Дүйнөлүк такталган убакыт
Бүткүл дүйнөлүк айкалыштырылган убакыт (англ. Coordinated Universal Time, фр. Temps Universel Coordonné; UTC) — сааттарды жана убакытты жөнгө салуу үчүн атайын стандарт. Атомдук убакыттан бүтүн секундга жана дүйнөлүк UT1 убактысынан бөлчөк секундга айырмаланат.
UTC аббревиатурасынын (кыскартылган сөздүн чечмелениши) так чечмелениши жок. 1970-жылы кыскартуу түзүү талап кылынганда, Эл аралык элетрдик байланыш кеңеши англисче CUT = Coordinated Universal Time же французча TUC = Temps Universel Coordonné бул ролго туура келбейт деп эсептеп, нейтралдуу вариант кылып, UTC деп атаган.
UTC системасы эскирген Гринвич ортоктук убакыттын (GMT) ордуна киргизилген. Себеби, GMTнин убакыт шкаласы (көрсөткүчү) Жердин суткалык айлануусуна гана негизделген болчу. Ал эми UTC шкаласы атомдук убакыттын (TAI) шкаласына негизделип, элдин колдонуусуна ыңгайлуу болгон.
UTC менен UT1 ортосундагы айырмачылык 0,9 секунддан ашык эмес, эгерде жогорку тактык керектелбесе, кеңири түшүнүк болгон — дүйнөлүк убакыт (UT) колдонулса боло берет. Азыркы кезде, айрыкча бөлчөктүк секунлд убактысы кереги жок кезде Гринвич боюнча ортоктук убакытты (GMT) UTCтин же UT1дин ордуна алып карасак болот. Эгерде UTC менен UT1 убактыларынын ортосунда олуттуу айырма болсо, Гринвич убактысын колдонушпайт.
Жер шарындагы убакыт аралыктары UTCтан оң жана терс жылуу боюнча көрсөтүлөт.
UTC убактысын кышында да, жайында да которулбаарын эске алып коюшубуз керек.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Current UTC Time
- BIPM UTC/TAI Сервер Времени
- Date and Time Formats (англ.). W3C (27 August 1998). — Reuters кызматынын макаласы, Limited убакыттын форматтары тууралуу.. Түп булактан архивделген күнү 23 -август (баш оона) 2011.
- G. Klyne, C. Newman. RFC 3339. Date and Time on the Internet: Timestamps (англ.). IETF (July 2002). — сунушталган стандарт RFC 3339. Текшерилген күнү 31-октябрь 2007. Түп булактан архивделген күнү 23 -август (баш оона) 2011.
Бүткүл дүйнөлүк айкалыштырылган убакыт (UTC) боюнча алкактар | |
---|---|
−12 | −11 | −10 | −9:30 | −9 | −8:30 | −8 | −7 | −6 | −5 | −4:30 | −4 | −3:30 | −3 | −2:30 | −2 | −1 | −0:44 | −00:25:21 | UTC (0) | +0:20 | +0:30 | +1 | +2 | +3 | +3:30 | +4 | +4:30 | +4:51 | +5 | +5:30 | +5:40 | +5:45 | +6 | +6:30 | +7 | +7:20 | +7:30 | +8 | +8:30 | +8:45 | +9 | +9:30 | +10 | +10:30 | +11 | +11:30 | +12 | +12:45 | +13 | +13:45 | +14 | |
Түндүк жана түштүк жарым шарларындагы кээ бир өлкөлөрдө (DST) жайкы убактысын колдонушат. Жантык текст менен жазылган убакыт алкактары азыр колдонулбаган алкактар. |