Касымалы Жантөшев
Жантөш уулу Касымалы | |
Туулган датасы: | |
---|---|
Туулган жери: |
Тепке айылы, Ак-Суу району, Кыргызстан |
Өлгөн датасы: |
13 -август 1968 (63 жаш) |
Өлгөн жери: |
Фрунзе шаары |
Ишмердүүлүгү: |
Касымалы Жантөшев (1904-1968) ― XX кылымдагы кыргыз элинин чыгаан романчысы, жазуучу, драматург, театр режиссеру жана артист, эл жазуучусу. Ал «Каныбек» романы менен атактуу.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Касымалы Жантөшев 15 аяк оона 1904-жылы азыркы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Тепке айылында туулган[1]. Алгачкы билим алуу жылдары 1918-1924-жылдар аралыгында айылдык мектепте өтүп, кийин 1926-жылы Асанкул Куттубаев, Ашыралы Боталиев жана башка көркөм өнөр чеберлери менен бирге Кыргыз музыкалуу-драма студиясында билим алган. 1930-жылы Фрунзедеги педагогикалык техникумду аяктаган соң, эмгек жолун Кыргыз музыкалуу-драма студиясынын артисти катары баштап, кийин Кыргыз мамлекеттик педагогикалык техникумунда окутуучу болуп иштеген.
1931-1933-жылдар аралыгында Кыргыз АССРинин Эл агартуу комитетинде усулчу, райондук башчысы болуп кызмат кылган. 1934-1948-жылдарда Кыргыз мамлекеттик драма театрында актер, режиссер жана режиссер-коюучу болуп иштеген. Андан соң 1948-1949-жылдары Кыргызмамбаста редактор, ал эми 1949-1951-жылдары Кыргыз ССРинин Наркоматында жетекчиси болуп иштеген. 1964-1968-жылдарда Кыргыз ССРинин маданият министрлигиндеги репертуардык-редакциялык коллегиянын башкы редактору кызматын аркалаган.
Касымалыдын чыгармачылык жолу мектепти аяктаган учурда башталып, 1922-жылы «Койчу» деген биринчи сахналык чыгармасын жазган[2]. «Койчулар» сыяктуу бир актылуу сахналык чыгармаларды жазуу менен белгилүү болгон. Кыргыз музыкалуу-драма студиясында окуп жүргөндө «Карачач», «Алым менен Мария» жана «Анчар менен Ак бугу» аттуу сахналык чыгармаларын жараткан. 1938-жылы анын «Эки жаш» аттуу повести жарык көргөн. 1939-1941-жылдарда «Каныбек» романынын биринчи эки тому, 1942-жылы элдик эпоско негизделген «Курманбек» баатырдык драмасы, советтик партизандардын эрдигин чагылдырган «Өч» драмасы жарык көргөн. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Касымалы Токтогул Сатылгановго арнап «Элдик ырчы» сахналык чыгармасын жазган.
Анын «Каныбек» романы жана «Курманбек» драмасы кыргыз улуттук маданиятынын алтын фондусуна кирген чыгармалардын катарында турат[3]. Ошондой эле Касымалыдын чыгармачылыгынын жемиши катары «Хан-Теңирлик чабан» (1963) романы, «Тилек» (1949), «Жалындуу жаштар» (1951) повесттери, көптөгөн аңгемелер жана балдарга арналган жомоктору таанымал. 1957-жылы ал элдик оозеки чыгармачылыкка негизделген «Мендирман» аттуу ырын өзүнчө китеп кылып чыгарган. Анын чыгармалары орус тилине да которулган.
Котормочулук жаатында да ал бир катар эмгектерди жасаган, анын ичинде А.Н.Островскийдин «Бесприданница» (кыргызча «Сепсиз кыз») пьесасын жана анын «Как закалялась сталь» («Болот кантип курчуду») романын кыргызчага которгон. Кинодраматургия боюнча Касымалы «Тянь-Шандык кыз» фильминин сценарийин жазып, «Каныбек» романы Кыргызфильм киностудиясы тарабынан экрандаштырылган.
1934-жылдан баштап ал СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Сыйлыктары жана Наамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Касымалы 1946-жылы Кыргыз ССРинин өнөрүнө эмгек сиңирген ишмер наамын алган. 1968-жылы ал Кыргыз Эл жазуучусу деген ардактуу наамга ээ болгон. Жазуучу эки жолу «Ардак белгиси» ордени, «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн» медалы, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган.
Касымалы Жантөшевдин ысмы Ысык-Көл облустук драма театрына[4], мектептерге, китепканаларга жана республиканын бир катар шаарларынын көчөлөрүнө жана айылдарына берилген.
Жарыяланган эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Эки жаш: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1938. - 103 б.
- Каныбек: Роман: 1-китеп. - Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 275 б.
- Каныбек: Роман: 2-китеп. - Ф.: Кыргызмамбас, 1941. - 153 б.
- Адыл мерген: Поэма. - Ф. - Казань: - Кыргызмамбас, 1941. - 96 б.
- Чолпонбай: Аңгеме. - Ф.: Кыргызмамбас, 1943. - 44 б.
- Каныбек: Роман: 3-китеп. - Ф.: Кыргызмамбас, 1948. - 239 б.
- Тилек: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1949. - 136 б.
- Жалындуу жаштар: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1951. - 350 б.
- Ашуу ашкан суу. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1955. - 300 б.
- Эки жаш: Повесть, аңгеме жана очерктер. - Ф.: Кыргызмамбас, 1955. - 211 б.
- Мендирман: Эл жомокторунун негизинде жазылган поэма: 1938-1955. - Ф.: Кыргызмамбас, 1957. - 139 б.
- Биздин жомоктор. - Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. - 171 б.
- Хан-Теңирлик чабан: Роман. - Ф.: Кыргызмамбас, 1963. - 340 б.
- Биздин секретарь: Повесть. - Ф.: Мектеп, 1964. - 306 б.
- Пьесалар. - Ф.: Кыргызстан, 1964. - 284 б.
- Менин тагдырым: Повесттер. - Ф.: Кыргызстан, 1967. - 208 б.
- Чолпонбай: Аңгеме. - Ф.: Мектеп, 1970. - 51 б..
- Тандалган чыгармалар. - Ф.: Кыргызстан, 1972.
- Чолпонбай: Аңгеме. - Ф.: Кыргызстан, 1974. - 32 б.
- Эки жаш: Прозалар. - Ф.: Мектеп, 1974. - 326 б.
- Курманбек: Пьесалар, повесттер. - Ф.: Мектеп, 1979. - 224 б.
- Адыл мерген менен Эдил мерген: Жомок. - Ф.: Мектеп, 1982. - 25 б.
- Акылман бала: Жомоктор жана легенда. - Ф.: Мектеп, 1983. - 47 б.
- Жалындуу жаштар: Повесть. - Ф.: Кыргызстан, 1983. - 298 б.
- Акылман бала: Жомок, легенда. Б.: Кыргызстан, 1995. - 56 б.
Орус тилинде
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Герой Курманбек. - М. - Л.: Искусство, 1944. - 136 с.
- Кар жукпас: Роман. - Ф.: Киргизгосиздат, 1956. - 280 с.
- Каныбек: Роман: кн. 1. - Ф.: Киргизгосиздат, 1958. - 401 с.
- Каныбек: Роман. - М.: Мол. гвардия, 1958. - 319 с.
- Каныбек: Роман: кн. 1 - 2. - Ф.: Киргизгосиздат, 1961. - 948 с.
- Каныбек: Роман: кн. 1 - 2. - Ф.: Киргизгосиздат, 1962. - 952 с.
- Каныбек: Роман в 2-х т. - Ф.: Кыргызстан, 1980.
- кн. 1. - 412 с.
- кн. 2. - 504 с.
- Охотники Адыл и Эдил: Сказка. - Ф.: Мектеп, 1983. - 24 с.
Котормолору
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Лермонтов М. Ырчы Кериб: Түрк элинин жомогу. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1938. - 16 б.
- Андерсен Г.X. Кебетесиз балапан: Жомок. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1938. - 28 б.
- Будогорская И. Фонарь жөнүндө повесть. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1938. - 92 б.
- Андерсен Г. X. Дюймовочка. - Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 24 б.
- Будогорская И. Фонарь жөнүндө повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1939. - 93 б.
- Островский Н. А. Болот кантип курчуду. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1940.-551 б.
- Смирнов Е. Даңктуу пионер Гена Шукин. - Ф. - Казань: Кыргызмамбас, 1940. - 62 б.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Райондон чыккан чыгаан инсандар. Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясы.
- ↑ Касымалы Жантөшев — өмүр баяны, Sputnik Кыргызста (27.10.2016).
- ↑ Касымалы Джантошев. Золотой фонд киргизской национальной культуры, limon.kg (24.09.2015).
- ↑ Касымалы Жантөшев атындагы ысык-көл облустук музыкалык драма театры.