Шакира

Википедия дан
Шакира
Shakira
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Маалыматтардын маңызы белгисиз.

Толук ысымы

Шакира Изабель Мебарак Риполл

Туулган датасы

2 -февраль 1977(1977-02-02) (47 жаш)

Туулган жери

Барранкиль, Колумбия

Өлкө

 Колумбия

Кесиптери

ырчы, композитор, музыкант, бийчи, филантроп, продюсер

Ырчылык үнү

Колоратурное контральто[1]

Аспаптары

вокал, гитара, губная гармоника, ударные

Жанрлары

Поп-рок, латын-поп, испан рокку[en], Бийлөө музыкасы, фолк, этника, R&B

Активдүү жылдары

1990 — азыркы учурда

Жамааты

Columbia, Epic, Live Nation[en], RCA, Sony Music Latin

Кызматташтык

Вайклеф Жан, Бейонсе, Алехандро Санс, Густаво Серати, Мерседес Соса, Лил Уэйн, Тимбалэнд, Диззи Раскал, Pitbull, Рианна, Блэйк Шелтон

Сыйлыктары
Калып:Көркөм өнөр жана Адабият орденинин кавалери
Автографы

[[Файл:|80px}}]]

shakira.com

Шакира Изабель Мебарак Риполл (исп. Shakira Isabel Mebarak Ripoll; төр. 2-февраль 1977, Барранкиль)[2], Шакира же Shakira деген ысым менен белгилүү, — колумбиялык ырчы, ырлардын автору, бийчи, музыкалык продюсер, хореограф жана модель.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шакира 1977-жылы Колумбиянын Барранкиль шаарында төрөл­гөн. Атасы Уильям Меберактын улуту араб, кесиби жазуучу. Ал эми апасы Нидия Риполлинин жердиги колумбиялык. Шакира апасынын жалгыз кызы, ал эми атасынын биринчи никесинен 7 баласы бар[3]. Шакиранын таланты бала кезинен эле байкала баштаган. Бир жарым жашында алфавитти толук билип, үч жашында китеп окуганды үйрөнгөн. Ал эми төрт жашында мектепке барганга толук даяр болгону менен жашынын жетпегенине байланыштуу кабыл алынган эмес. Жашы 5ке толгондо ата-энеси атайын адистерди чакыртып экзамен алууну өтү­нүш­көн. Жүргүзүлгөн экзамендин на­тыйжасында Шакира “вундеркинд” деп табылган. Кичине кезинен сүрөт тартууга, ыр жазууга болгон кызыгуусун байкаган апасы Шакиранын сүрөтчү же атасынын жолун жолдоп жазуучу болот деп ойлогон. Бирок, 1-классынан Шакиранын бийге жөндөмдүүлүгү өзгөчө байкала баштайт.

Карьерасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир күнү кечинде атасы кызын ээрчитип чыгыш ресторандардын бирине алып барат. Ал жерден кичинекей Шакира чыгыш бийин бийлеген кызды көрөт. Табигый туюму менен ал чыгыш бийин мындан да жакшы аткара алаарына көзү жетет. Ошондон тартып көп машыгууга өтөт да, акыры чыгыш бийин профессионалдуу бийлеп, көпчүлүктү таңкалдыра баштайт.Ал эми 8 жашка толгондо ырчылыкка кадам таштап, алгач “Сенин кызгылтым көз айнегиң” аттуу ыры сахнадагы алгачкы ыры болуп калат

13 жашында Sony Music компаниясы менен өзүнүн альбомун чыгаруу жө­нүндө келишим түзөт. Ошол эле жы­лы анын “Магия” аттуу биринчи альбому жарык көрөт. Ийгиликтүү болгон альбому жаш кызды бүткүл Колумбияга таанытат. Шакира 14 жашында өлкөсүндөгү атактуу ыр­чыга айланат. Ошол жы­лы “Eres” деген ыры менен “Винья дель Мар” аттуу фестивалга катышып, күмүш сыйлыкка татыйт. Ал эми ырчынын экинчи чыккан “Коркунуч” аттуу альбому тескерисинче жолсуз болуп калат. Ошол себептен Шакира өз каалоосу менен бул альбомдун рекламасын токтоттуруп салган. Бул анын маанайына таасир тийгизип, туулган жерин, досторун таштап, апасы менен Боготу шаарына жол тартат. Шакира борборго келгенден кийин эң биринчи «Sony Music» офисине жана «TV GUIA» журналына барып, интервью берет. Бул интервьюдан кийин Шакирага «CENPRO» каналынан “Оазис”аттуу телесериалына башкы ролду ойноого сунуш түшөт. Ошол убакта «TV GUIA» журналы “Колумбия Телевидениесинин сулуусу” деген конкурс өткөзүүгө даярдык көрүп жаткан болот. Шакира өзүн сынап көрмөккө талапкер кыздардын катарына кошулат. Конкурс үчүн атайын фотосессия болгон. Шакиранын конкурс үчүн тартылган сүрөттөрү башка өлкөлөргө да таратылган. Өзүнүн келбеттүү мүчөсү, сулуу жүзү менен, журнал аркылуу популярдуулугун өстүрүүгө жетишкен.

Дискографиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жылы Аталышы Ролу Эскертмелер
1996 El oasis Луиса Мария
2001-2009 Saturday Night Live Өзү/ Музыкалык конок «Жерард Батлер/Шакира» (35.4)
«Алек Болдуин/Шакира» (31.8)
«Дерек Жетер/Шакира/Бубба Спаркс» (27.7)
2002 Taina Себя «Абуэло мыкты билет» (2.8)
2009 Дурнушка Өзү «Багаммдык үч бурчтук» (4.8)
2010 Волшебники из Вэйверли Плэйс Өзү «Шакирага окшош» (3.12)
2013 Добуш Өзү (судья жана машыктыруучу) Сезон4, 6
Алисанын туулган күнү Капитан (испандык дубляж) Үн коштогон
2016 Зутопия Газелле Үн коштогон[4]

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Колумбия Республикасынын эмгек сиңирген артисти
  • Латын Американын мыкты ырчысы
  • Колумбиянын кылым артисти
  • “Миллениум артисти”

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Алтын жылдыз»
  • «Күмүш факель»

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. SingersAvenue - Shakira’s Vocal Profile Vocal Type: Coloratura(жеткиликсиз шилтеме)
  2. Shakira Biography. The Biography Channel. Текшерилген күнү 28 -март (жалган куран) 2013.
  3. Turner, Amy. Shakira: Every little thing she does is magic, The Times (March 1, 2009). Текшерилген күнү 28 -февраль (бирдин айы) 2009.
  4. Kit, Borys. Shakira Joins Voice Cast of Disney Animation’s 'Zootopia' (англ.). The Hollywood Reporter (14 август 2015). Текшерилген күнү 16 -февраль (бирдин айы) 2016.