Snake (оюн)

Википедия дан
snake оюуну IBM PC

«Snake» – Кыргызчасы «жылан» деп которулат. Бул оюндун жаралыш тарыхы 1977-жылга барып такалат. Алгачкы нускасы Hustle оюн автоматына негизделип иштелип чыккан. 1979-жылы Ф.Сегер аттуу германиялык программист бул оюнду үй компьютерине, кийин микрокомпьютерге ылайыктап иштеп чыгат. Жылдардын өтүшү менен алгачкы нускасы жаӊыланып отуруп, 1997-жылы «Nokia» компаниясы тарабынан Nokia 6110 телефонуна жайгаштырылган. Аталган оюн телефондун микросхемасына орнотулган жалгыз оюн, андыктан аны өчүрүп салууга болбойт. Айрымдар «компания телефонун өткөрүү максатында ага аталган оюнду жайгаштырган» дешет. Бирок компания «телефондун өтүмдүүлүгүнөн бул оюн популярдуулукка жетти, бүгүнкү күндө да элдин көӊүл борборунда» деп баса белгилеп келет. Уюлдук телефондорго түстүү дисплей, геймплей, графиканын жаӊы түрлөрү орнотулуп жакшырышы менен «Snake» оюнунун жаӊы нускалары чыгып келет. Мына ушундан кийин гана компаниялар гана эмес, жеке программисттер коммерциялык максатта ар кандай жөнөкөй түзүлүштөгү оюндарды иштеп чыга башташкан.

Snake, Telmac 1800, 1978