Тарбагатай
Көрүнүш
«Тарбагатай кырка тоосу» менен адаштырбаңыз.
Тарбагатай (же Чугучак) аймак -- Кытай Эл Республикасынын Түндүк Шинжаң районунда жайгашкан. Анын аянты 98,824 км2 (38,156 чарчы миль) жана калкы 935,600 (2017). Иле Казак автоном облусунун курамына кирет.
Манас дастанында
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Манас дастанында Манас Алтайдан Ала-Тоого көчөрдө жыйын куруп "Тарбагатай, Ара-Тоо, Эдил суунун боюна"[1] элди баштап баруу жөнүндөгү оюн айтат. Нескара менен болгон уруштан кийин Манас маңгулдарга жоо келсе кабарлашып кыргыз эли менен бирге мекендеген жериңер "Тарабагатай", Кыңгырдан, Алтыбайдын Тармал-Саз" [2] болсун деп Эсенкандын баскынчылыгына каршы күрөшүү үчүн даяр турууга чакырат[3].
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ (Орозбак уулу Сагымбай, 2. 152)
- ↑ (Орозбак уулу Сагымбай, 1. 211)
- ↑ * "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN 5-89750-013-4
|