Италяндар
Италяндар - (өздөрүн италиандар деп аташат) – улут, Италиянын негизги калкы. Жалпы саны 68,5 млн, анын ичинде Италияда 54,9 млн киши (2007). Европа (Францияда 1,5 млн, Германияда 0,8 млн, Швейцарияда 408 миң, Бельгияда 0,2 млн, Улуу Британияда 0,2 млн киши), Америка (АКШда 17 млн, Аргентинада 1,9 млн, Канадада 1,4 млн, Бразилияда 0,5 млн, Венесуэлада 0,4 млн, Уругвайда 100 миң киши), Австралияда (800,3 миң), Океания (300 миңдей), Африка (100 миң киши) жана Азияда (10 миңдей киши) жашашат. Алар венециялыктар, лигуриялыктар, калабриялыктар, ломбардиялыктар, пьемонттуктар, сицилиялыктар, сардиниялыктар ж. б. субэтностук топторго бөлүнөт. Роман тобундагы италян тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү христиан дининин католик тармагын тутушат. Италяндардын этностук негизин биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Апеннин жарым аралында жашаган байыркы италик уруулары түзгөн. Алардын бири латындар Лаций аймагын мекендеп, Римди негиздешкен. Биздин заманга чейинки 6–2-кылымдарда Апеннин жарым аралынын түндүгүндө этруск, лигур, венет, кельт урууларын, ал эми Корсика жана Сицилия аралынын түштүгүндө грек, карфагендиктерди жана сикулдарды караткан. Жарым аралдын калкы биздин замандын 1–2-кылымдаында элдик латын тилинде сүйлөгөн. Италян урууларынын тилдери жергиликтүү диалектилердин түзүлүшүнө негиз болуп, кийин ал диалектилер италян тилинин диалектилеринин калыптанышына таасир эткен. Биздин замандын алгачкы кылымдарында Апеннин жарым аралынын романдашкан эли ар түрдүү кулдар, 5-кылымда герман уруулары (вестготтор, остготтор, лангобарддар), 6–11-кылымдарда византиялыктар, арабдар, франктар, венгрлер, норманндар менен аралашып, италян эли, тили түзүлгөн. Бирок атайын тили латын адабий тили бойдон кала берген. Италян улутунун түзүлүшүнө адегенде латын тили, капиталисттик мамилелердин пайда болушу, Кайра жаралуу маданияты жана 13–14-кылымдарда тоскана диалектиси маанилүү роль ойногон. Италяндар 19-кылымдын 2-жарымында улут болуп калыптанган. Италяндардын негизги кесиби дыйканчылык, жүзүмчүлүк, бакчачылык жана мал чарбачылык. Италяндар байыркы мезгилде тегерек сымал курулган (трулли), кийин дубалы таш жана кыштан тургузулган, эки же үч кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты тиричиликке ылайыкташтырылган. Улуттук кийимдери аялдары кенен, узун тигилген белдемчи, кыска жеңдүү кофта, алжапкыч (корсаж) кийип, жакетта жана жубеттону желбегей жамынып, башына жоолук салынат. Эркектер кыска ыштан (шалбар), саймаланган жеңдүү көйнөк, кыска куртка, башына калпак киет. Тамак-ашы негизинен жер-жемиштер жана жашылча, ун, сүт, эт, балык азыктарынан даярдалат. Италия карнавал өлкөсү болгондуктан, италяндар маскарад кийимин кийишип, бардык майрамдарды шаңдуу майрамдашат. Элдик бийи тарантелла, сальтарелло, ломбарда жана бергамасканын ичинде дүйнөлүк музыкалык маданият менен көркөм сүрөт өнөрүнө зор салым кошкон.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5