Skype

Wikipedia дан
Skype
Skype логотиби
Skype в Windows 7
Тип

VoIP-сервис, софтфон, IM

Түзүүчү

Microsoft (мурун Skype Limited)

Программалоо тили

CodeGear Delphi / Objective-C (Mac OS X/iPhone/Nintendo DSi) / C++ с Qt4 (Linux)

Операциялык система

Эки операциялык системаны колдонгон программа

Акыркы үлгүсү

5.9.66.114 — (Windows) ,
2.2.0.35 Beta — (Linux x86),
5.6.0.143 Beta[1] — (Mac OS X)

Лицензия

Freeware

Сайты

skype.com

Skype ([skaɪp]) - бул Niklas Zennström негиздеген жана 2011-жылдан баштап Microsoft тарабынан ээленген проприетардык VoIP кызмат жана програмдык жабдык.

Бул кызмат колдонуучуларга бири-бири менен интернет аркылуу үн, видео жана чат жардамы менен байланышууга мүмкүнчүлүк берет. Кадимки телефон тармактарынын абоненттерине да чалууларды аткарса болот. Skype кызмат ичинде чалуулар акысыз, бирок бекитилген жана мобилдик телефондорго чалуулар дебит негизинде иштеген колдонуучу эсеп системасы аркылуу эсептелет. Ошондой эле, Skype өзүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрү менен популярдуу болгон, алардын ичинде файл жиберүү жана видео-конференция уюштуруу. Атаандаштарына SIP жана H.323 негизинде иштеген Empathy, Linphone, Ekiga жана Google Talk кызматтары кирет.

Skype'тын катталган колдонуучуларынын саны 2011 жылдын аяк оонасында 663 миллионду түздү [2]. Тармак азыр Microsoft тарабынан иштетилет, анын Skype бөлүмүнүн башкеңсеси Люксембургда жайгашкан. Иштетүүчүлөр (eng.: developers) тайпасынын көпчүлүгү жана бөлүмдүн жалпы жумушчулардын 44% Эстониядагы Таллин жана Тарту шаарларында жайгашкан.

Көптөгөн башка VoIP кызматтардан айрымаланып, Skype peer-to-peer (котормосу: тең укуктуу түйүндөр) жана кардар-сервер гибрид системасы болуп эсептелет, жана компьютерге орнотулганда көмүскөдө иштейт; баштапкы аты – Sky peer-to-peer – ушуну түшүндүрөт.

Кээ бир тармак администраторлор Skype'ты колдонууга корпоративдик, мамлекеттик, үй, жана билим берүү мекемелери деңгээлинде тыйуу салган, ресурстарды одоно көп колдонот, каналдарды трафик менен толтурат, жана коопсуздук суроолору менен байланыштуу деген себептер менен.

Мүмкүнчүлүктөрү

Skype'тын катталган колдонуучуларынын кимдиги кайталангыс Skype аттары менен аныкталат, жана алар Skype колдонуучулар китебине киргизилет. Skype катталган колдонуучуларына чат жана үн байланыш аркылуу баарлашканга мүмкүнчүлүк берет. Үн байланыш мүмкүнчүлүгү эки колдонуучу ортосунда телефон чалуу, конференц-чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк берет; проприетардык аудио кодегин колдонот. Skype'тын чат кардары топ ичинде кат алмашуу, быйтыктарды колдонуу, чат тарыхын сактоо жана мурун жиберилген каттарды түзөө мүмкүнчүлүктөрүн колдойт. Каттарды оффлайнда жөнөтүү 5-версияда киргизилген, бирок бир нече аптадан кийин эскертүүсүз алынган. Кадимки IM колдонуучуларына тааныш болгон мүмкүнчүлүктөр — колдонуучу профили, статус көрсөткүчү, жана башкалар — ошондой эле камтылган.

Онлайн номер , ошондой эле SkypeIn аты менен белгилүү болгон кызмат Skype колдонуучуларына компьютерлерине чалууларды кадимки телефондордон жергиликтүү Skype номерине кабыл алууга мүмкүнчүлүк берет; жергиликтүү номер Австралия, Бельгия, Чили, Колумбия, Дания, Доминикан Республикасы, Эстония, Финляндия, Франция, Германия, Гонк Конг, Венгрия, Ирландия, Италия, Жапония, Мексиак, Жаңы Зеландия, Польша, Румыния, Түштүк Африка, Түштүк Корея, Швеция, Швецария, Түркия, Нидерланддар, Түндүк Ирландия жана Улуу Британия Бириккен Падышалыгында, жана Америка Кошмо Штаттарында жеткиликтүү. Skype колдонуучулар ушул өлкөлөрдүн биринде жергиликтүү номер алса болот, ал номерлерге чалуулар ошол өлкөнүн бекитилген номерлерине аткарылган чалуулардай эсептелет.

Эки колдонуучунун ортосунда аткарылган видео конференция мүмкүнчүлүгү 2006-жылдын Үчтүн айында Windows жана Mac OS X платформаларынын кардарлары үчүн чыгарылган. Linux үчүн Skype 2.0 2008-жылдын Жалган куран айынын 13-дө чыгып, видео конференция мүмкүнчүлүгүнүн колдой баштаган. Windows үчүн чыгарылган 5-версиянын 1-бетасы 2010-жылдын Бугу айынын 13-чүндө чыккан, беш колдонуучуга чейин катыша алган акысыз конференц чалуу мүмкүнчүлүнүн сунуш кылган.

Windows үчүн Skype, 3.6.0.216 версиясынан баштап "Жогорку сапаттагы видеону" колдойт, орто класстагы видео конференция системаларындагыдай, толук экран жана экранда экран абалдары сыяктуу сапаттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү колдойт. Skype аудио конференция мүмкүнчүлүгү азыркы учурда, уюштуруучуну эсептегенде, бир убакта 25 адамды колдойт.

Skype, АКШ жана Канададагы 911, Түндүк Ирландия жана Улуу Британия Бириккен Падышалыгындагы жана башка көптөгөн өлкөлөрдөгү 999, Жаңы Зеландиядагы 111, Автсралиядагы 000 же Европадагы 112 сыяктуу тез жардам кызматтарына чалуу мүмкүнчүлүгүн бербейт. АКШнын Федералдык Коммуникация Комиссиясы (FCC), Телекоммуникация Актынын 255 беренесине ылайык, Skype "интерконнекттүү VoIP провайдер" эмес деп бекиткен. Натыйжада, АКШнын Улуттук Тез Жардам Номер Ассоциациясы VoIP колдонуучулары резерв катары аналог сызыгын колдонууну сунуштаган.

2011-жылы, Skype Comcast менен өнөктөшүп Comcast абоненттерине видео чат кызматын HDTV жабдуулары аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн бере баштаган.

Тарыхы

Skype 2003-жылы Даниялык Janus Friis жана Швециялык Niklas Zennström тарабынан негизделген. Skype программасы Эстониялык Ahti Heinla, Priit Kasesalu, жана Jaan Tallinn тарабынан жазылган, алар Janus жана Niklas менен бирге peer-to-peer файл бөлүшүү Kazaa программасын да жазышкан. 2003-жылы Баш оона айында биринчи бета версиясы чыгарылган.

Microsoft тарабынан сатып алуу

2011-жылдын Бугу айынын 10-да, Microsoft Корпорациясы Skype Communications, S.à r.l компаниясын 8.5 миллиард АКШ долларына сатып алууга макулдугун берген. Компания Microsoft'тун бөлүмү катары кошулган, жана Microsoft компаниянын бардык технологияларына сатып алуу менен кошо ээ болгон. Бул процесс 2011-жылдын Тогуздун айынын 13-дө аяктаган.

Колдонуу жана трафик

Дата Колдонуучу
(миллион)
Активдүү колдонуучулар, daily use
(миллион)
Skype'тан Skype'ка мүнөттөр
(миллиард)
SkypeOut мүнөттөр
(миллиард)
Түшкөн акча USD
(миллион)
4-квартал 2005 74,7 10,8 N/A N/A N/A
1-квартал 2006 94,6 15,2 6,9 0,7 35
2-квартал 2006 113,1 16,6 7,1 0,8 44
3-квартал 2006 135,9 18,7 6,6 1,1 50
4-квартал 2006 171,2 21,2 7,6 1,5 66
1-квартал 2007 195,5 23,2 7,7 1,3 79
2-квартал 2007 219,6 23,9 7,1 1,3 90
3-квартал 2007 245,7 24,2 6,1 1,4 98
4-квартал 2007 276,3 27,0 11,9 1,6 115
1-квартал 2008 309,3 31,3 14,2 1,7 126
2-квартал 2008 338,2 32,0 14,8 1,9 136
3-квартал 2008 370 33,7 16,0 2,2 143
4-квартал 2008 405 36,5 20,5 2,6 145
1-квартал 2009 443 42,2 23,6 2,9 153
2-квартал 2009 483 ? 25,5 3,0 170
3-квартал 2009 521 ? 27,7 3,1 185
4-квартал 2009 560 ? 36,1 ? ?
1-квартал 2010 ? ? 190 12,8 860

Колдонуучулар бирден көп эсепке ээ болушу мүмкүн; колдонуучулардын санын аныктоо мүмкүн эмес, эсептерди гана болот.

Skype аркылуу өткөн эл аралык трафик көлөмү бир кыйла көп. Ал эң чоң эл аралык үн өткөргүч оператор болду (чалуулардын минуталары боюнча).

Жыл Эл аралык чалуулар базар энчиси
2005 2.9%[3]
2006 4.4%[3]
2008 8%[4]
2009 12%[5]
2010 13%[6]

2011-жылдын Үчтүн айында, iPhone кардарында видео чалуу жеткиликтүү болгондо, Skype бир убакытта онлайн болгон колдонуучулардын саны рекорддук 27 миллионду түзгөн.[7] Бул рекорд 2011-жылдын бирдин айынын 21-де 29 миллион бир убакытта онлайн болгон колдонуучулар менен,[8] жана кайрадан 2011-жылдын жалган куран айынын 28-де 30 миллион бир убакытта онлайн болгон колдонуучулар менен бузулган.[9] 2012-жылдын жалган куран айынын 25-де, Skype колдонуучулар саны 32 миллиондон биринчи жолу ашты деп жарыялады. Мурунку статистикага караганда, буга чейин эч качан Skype'ка катталган колдонуучулардын саны 32 миллион болгон эмес.[10]. 2012-жылдын жалган куран айынын 5-де, бир убакытта онлайн болгон колдонуучулардын саны 35 миллион болуп кетти.[11]

Кардарлык колдонмолор жана жабдыктар

Skype бир нече платформаларда иштейт, жана 2007-жылдын тогуздун айынын 29-да Skype өзүнүн 3 Skypephone аттуу BREW OS'инде иштеген мобилдик телефонун чыгарган. Башка расмий түрдө колдонулган платформалар:

  • 2008-жылы болжол менен 50 мобилдик телефон колдогон
  • Maemo курчоосунда иштеген Nokia N800, N810 жана N900 интернет планшеттери
  • Sony mylo COM-1 жана COM-2 эки модели тең
  • PlayStation Portable Slim жана Lite сериялары; бирок колдонуучу атайын жасалган перифериялык микрофон сатып алыш керек. PSP-3000'дын камтылган микрофону бар, ал Skype перифериялык жабдыксыз эле баарлашууга мүмкүнчүлүк берет. PSP Go камтылган микрофонунан тышкары, Skype колдонмосу менен Bluetooth байланышын колдоно алат.
  • Windows Mobile менен иштеген мобилдик жабдыктар; 2010-жылдын бирдин айында Skype Windows Mobile үчүн Skype'ты иштетүүнү токтоткондугу жөнүндө жарыялады. 2010-жылдын бугу айында, Skype Windows Phone 7 үчүн Skype версиясын иштетип чыгуудан баш тартканын жарыялады. Бирок MIX 11 окуясында, Skype Windows Phone 7 үчүн чыгарылат деп жарыяланган, жана бета версиясы 2/27/2012 ж. чыккан.
  • Symbian; Азыркы версиясы: 2.0 Чыккан датасы: 2011-жылдын чын куран айынын 21-де.
  • X-Series 3 деген уюк байланыш оператору менен. Бирок бул Skype'тын шлюзуна туташуу үчүн, мобилдик интернет эмес, жөнөкөй уюкфон чалууларын жана iSkoot'ту колдонот. Башка компаниялар WiFi аркылуу туташуучу атайын Skype телефондорун чыгарат.
  • Расмий колдонмо менен келген iOS 2009-жылдын жалган куран айынын 31-де чыккан. 2.x версиясынан баштап, iPhone үчүн жасалган колдонмо чалууларды 3G жана EDGE тармактары аркылуу аткара алат. Skype биринчи 2011-жылдын башында бул мүмкүнчүлүк үчүн ар-айлык төлөм алаарын жарыялаган, бирок бул жободон бара-бара баш тарткан. Бештин айынын 29-да, Skype iOS колдонмосун 3.0 версиясына чейин жаңылап, видео чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк бере баштады. 2011-жылдын баш оона айынын 2-де, Skype расмий түрдө 'iPad үчүн Skype' аттуу, iPad 2-нин бетки жана арткы камераларын колдонуп, видео чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк берген iPad колдонмосун чыгарган. Башында iPad чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк берген, бирок бир гана үн чалууларды: видео камерасы бар маектеш киши видео чалуу аткарганда iPad видеону кабыл ала алчу,бирок жибере алчу эмес.
  • Verizon Wireless Skype mobile кызматы аркылуу түрлүү BlackBerry жана Android 3G смартфондору. Кардарлар Skype чалууларды, чат каттарды кабыл алуу жана досунун бар-жоктугун билип туруу мүмкүнчүлүктөрүнө ар дайым телефон иштеп турган учурда ээ болот. Skype менен колдонуп, башка Skype эсепке (Skype'тан Skype'ка) чалуу, Verizon Wireless ар-айлык минуталар лимитининен эсептелинбейт. АКШда кардарлар АКШнын бекитилген же уюк телефон номерлерине чалуу аткарганда, өздөрүнүн тарифтик планы боюнча төлөшөт.

Кээ бир жабдыктар Skype менен иштөө үчүн компьютердин Skype кардарына кайрылат же камтылган Skype программасын колдонот. Алар көбүнчө компьютерге туташуучу же Wi-Fi хот-споту аркылуу чалууларды аткаруу үчүн камтылган Wi-Fi кардары бар Netgear SPH101 Skype Wi-Fi телефону,SMC WSKP100 Skype Wi-Fi телефону, Belkin F1PP000GN-SK Wi-Fi Skype телефону, Panasonic KX-WP1050 Wi-Fi Phone for Skype Executive Travel Set жабдуусу, Skype үчүн IPEVO So-20 Wi-Fi телефону жана Linksys CIT200 Wi-Fi телефону сыяктуулар. Ошондой эле DECT технологиясынын негизинде жасалган зымсыз Skype телефондор бар, алар компьютерге туташууну талап кылбайт, мисалы RTX компаниясынын DUALphone 3088 телефону. Netgear жана SMC'нин Wi-Fi телефондору базардагы эң негизги атаандаштар катары эсептелет, Wi-Fi телефондор сынактары алардын тартуу сапатына бирдей баа берет.

Skype Wi-Fi телефон - бул зымсыз интернет байланыш аркылуу, колдонуучуларга Skype чалууларын аткарууга мүмкүнчүлүк берген мобилдик телефон. Skype Wi-Fi телефондо экран менюсу бар, ал Skype колдонуучуларына компьютердегидей ким онлайн жана сүйлөшө алат деген маалыматты көрсөтө алат. Аны Skype'тык эмес колдонуучулар менен сүйлөшүү үчүн да колдонсо болот. SkypeOut мүнөттөрүнүн жардамы менен каалаган номерлерге чалууларды арзан баада жана ар-айлык төлөмсүз аткарса болот. Skype Wi-Fi телефонунда веб-браузер жок, жана веб негизинде логин же аутентификацияны талап кылган хот-споттордо иштей албайт.

Truphone, Nimbuzz IM жана Fring сыяктуу үчүнчү тарап иштетүүчүлөр Skype'ка, бир катар башка атаандаш VoIP/IM тармактары менен кошо, Symbian жана Java курчоосунда жарыш иштөөгө уруксат берген (Truphone жана Nimbuzz truphoneOut жана NimbuzzOut деген акылуу атаандаш кызматтарын көрсөтүшөт). Nimbuzz Skype'ты BlackBerry колдонуучулары үчүн жеткиликтүү кылган. Бирок, 2010-жылдын теке айында, Skype өзү жетки берүүнү токтотту деп айтуу менен, Fring колдонуучуларга Skype'ка жетки алуу мүмкүнчүлүгүн берүүнү токтоткон; Fring ага чейин Skype аркылуу мобилдик видео чалууларын сунуш кылып келаткан жана Android платформасын да колдогон. Skype'тын суранычынын негизинде Nimbuzz 2010-жылдын тогуздун айынан баштап колдоону токтоткон.

2010-жылдын жетинин айына чейин, кээ бир гана Samsung жана Panasonic телевизорлору Skype видео кызматын сунуш кылып келген.

Система жана программа

Протокол

Skype "Skype протокол" аттуу проприетардык интернет телефония (VoIP) тармагын колдонот. Протокол Skype тарабынан жалпыга жеткиликтүү кылынган эмес жана бул протоколду колдонгон расмий колдонмолор жабык булактуулар (closed-source). Skype технологиясынын бир бөлүгү Joltid Ltd корпорациясына таандык Global Index P2P протоколун колдонот. Skype менен стандарттык VoIP кардарларынын негизги айрымачылыгы (айтып кетмекчи, эң популярдуу VoIP'нин SIP модели да peer-to-peer, бирок Skype сыяктуу эле, колдонууда серверден каттоо өтүш керек), кардар-сервер моделинен айрымаланып, Skype'тын peer-to-peer моделин колдонгондугунда туюнтулат (Kazaa программасынан баш алат).

Протоколду таануу жана башкаруу

Көптөгөн тармак жана коопсуздук компаниялар Skype'тын протоколун, өнөр жайлык жана оператордук ишкердик максаттарында, таанып жана башкарып жаткандыгын белгилешет. Бул компаниялар колдонгон таануунун спецификалык ыкмалары жашыруун болот, ал эми "Пирсондун хи-квадрат критерийи боюнча текшерүүсү" жана "Байестин жөнөкөйлөштүрүлгөн алгоритм классификациясы" - 2007-жылы публикацияланган эки ыкма. Пайдалуу жүк (байт жыштыгы жана алгачкы байт ырааттуулугу сыяктуу) касиеттерин өлчөө статистикасы менен агым (пакет өлчөмү жана пакет багыттары сыяктуу) касиеттерин бириктирүү дагы өзүн Skype'тын TCP жана UDP негизинде иштеген протоколунун кимдигин ырастоочу эффективдүү метод катары көрсөттү.

Аудио кодектер

Skype G.729 жана SVOPC камтыган көптөгөн түрлүү аудио компрессиялоочу ыкмаларын колдонот. Skype Windows үчүн чыгарылган Skype 4.0'дө жана башка кардарларында Skype тарабынан жаратылган SILK кодегин кошкон. SILK "жеңил жана камтылымдуу" болуш үчүн жаратылган.

Видео кодектер

VP7 Skype 5.5'ке чейинки версияларында колдонулган.

5.7-чи версиясында топтук жана жекеме-жеке стандарттык дааналык видео чатта VP8, жана 720p жана 1080p жогорку дааналык топтук жана жекеме-жеке видео чатта H264 колдонулат.

Кардар

Кардарлар Microsoft Windows (2000, XP, Vista, 7, Mobile), iOS (iPad, iPhone, iPod Touch), Mac OS X (Intel, PPC), Symbian S60, Sony PlayStation Portable (PSP), Linux (Android, Maemo'лорду кошкондо), жана 2010-жылдан баштап чыккан LG, Panasonic, жана Samsung телевизорлору үчүн жеткиликтүү, бирок бул телевизорлорго атайын веб-камера орнотуш керек.

Windows XP'де демейки көрүнүштө иштеп жаткан Skype 4  
Windows Vista'да демейки көрүнүштө иштеп жаткан Skype 4  
Windows 7'де демейки көрүнүштө иштеп жаткан Skype 5.3.0.111  
Windows Mobile 6 жабдыгында иштеп жаткан Skype 2.2  
Mac OS X Leopard'да иштеп жаткан Skype 2.7  
Mac OS X Snow Leopard'да иштеп жаткан Skype 5.1  
Mac OS X Snow Leopard'да иштеп жаткан Skype 5.1.0.935  
iPhone'до иштеп жаткан Skype 1.0.2  
Android жабдуусунда иштеп жаткан Skype 2.6  
Verizon 1.6 Android 2.2 жабдуусунда иштеп жаткан Skype Mobile  
Linux'та иштеп жаткан Skype 2.2 beta  

Microsoft сатып алганга чейин жана сатып алуу учурунда, Skype бир нече Skype айкалышуучу программалык жана аппараттык өндүрүмдөрүн чыгаруучу үчүнчү тараптардан лицензияларын кайтарып алган. Digium'дун "Asterisk үчүн Skype" өндүрүмү "мындан ары сатылбайт" болуп жабылган. "Senao SN358+" алыстан тарткан(10–15 км) зымсыз телефондору, Skype тармагынын катышуучусунун лицензиясынан ажыраган соң, чыгарылбай калган. Ушул эки өндүрүм кошулуп, дурус хендоверлүү зымсыз "чырмалган" тармактарды түзүүгө мүмкүнчүлүк берип келген.

Коопсуздук жана жекелик

Негизги макала: Skype security

Skype коопсуз байланыш деп эсептелет; шифрлөөсүн токтотуу мүмкүн эмес, жана ал колдонуучуга көрүнбөйт. Skype коомчулукка жеткиликтүү документтелген, көпчүлүк ишенген шифрлөө ыкмаларын колдоноору айтылат: RSA - ачкычтардын катташуусу үчүн жана Advanced Encryption Standard - сүйлөшүүлөрдү шифрлөө үчүн. Бирок, бул алгоритмдер туура, толук жана ар дайым колдонулаарын текшерүү мүмкүн эмес, анткени протоколдун спецификациясы жана/же программанын булак коду жок сыноо мүмкүн эмес. Skype кимдиги ырасталбаган колдонуучуларды текшерилбөөчү катталуу системасы менен камсыз кылат. Лакап аттарды эркин тандоо, системаны өзүнүн кимдигин башка колдонуучуларга билдирбей колдонууга жол берет. Каалаган атты колдонуп эсеп ачуу абдан оңой; көрсөтүлүүчү чалуучунун аты анын аутенттүүлүгүнүн (чындыгынын) кепилдиги эмес. Skype коопсуздугунун жана методологиясын иликтеген үчүнчү тарап баяндамасы "Black Hat Europe 2006" окуясында презенттелген. Ал Skype'ты иликтеген жана учурдагы коопсуздук моделдин бир нече коопсуздук көйгөйлөрүн таап чыккан.

Skype, эреже катары өзүнүн трафигин жашырган, бир нече функцияларды өзүнө камтыйт, бирок ал атайын трафик иликтөөсүнө каршы туруштук берүү үчүн жаратылган эмес жана ошондуктан аноним баарлашуу менен камсыз кыла албайт. Кээ бир изилдөөчүлөрдүн, анонимдөөчү тармак аркылуу өткөндөн кийин да идентификациялануучу болсун үчүн, трафикке "суу белгисин" тагууга колу келген.

Kurt Sauer, Skype'тын Коопсуздук боюнча башкы ишкери, интервьюда мындай деген, "Биз коопсуз байланыш мүмкүнчүлүгүн беребиз. Биз уга алабыз же уга албайбыз деп мен айтпайм." Skype'тын кардары документтелбеген жана проприетардык протоколду колдонот. Free Software Foundation (FSF) колдонуучунун жекелигине байланыштуу, проприетардык программалар жана протоколдорду колдонуудан келип чыгуучу, көйгөйлөр боюнча тынчсызданууда жана Skype'ты алмаштырууну өзүнүн приоритеттүү долбоорлорунун бирине кошкон. Коопсуздук изилдөөчүлөр Biondi жана Desclaux, Skype өчүк абалында деле трафик жөнөтөөр соң жана Skype трафигин жана программанын иштөөсүн бүдөмүктөө үчүн өтө чоң чараларды көргөн соң, Skype'тын "жашыруун жетки жолу" бар экени жөнүндө ойлорун айтышкан, 2008-жылы, кулжа айынын 25-де өткөн "IP негизинде иштеген кызматтарды мыйзам чегинде тинтүү" жолугушуусунда, Австриялык ички иштер министрлигине тиешелүү чоң кызмат ээлеген аты аталбаган мамлекеттик кызматкерлер, Skype баарлашууларын көйгөйсүз уга алышаарын айтышкандыгы жөнүндө бир нече медиа булактар баяндаган. Австриялык ORF коомдук телерадио кызматы, жолугушуунун протоколунан цитаталарды келтирүүдө, "Австриялык полиция Skype баарлашууларын уга алат" деп баяндады. Skype баяндамаларга жорум берүүдөн баш тартты.

АКШнын Федералдык Коммуникация Коммиссиясы (FCC) "Мыйзамды Аткаруудагы Коммуникациянын Жардамы Актын" (CALEA), санариптик телефон тармактарын, эгерде ФТБ (FBI) ордери берилген болсо, башка телефон тармактарын сыяктуу эле, "тыңшоого" укук берет деп чечмеледи. 2009-жылдын бирдин айында, Skype, телефон зымдарына ээ болбогон телефон компания болбогондуктан, CALEA жана башка АКШ телефон компанияларын жөнгө салган окшош мыйзамдардан бошотулгандыгы, жана негизи Skype'ты каалаган учурда да тыңшоо мүмкүндүгү шектүү экендиги жөнүндө айткан. Америкалык Жарандык Эркиндиктерди Коргоо Биримдигине (ACLU) ылайык, айтылган Акт АКШнын Конституциясынын төртүнчү түзөтүүсү менен сыйышпас келет; жакында эле, ACLU FCC Актты туура эмес чечмелегендиги жөнүндө тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

2009-жылдын бирдин айынын 20-да Европа Биримдигинин Евроюст (Eurojust) агенттиги, Евроюсттун Италиялык Кеңсеси "Skype сыяктуу интернет телефония системалары (VoIP) менен байланышкан тергөөлөрдү бир ыңтайга келтирүүдө жана өнөктөштүрүүдө негизги роль ойнойт" деп жарыялады. ... Евроюсттун бир ыңтайга келтирүү ролунун максаты - бул, ар кандай берилиштерди коргоо эрежелерин жана жарандык укуктарды эске алуу менен, интернет телефония системаларын тинтүүдөгү техникалык жана юридикалык тоскоолдуктарын жеңүү".

Кытай Элдик Республикасында кызматтын көрсөтүлүшү

2007-жылдын аяк оона айында, Skype программалык кардарын түшүрүп алуу аракеттерин жасаган Кытайлык колдонуучулар TOM Online, Кытайлык зымсыз оператор менен Skype биргелешип түзгөн компаниянын, программанын модификацияланган Кытайлык версиясын түшүрүп алуу мүмкүнчүлүгүн берген сайтына кайра даректелген. TOM кардары, Кытай ичиндеги Skype колдонуучулары бири бири менен алмашкан жана өлкөдөн тышкаркы колдонуучулар менен алмашкан текст кабарларды мониторлоочу, Кытайдын Интернетти Цензуралоо программасына катышат. Ошол убакытта Skype'тын Башкы аткаруучу директору болуп турган Niklas Zennström, репортёрлорго кийинкини айткан: "TOM'го ал базарда баары киргизген текст фильтири орнотулган. Токтом ушундай". Ошондой эле, ал "Бир нерсеге толугу менен ишенсеңер болот - ал нерселер башка колдонуучулардын бирөөсүнүн да жекелигине же коопсуздугуна коркунуч туудурбайт" деп айтты." 2008-жылдын тогуздун айында, болжол менен "Тибет", "Falun Gong", "Тайвань көзкарандысыздыгы", жана "Кытай Коммунисттик Партиясы" деген сөздөрдү өзүнө камтыган маектерге көңүл буруп, TOM, кээ бир Skype текст маектеринин мазмунун толугу менен өзүнүн серверлерине сактап келатканы жөнүндө айтылган. Сакталган кабарлар жиберүүчүлөрдүн жана кабыл алуучулардын инсандыгын аныктоого мүмкүнчүлүк берген маалыматты, ошондой эле, IP даректерди, колдонуучу аттарын, бекитилген телефон номерлерин, жана текст кабарларынын толук мазмуну менен ар бир жөнөтүлгөн кабардын убакытын жана датасын камтыйт. Кытайдан тышкары жайгашкан TOM-Skype колдонуучулары менен баарлашкан Skype колдонуучулары жөнүндө да маалымат сакталып турган. Сервер туура эмес конфигурациялангандан улам, бул лог файлдар коомчулук үчүн убактылуу жеткиликтүү болуп калган.

Кардарларды тейлөө

2012-жылдын бирдин айын алганда, Skype колдоону өзүнүн веб-порталы, колдоо жамааты, Twitter'де @skypesupport, жана Facebook'тагы Skype бети аркылуу көрсөтөт. Алардын веб-колдоо порталынан email жана чат аркылуу түз байланышуу мүмкүн. Чат аркылуу колдоо бул Skype Premium жана дагы башка акча төлөөчү колдонуучуларга жеткиликтүү премиум мүмкүнчүлүк.

2010-жылдын үчтүн айында, Skype, 180 күн жигерсиз болгон (акылуу чалуу аткарбаган) Skype эсептеринин балансындагы акчаларды алып коюу саясатынан баш тарткан. Бул топтук доодон (орусча: "групповой иск") кийин келип чыккан чечим. Топтук доого кошулгандарга 4 АКШ долларына чейинки суммадагы акча каражат төлөнгөн.

Skype'тын акча кайтаруу саясаты боюнча, эгерде кардар Skype Credit'инин 1 евродон азыраак каражатын колдонгон болсо, акча каражат толугу менен кайтарылат. "Сурам туура тапшырылган соң, Skype сизге акчаңызды, Өндүрүмдү колдонбогон күндөр үчүн пропорционалдык негизде кайтарып берет".

Skype'ты билим алуу/берүү максаттарында колдонуу

Skype коммерциялык өндүрүм болгону менен, анын акысыз версиясы дүйнөлүк билим берүү долбоорлоруна кызыккан мугалимдер жана мектептер арасында уламдан-улам көбүрөөк колдонулууда.

Бузулуп жана иштебей туруп калган учурлары

2007-жылдын баш оона айынын 16-да, Skype өзүнүн колдонуучуларынын көпчүлүгүнө жеткиликсиз болуп калган. Windows'тун стандарттык жаңылоо процедурасынан кийин миллиондогон колдонуучулар бир убакытта кирүү аракетин жасаган, ал peer-to-peer системасына ашыра күч келтирген. Бул көрүнүш болжол менен эки күнгө созулган.

2010-жылдын бештин айынын 22-де, Skype бузулууга кабылып, болжол менен 8 миллион аткарылбай калган чалуулардын себеби болгон. Skype администраторлору кийинки кабарды өздөрүнүн Twitter бетине жайгаштырган: "Кээ бирөөңөр Skype'ка кирүүдө кыйынчылыкка учурашыңыз мүмкүн -- биз бул суроону изилдеп жатабыз, жана маектериңер үзгүлтүккө учурап жаткан үчүн кечирим сурайбыз...инженерлер жана сайт операторлору баардыгы мурункудай түзүк иштөөсү үчүн үзгүлтүксүз иштеп жатышат". Көйгөй, Skype'тын кээ бир версияларына таасирин тийгизген, "супертүйүндөрдүн" убактылуу жеткиликтүү болбой калышынан келип чыккан. Ошол күнү кечирээк, Skype'тын Башкы аткаруучу кызматкери (CEO), Tony Bates, кечиримин публикациялаган. Ал, окуя олутуу түрдө каралганы жана толугу менен изилденип жаткандыгы жөнүндө айткан. Ал, көйгөйдүн себеби катары кара ниеттенгендер тарабынан коюлган чабуул каралышы четке кагылган эмес деп айтты, жана аткарылбай калган чалуулардын саны 10 миллиондун тегерегиндеги санды түзөт деп болжолдоду. 2010-жылы бештин айынын 23-дө, Tony Bates Skype'тын блогуна, YouTube'га жаздырылган видео түрүндө, Skype'тын иштебей калгандыгы үчүн дагы бир кечирим публикациялаган. Көйгөй Түндүк Америкада, Латын Америкада, Европада жана Азияда сакталып турган. Көйгөй 20:30-да жоголо баштаган; бирок, колдонуучуларга, программа кайрадан толугу менен ишке жарамдуу болушу үчүн бир нече саат керек болот деген эскертүү берилген. Бештин айынын 23-дө, саат 9:27 (UTC) колдонуучулардын көбү кайрадан кирүүгө мүмкүнчүлүк алган, бирок кээ бирөөлөр кире алган эмес деп айтылган. Бирок, бейшембиде, убакыт алкагына карата күтүлгөн трафиктин болгону үчтөн бири гана Skype'ты колдонгон. 2010-жылдын бештин айынын 23-дө, Skype өзүнүн блогунда система туруктууланганы жөнүндө жазган, жана инциденттин маңыздуу түшүндүрмөсү алты күндөн кийин жазылган. Bates Pay As You Go жана Pre-Pay кардарларына компенсация катары каалаган бекитилген номерге акысыз чалууну сунуш кылган. Жазылма кардарлар жазылуусу бир жумага узартылган.

Атаандаштары жана теңтайлашуучулары

Тез катташуу системалары

Skype башка тез катташуу тармактар (eng: Instant Messaging Networks) жана колдонмолор менен атаандашат. Көптөгөн тез катташуу колдонмолор жана башка VoIP телефония программалары кошумча функция катары видеоконференция мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

  • AOL Instant Messenger
  • Facetime (Mac)
  • Google Talk
  • Google Voice
  • ICQ
  • iChat
  • IBM Lotus Sametime
  • Oovoo
  • Tencent QQ
  • Yahoo! Messenger
  • Windows Live Messenger

VoIP жана телефония

  • Vonage
  • Google Voice
  • ooVoo
  • Ekiga (Linux жана Windows)
  • Grasshopper
  • Tango
  • Tinychat
  • Vbuzzer
  • Viber
  • VoxOx
  • MagicJack

Дагы окуганга

Колдонулган адабият

Тышкы шилтемелер