Тавр, Торос

Википедия дан
Тавр.

Тавр, Торос (грекче tauros – тоо) – Туркиянын түштүгүндөгү тоо. Жер Ортолук деңизин бойлой, Эгей деңизинен Евфрат дарыясынын башатына чейин 1000 кмге созулат. Суу нуктары менен тилмеленген токойлуу тоолор тоому. Орточо бийиктиги 3000 м; эң бийик жери 3477 м (Метдесис чокусу). Түштүгүндөгү ири дарыялары (Сейхан, Жейхан ж. б) Жер Ортолук деңизине куят. Түндүгү нымга жарды келип, бир нече туздуу көл жайгашкан. Түндүк капталында жарым чөл жана талаа өсүмдүктөрү, түштүгүндө Жер Ортолук деңиз жээгине мүнөздүү бадал, токой, шалбаа өсөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]