набат” (“Lollipop”) тобуна кошулууга чакырат. Ушул убакта эле Армандо өзүнө лакап ат коюуга батынат. Бул тууралуу: “Питбуль – көп штаттарда тыюу салынган, ар кандай мушташтарга катышуучу иттердин породасы. Ал күчтүү жана чыдамдуу ит. Алар акырына чейин күрөшөт. Менин жашоом да дайыма күрөш менен коштолуп келет”,- дейт рэпер.

Лютер Кэмпбелл менен иштешип жатканда аны музыканын кранк жанрынын падышасы аталган Лил Жон байкап калат. Ал экөө “Форсаж” фильмине саундтректерди жаздырышкан. Бул фильмде Питбулдун 4 ыры саундтрек катары колдонулган. Азыр бул рэпер атактын туу чокусунда. Көп жылдыздар аны менен дуэт ырдаганды каалашат. Ал ырдап чыккан ырлардын баары хитке айланат. Марк Энтони менен чогуу ырдаган “Жамгыр менин үстүмө жаасын” (“Rain оver мe”) ырынын азыркы убакта атагы артууда.

Питбуль орто мектепти гана аяктагандыктан, билимдин маанилүүлүгүнө көңүл бурат. “Кыялдануу фонду” (“Imaginate foundation”) деген кайрымдуулук уюмун түзгөн. Бул уюм Латын Америкасынан келген балдардын АКШда билим алуусуна жардам берет. Лил Жон, Дон Омар, Akon, Энрике Иглесиас, Ашер, Женнифер Лопес, Александр Бёрк, Не-Йо, Шакира, Крис Браун, Келли Роулэнд, Марк Энтони сыяктуу атактуу ырчылар менен дуэт ырдаган.

Жеке жашоосуна келгенде рэпердин кыз жандуу экенин клиптеринен гана эмес, жеке жашоосунан да байкаса болот. Ар кандай кечелерге ар кайсы сулуу кыздар менен ээрчишип келет. Бирок рэпер жеке жашоосун коомго жарыялаганды жактырбайт.

Колдонулган адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]