Кара канаттуу ачачулдук
Кара канаттуу ачачулдук (Glareola nordmanni), (J.G. Fischer, 1842):
Жалпы жана өлкөдө таралышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Евразияда төмөнкү Дунай өрөөнүнөн чыгышты көздөй жогорку Обдун өрөөнүнө чейин. Түндүккө карай Полтава областына жана Воронеж областынын түштүк бөлүгүнө чейин, Волга жана Урал дарыяларынын ортосу 55-параллелге чейин, Костанай районуна, Чаны көлүнө, Каменң-на-Обиге чейин. Түштүк тараптан Кара деңиздин түндүк жээгине, Чоң Кавказдын түндүк тоо этектерине, Устюрттун түндүгүнө, Арал деңизи жакта 45- параллелге чейин, Сырдарыя өрөөнү боюнча жогору карай Казалинскке, Тургайдын төмөн жагына чейин, Сарысу жана Зайсан ойдуңдары. Учуп өтүүдө Казакстандын бардык жеринде кездешет . Кыргыз Республикасында учуп өтүүдө өрөөндүү жерлерде учурайт .
Жашаган аймактары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Суу жана суунун жанындагы мейкиндикттерди артыксынтат.
Саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саны боюнча системдүү маалымат жок.
Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Учуп өтүүчү түр. Көбүнчө курт-кумурскалар менен азыктанат.
Чектөөчү факторлор
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жашоого ыңгайлуу аймактарга тийгизген антропогендик таасир: жер иштетүү, мал жаюу, атып өлтүрүү. Жакалуу ачачулдук менен конкуренттүү карым-катнашта турушу мүмкүн.
Көбөйтүү (колдо багуу)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Республикасында колдо багылбайт.
Уюштурулган коргоо аракеттери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Республикада атайын коргоо чаралары жок. Түр I UCNдин Кызыл китебинин 8-категориясына Data Deficient киргизилген.
Коргоо үчүн зарыл аракеттер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кичи заказниктерди түзүү аркылуу эс алуу жана уялоо жерлерине адамдын иш-аракетинин тийгизген таасирин чектөө. Мындай аймактарды жана караканаттуу ачачулдуктун республикада болуу мүнөзүн аныктоо.
Статусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]VIII категория. Data Deficient, DD. Кыргыз Республикасынын фаунасында уруунун эки түрүнүн бири. Монотиптүү түр.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Республикасынын Кызыл китеби 2-басылышы – Бишкек: 2006. – 544 б. – ISBN 9967-23-367-2