Республика (партия)
Республика | |
Партиянын логотиби | |
Төрөгасы | |
---|---|
Негиздеген | |
Негизделген датасы | |
Жоюлган датасы |
2014 (Де-факто) |
Өлкө | |
Башкы кеңсеси |
Бишкек |
Идеологиясы |
либерализм, парламентаризм |
Сайты | |
Хронологиясы | |
«Республика» — Кыргызстандагы либералдык саясий партиясы.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Партия 2007-ж. 5-июнда түзүлгөн. 2010-ж. анын кезексиз съездинде жаңы лидери - Ө.Т. Бабанов шайланган, ошол эле жылдын 30-июнунда Ө.Бабанов Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо «Респулика» партиянын катышуусу тууралуу расмий билдирүү жасаган.2010-ж. 10-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан 29 саясий партиянын ичинен төртүнчү орунду ээлеген бул партия 210 594 добуш менен, (6,93%) Жогорку кеңештен 23 депутаттык орунду «Респулика» партиясы алган. Өмүрбек Бабанов тарабынан 2010-жылдан 2014-жылга чейин партияны жетектеген. 2010-жылдын парламенттик шайлоо кампаниясы учурунда, «Республика» партиясы депутаттардын санын 120дан 75 чейин азайтуу демилгесин көтөргөн[1]. 2011-ж. декабрынан 2012-ж. августуна чейин партия лидери Ө.Бабанов өлкөнүн премьер-министри болуп, У.Ташбаевге окшогон Максим Бакиевдин досторун жогорку кызматтарга койгону менен коомчулуктун эсинде калган. 2014-жылы Ата-Журт партиясы менен биргеликте Республика-Ата-Журт блогунун курамына кирген[2]. Бирок бул блок 2020-жылы жоюулуп, партиялар өз алдынча иш алып барууга өтүшкөн.
2020-жылдын парламенттик шайлоо учурунда «Республика» партиясы 5,89% гана добуш алып, бир да мандатка ээ боло алган эмес (Нааразылык акцияларынан кийин бул шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган). Натыйжада «Республика» партиясы Кыргызстандын оппозиция түзгөн координациялык кеңешине кирген (де-факто 5 күндөн кийин кеңеш чачыраган).
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8
Кыргызстандын саясий партиялары | |
---|---|
Парламенттеги партиялар |
«Ата-Журт Кыргызстан» • «Ишеним» • «Ынтымак» • «Альянс» • «Бүтүн Кыргызстан» • «Ыйман Нуру» |
Активдүү саясий партиялар |
«Мекенчил» • «Республика» • «Ыйман Нуру» • «Чоң Казат» • «Замандаш» • «КСДП» • «Реформа» • «Мекен Ынтымагы» • «Ордо» • «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы» • «Биримдик» • «Мекеним Кыргызстан» • «Бүтүн Кыргызстан» |
Ишмердилүүгүн токтоткон жана ишмердилүүгүнө тыюу салынган партиялар |
Хизб ут-Тахрир аль-Ислам (тыюу салынган) • Кыргыз ССР Коммунистик партиясы • Республика-Ата Журт |