Айран
Көрүнүш
«Кефир» менен адаштырбаңыз.
Айран — сүттөн уютулуп жасалган кыргыздын эзелтеден келе жаткан тамагы. Бышырган жылуу сүттү уютуш үчүн ага уютку (айран) салып, идиштин бетин жаап, жылуулап ороп, жарым күндөй (аба-ырайынын шартына, абанын даражасына ылайык 6-8 саат) коюшат. Айран байыртадан көчмөн мал чарбачылыгы менен кесиптенген элдердин негизги тамагы болгон. Бул тууралуу жазма маалыматтарда да чагылдырылат. Андан сүзмө, ал эми сүзмөдөн курут жасалат. Айран сорпого кошулса - ак серке жана ала дөң, сууга кошулса - чалап, талкан кошулса аш айран деп аталары маалым. Түркияда жана Грецияда айран йогурт деп аталат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк.Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4