Гностицизм
Гностицизм (грек. gnosis – таанып билүүчү, тааным) – кийинки антика жана орто кылымдагы диний-философиялык агымдын биринчи этабы, ага манихейчилик, орто кылымдык дуалисттик Ерес кирген.
Ал биздин замананын 1-кылымында жакынкы Чыгышта (Сирия же Самарин) же Александрияда пайда болгон. 2-кылымда христианчылыктын башкы атандашы болгон. Христианчылыктын чыгыш ишенимдерин (иудаизм, зороястризм, Вавилондук жана египеттик диндер), грек философиясында жалпылап, синтез кылууга аракеттенген.
Гностицизмдин ичинде негизги үч агымды бөлүүгө болот:
- христианчылык Гностицизм; (1–3-к.);
- Көп кудайга сыйынуу Гностицизми;
- Мандеизм (2–3-к.).
Негизинен Гностицизмге бирдиктүү башталыш концепциясы мүнөздүү ошону менен бирге дуалисттик элементтер кездешет. Гностикалык окууда адам борбордук орунду ээлеген. Жалпысынан Гностикалык окуу кул ээлөөчүлүк формациянын кризисинин бир көрүнүшү жана жаңы көз караштын жаңы синтезин табуу аракети катары каралат.
Дагы кара
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8