Сулу
Сулу (лат. Avena L. 1753) – дандуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Сулунун 70тей түрү бар. Бир жана көп жылдык болуп бөлүнөт. Тарам тамырлуу, кыпча жалбырактуу, шыпыргы гүлдүү. Даны кылкандуу. Анын эгилме, Византия, бүртүктүү же кылкандуу түрү Евразияда , Австралияда кездешет. Эгилме сулу – жаздык же күздүк өсүмдүк. Тамыры жерге 120 смге кирет. Машагында 1-3, кээ бир түрүндө 2-7 гүлү бар. Вегетация мезгили 80-110 күн. Жылуулукту көп керектебей нымдуу жерде жакшы өсөт. Сулу – негизги тоют өсүмдүгү. Данында 9-19,5 % белок, 21-55 % крахмал, 7-24 % клетчатка, 2,9–5,7 % күл, 2-11 % май жана витаминдер бар. Андан акшак, ун жана башка жасалат, саманы, чөбү жана - силосу малга берилет. Мыкты сорттору: Львов 1026, Орёл, Надежный жана башка. Негизги зыянкечтери – кыл курттар, швед чымыны; илдеттери – дат, кара көсөө.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4