The Doors

Википедия дан
The Doors

The Doors – 1960-жылдары музыкасы менен Американын маданиятына жана искусствосуна терең таасир тийгизген америкалык рок тобу. Топ 1965-жылы Лос-Анжелес шаарында түзүлгөн. Башкы вокалист Джим Моррисондун табышмактуу ырлары аны ошол мезгилдеги эң популярдуу жана карама-каршылыктуу топтордун катарына кошту. 1971-жыл убактылуу ыдырагандан кийин дагы топтун популярдуулугу басаңдаган жок. Жалпысынан, топ Америка Кошмо Штаттарында 32 500 500 альбом саткан. Топ дүйнө жүзү боюнча 100 миллиондон ашык альбом саткан. The Doors катары менен 8 алтын альбому бар биринчи америкалык топ болду. 1993-жылы топ Рок-н-Роллдун Даңк Холлуна кошулган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]