Нельсон Мандела

Википедия дан
Нельсон Мандела
ТАРдын президенти.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Нельсон Ролилахла Мандела
Туулган жылы: 18.7.1918
Туулган жери: Түштүк Африка союзу, Умтата
Өлкө: ТАРдын желеги Түштүк Африка республикасы
Партиясы: “Африка улуттук конгресси”
Ишмердүүлүгү: ТАРдын президенти
Атасы: Гадла Генри Мандела
Энеси: Нонгапи Носекени
Аялдары:
1.Эвелин
2. Винни
3. Граса
Балдары: 2 уулу, 4 кызы бар
кол тамгасы: Nelson Mandela Signature.svg

Нельсон Ролилахла Мандела 1918-жылы 18-июлда Умтатага жакын жерде жарык дүйнөгө келген. Түштүк Африка Республикасынын сегизинчи жана тунгуч кара терилүү президенти. Анын президенттик ишмердүүлүгү 1994-жылдын 10-майынан 1999-жылдын 14-июнуна чейинки аралыка туура келет. Апартеид кезинде адам укуктары үчүн күрөшкөндөрдүн эң белгилүүсү. Саясий туткун катары 27 жыл 6 ай 6 күн абакта отуруп чыккан. 1993-жылы Нобель сыйлыгын алган. Нельсон Мандела ТАРда Мадиба деген ат менен да белгилүү.

Өмүр жолунун башталышы жана жаштыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нельсон Мандела 1918 жылдын18 июлунда Умтатадан анча алыс эмес Мфезо айылында төрөлгөн. Анын үй-бүлөсүнүн теги Тембу династиясынын жетектегендердин урпактары болуп саналат. Анын бабаларынын бири (1832-жылы өлгөн) тембунун башкаруучусу болгон. Анын Мандела аттуу баласы Нельсондун чоң атасы болгон (фамилиясы ошондон келип чыккан).

Нельсон Мандела 1937-жылы[1].

Нельсондун атасы, Гадла Генри Мандела Мфезо айылынын башкаруучусу болгон. Анын атасынын 4 аялы болуп, алардан 13 баласы (4 уул, 9 кыз) болгон.[2]. Мандела анын Нонгапи Носекени аттуу үчүнчү аялынан төрөлгөн [3][4] жана апасын Холилала деп аташкан. Холилала Мандела үй-бүлөдөн мектепке баргандардын алгачкысы болгон.

Мандела 9 жашында атасы кургак учуктан көз жумган. Жашынан эле анча алыс эмес жерде жайгашкан бащталгыч мектептен билим алган. 16 жашында ал тембунун салты боюнча өткөрүлүүчү демилгелөө иш чарасына катышкан. Анын натыйжасында Кларкбери институт-интернатынан билим алып, 2 жылдын аралыгында башталгыч орто билим тууралуу сертификатка ээ болгон(англ. Junior Certificate)[5]. Он тогуз жашында бокска жана чуркоого кызыга баштаган[3].

Чыгармалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Манделланын сөздөрү жана китептер:

Книги о Нельсоне Манделе:

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Mandela 1996, pp. 16, 17
  2. Цитатанын катасы: Invalid <ref> tag; no text was provided for refs named GreatSouls
  3. 3.0 3.1 Mandela, Nelson (2006). Mandela: The Authorized Portrait. Kansas City, Mo.: Andrews McMeel Pub. p. 13. ISBN 0-7407-5572-2. Archived from the original on 2012-01-06. Retrieved 26 May 2008. 
  4. Nelson Mandela - Biography. Текшерилген күнү 10 -июнь (кулжа) 2014. Түп булактан архивделген күнү 6 -июнь (кулжа) 2014.
  5. Mandela celebrates 90th birthday, BBC (17 July 2008). Архивировано из первоисточника 11 -февраль (бирдин айы) 2010. Текшерилген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2011.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кто есть кто в мировой политике / Редкол.: Л. П. Кравченко (отв. ред.) и др. — М.: Политиздат, 1990. ISBN 5-250-00513-6

Ссылки[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Библиомаалымат

Калып:Нельсон Мандела

Калып:ТАР президенттери