Мазмунга өтүү

Гастрит

Википедия дан
Хеликобактериялык гастрит менен ооруган оорулуунун карынынын былжырлуу оболочкасынын микросүрөтү

Гастрит (лат. gastritis, байыркы грек. γαστήρ (gaster)«карын») — карындын былжыр челинин сезгениши. Пайда болуу себептери ар түрдүү. Демейде ал абдан көп же бузулган азыктар, өткүр, өтө ысык же муздак тамак, алкоголь ичкиликтери карындын былжыр челин дайыма дүүлүктүрүүдөн пайда болот. Гастритке убагы менен тамактанбоо (5—6 саат тамактанбай жүрүү), нерв-психикалык чарчоо түрткү болот. Гастрит катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат.

Катуу кармаган түрүндө карындын (төштүн айбалкасынын) тушу ооруп, жүрөк айланат, кекирет, ооздон жаман даам сезилет жана башка бул сезим тамактангандан 2—3 сааттан кийин байкалып, ооздон кара суу келип, кускусу келет. Кусканда убактылуу жеңилдик болот, бирок жагымсыз сезим кала берет. Кусундуда сиңбеген тамак калдыктары, былжыр болот. Ал адегенде кычкыл, кийинчерээк ачуу өт даамданат. Оорулуунун тамакка табити тартпайт, алсыздана баштайт, баш ооруйт, эти ысыйт. Бир нече сааттан кийин ичи курулдайт да, өтүп кетүүсү мүмкүн.

Туура дарылануу жана тамактануу эрежелерин сактоодо бир нече күндө сакайып кетүүгө болот. Оору козгоочу микробдор менен булганган азык (көбүнчө балык, эт жана сүт азыктары, салаттар жана башка) менен тамактанганда катуу кармаган гастриттин белгилери айрыкча айкын билинет (Тамак-аштан уулануу). Мындай белгилер башка ооруларда, анын ичинде аппендицит, өт баштыгынын, уйку безинин сезгенишинде да байкалат. Ошондуктан катуу кармаган гастритте дароо врачка кайрылыш керек.

Врач көргөнгө чейин жылыткыч коюуга, клизма жасоого, дары ичүүгө болбойт. Оорулууну төшөккө жаткырып, жылуу суюктук (суу, чай) берүү зарыл. Катуу кармаган гастритти дарылоо врач сунуш кылган диетаны так кармаганда гана натыйжалуу болот.

Демейде катуу кармаган гастриттин белгилери басаңдаганда жылуу суюк тамак — таттуу чай, ар кандай сорпо, кисель, айран, кийинчерээк суюк ботко, картошка пюреси, бууга бышырылган котлет, чала бышкан жумуртка, барабара жашылча-жемиштер, быштак, кайнатып бышырылган эт, балык жана башка берилет. Бардык сунуштар туура аткарылса, бир жарым-эки жумада оорулуунун абалы оңоло баштайт.

Өнөкөт гастрит дайыма тамактануунун тартибин бузуу: иретсиз жана ашыкча тамактануу, өткүр, абдан ысык тамакты шашып ичүү, чала чайноо, тамак ичип жатканда сүйлөө же окуу тамак сиңирүүчү маңыздын бөлүнүшүн начарлатат, өнөкөт гастрит пайда болот.

Алкоголь ичимдиктерин көп ичүү карындын былжыр челин дүүлүктүрүп, өнөкөт гастритке алып келет. Тамеки чегүү да көп учурда гастриттин себеби болот. Өнөкөт гастритке дарыны өз алдынча врачка кеңешпей ичүү (айрыкча аспиринди, бутадион жана башка оору басаңдатуучу жана дене температурасын төмөндөтүүчү каражаттарды), тиштин жоктугу же анын чириши, бадам сымал бездин оорусу да түрткү берет. Өт баштыгынын, боордун, уйку безинин оорулары гастритти улаартат.

Өнөкөт гастриттин белгилери ар түрдүү болот. Демейде төштүн айбалкасы (карындын тушу) ооруйт, ичке бир нерсе толуп, барсайып калгандай сезилет, кекиртет, зарна болот, ичи катат же өтөт. Өнөкөт гастрит менен ооругандар такай врачтын көзөмөлүн жана дарылоосун талап кылат. Дарыланууда врач сунуш кылган диетанын мааниси чоң. Ошону менен бирге физиотерапиялык процедуралар, дары-дармек, санаторий курортто дарылануу сунуш кылынат.

Гастритти алдын алууда туура тамактануу, тамакты ар дайым бир маалда ичүү, азыкты туура сактоо, бышыруу, эски, өтө ысык тамакты ичпөө, ачуу татымалдарды аз колдонуу, оорусун өз убагында дарылоо, ичкилик ичпөө жана тамакты ашык жебөө маанилүү. Ошондой эле тамактануу тартибин сактоо жана сапаттуу, күнүнө 4 жолу түрдүүлөп тамактануу керек. Катуу кармаган жана өнөкөт ооруларды өз убагында дарылоо зарыл.

Заманбап диагностикалык методдор тез жана ден соолугуна жана каржы боюнча минималдуу чыгымдар менен айыктырууга болот алгачкы стадиясында ооруну аныктоого мүмкүндүк берет. Бардык эмне керек - үзгүлтүксүз EGD өтүү.[1]

  1. Үстүртөн гастрит дарылоо.


Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8